00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Республикалык архив кызматындагы абал жана эл аралык документтерди алуу мүмкүнчүлүгү
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как новая система господдержки изменит кино в Кыргызстане
12:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Айтматов атындагы орус драма театрынын 2025-жылдагы ийгиликтери жана жаңы спектаклдер
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын тышкы саясаты. Өлкө бир жылда эмнеге жетишти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте беш өлкөнүн президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити
Бишкекте беш өлкөнүн президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2026
Жазылуу
Кыргызстандын 2025-жылы эл аралык аренада позициясынын кыйла бекемделиши өз багытын туура тандап, тийиштүү нугунда кетип бара жатканынын белгиси дейт Sputnik колумнисти.
Өлкөнүн акыркы эки жылдагы тышкы саясаты эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу багытта да абдан динамикалуу болуп, эл аралык мамилелердин заманбап системасындагы регионалдык жана эл аралык процесстердин активдүү катышуучусу экенин айгинеледи. 2025-жыл тышкы саясаттын тарыхында республиканын эл аралык саясий аброюнун өскөн мезгили жана ар тараптуу кызматташуудагы кадыр-баркы тынбай көтөрүлгөн учуру катары каларын ишенимдүү айтсак болгудай.
Тышкы саясат адатта бир катар талаш маселелердин жыйындысына байланыштуу болгондуктан, анын жыйынтыгын бир макалага сыйдыруу мүмкүн эмес. Ошентсе да Кыргызстандын регионалдык жана эл аралык масштабдагы саясий окуялардан сыртта калбай активдүү болушу — кургак факты эмес, республиканын келечегин аныктаган өнүгүүнүн жаңы багыттарынын декларациясы.

Аймактын туруктуулугу менен өнүгүүсү

Борбор Азиянын алдыны көздөй жылышы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, саясий жана маданий алаканын күчтөнүшү менен байланыштуу болуп келген. Эгемендикке ээ болгон узак убакыттан бери эки жана көп тараптуу деңгээлдеги айрым маселелер чечилбей турганы жашыруун эмес. Региондогу жылыш Өзбекстандын 2017-жылы аймактык саясатын өзгөрткөндөн кийин жана 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесине чекит коюлгандан кийин башталды. Андан соң үч мамлекет — Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек аралардын чектешкен жери тууралуу тарыхый келишимге кол коюп, канчадан бери беймаза кылып келген Фергана өрөөнүндөгү абал биротоло турукташты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиеев үч мамлекеттин чектешкен жери тууралуу келишимге жана түбөлүк достук тууралуу Кожент декларациясына кол коюшту
Трехсторонний саммит лидеров Кыргызстана, Узбекистана и Таджикистана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2026
Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиеев үч мамлекеттин чектешкен жери тууралуу келишимге жана түбөлүк достук тууралуу Кожент декларациясына кол коюшту
Борбор Азиянын регионалдашуу процесстери жана анын эл аралык мамиле тутумундагы субъекттүүлүгүнүн түзүлүшү узаган жылдын маанилүү тенденцияларынын бири болуп калды. 2026-жылы да бул багыт бекемделет деген ишеним бар. Азырынча региондун саясий өңүттөн биригүүсү тууралуу сөз жок, деген менен БА мамлекеттеринин эл аралык соода-экономикалык, транспорт жана энергетикалык долбоорлорго терең интеграцияланып жатканы анык.
Аймактын Түндүк — Түштүк, Чыгыш — Батыш сыяктуу эл аралык транспорттук коридорлордо, мультимодалдык транспорттук долбоорлордо байланыштыруучу звено катары ролу барган сайын жогорулоодо. Борбор Азиянын эл аралык мамиленин субъектиси катары маани-маңызынын артышында мамлекет жетекчилеринин консультативдик жолугушуулары чоң роль ойноду. Эң чоң жетишкендик БАны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташуу жөнүндөгү келишим болду. Буга Түркмөнстан гана кошулган жок.
Кыргызстан Борбордук Азиянын эл аралык транспорттук инфраструктурасын түзүүдө орчундуу мааниге ээ, бул өзгөчө Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоору ишке ашып жаткан маалда байкалууда. Темир жолдун курулушу Кыргызстандын абалын кескин өзгөртүп, республиканы эл аралык транспорттук хабга айлантуу менен өлкө ичиндеги жүк ташууну бир нукка салып, ыраатташтырат.

Борбор Азия +

Былтыр Кыргызстан "БА+..." форматындагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышты. Мындай саммиттер Европа биримдиги, Россия, Кытай, АКШ жана Япония менен уюштурулган. Бул жолугушуулардын алкагында Кыргызстан өзүн ар тараптуу регионалдык кызматташууга ачык, "жашыл" энергетика, транспорт, коммуникация, санарип технологиялар жана жасалма интеллект, гидроэнергетика жаатындагы долбоорлорду колдогон, маданий-гуманитардык алака курууга жана Евразияда жалпы билим берүү мейкиндигин түзүүгө умтулган өлкө катары көрсөтө алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Европа биримдиги — Борбор Азия" саммити

"Европа биримдиги — Борбор Азия" саммити - Sputnik Кыргызстан
1/5

"Европа биримдиги — Борбор Азия" саммити

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Борбор Азия — Россия" саммити

"Борбор Азия — Россия" саммити - Sputnik Кыргызстан
2/5

"Борбор Азия — Россия" саммити

© Photo / X / The White House

АКШда Борбор азия мамлекеттери менен Американын кезектеги саммити

АКШда Борбор азия мамлекеттери менен Американын кезектеги саммити - Sputnik Кыргызстан
3/5

АКШда Борбор азия мамлекеттери менен Американын кезектеги саммити

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Кытай — Борбор Азия" саммити

"Кытай — Борбор Азия" саммити - Sputnik Кыргызстан
4/5

"Кытай — Борбор Азия" саммити

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Япония — Борбор Азия" саммити

"Япония — Борбор Азия" саммити - Sputnik Кыргызстан
5/5

"Япония — Борбор Азия" саммити

1/5

"Европа биримдиги — Борбор Азия" саммити

2/5

"Борбор Азия — Россия" саммити

3/5

АКШда Борбор азия мамлекеттери менен Американын кезектеги саммити

4/5

"Кытай — Борбор Азия" саммити

5/5

"Япония — Борбор Азия" саммити

"БА плюс..." форматтарынын жыйынтыгы өзүнчө сөзгө арзыйт. Бирок бул аянтчалардын алкагында Кыргызстандын кызматташуу маселесиндеги активдүү позициясы улуттук кызыкчылыкка негизделген тышкы саясаттын демонстрациясы болду. Президент Садыр Жапаровдун Вашингтондо өткөн "С5 + 1" саммитине катышуусу өлкөнүн АКШ менен гидроэнергетика, эл аралык транспорт жана маалыматтык технологиялар тармагында кызматташуу ыктымылдыгы менен айкалышкан өнүгүүнүн эртеңин так көрө билгени менен айырмаланып турду. Америка жана башка Батыш мамлекеттери менен жагалданбаган теңата диалог Кыргызстандын тышкы саясатынын визиттик картасына айлангандай.
Ал эми чектеш мамлекеттер менен алакада башынан эле жеке мамиле чоң мааниге ээ болуп келген. Кытай жана Россия менен өткөн саммиттер өлкө башчыларынын достугун бекемдөөчү аянтча катары каралат, мындай көрүнүш Евразия үчүн кадыресе жагдай.

Евразиялык диалог

Евразия мейкиндигиндеги кызматташтык — жалпы коопсуздукту камсыздоо жана биргеликте өнүгүү зарылдыгын түшүнгөндүктүн мыкты үлгүсү. Кыргызстан өз дараметин континенталдык масштабдагы Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жакшы көрсөтүп бере алды.
© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүү

Шанхай кызматташтык уюму

Шанхай кызматташтык уюму - Sputnik Кыргызстан
1/3

Шанхай кызматташтык уюму

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жамааттык коопсуздук келишим уюму

Жамааттык коопсуздук келишим уюму - Sputnik Кыргызстан
2/3

Жамааттык коопсуздук келишим уюму

© Фото / пресс-служба НБКР

2025-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын акча-кредит саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 28-отурумуну

2025-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын акча-кредит саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 28-отурумуну - Sputnik Кыргызстан
3/3

2025-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын акча-кредит саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 28-отурумуну

1/3

Шанхай кызматташтык уюму

2/3

Жамааттык коопсуздук келишим уюму

3/3

2025-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын акча-кредит саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 28-отурумуну

Тышкы саясаттын ШКУ боюнча багыты улуттук кызыкчылыкты камсыздоо жаатындагы дипломатиянын орчундуу вектору болуп, өлкөнүн эл аралык саясий кадырын арттырды. Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун ачылышы ШКУ аймагында эл аралык кылмыштуу топторду жок кылууга чоң салым кошору айдан ачык.
Кыргызстандын ЖККУ алкагында да аброюнун жогорулашы — Бишкектин уюм ичинде аскердик-саясий кызматташуунун активдүү катышуучусу катары өзүн көрсөтө алышынын натыйжасы. Былтыр республика бир топ окуу машыгууларга катышып, террорчулукка, чек ара кылмыштарына каршы күрөшүү маселелеринде координациясын күчөтүү, аскердик-тхникалык кызамтташууну тереңдетүү боюнча кыйла активдүү болду.
Өткөн жылдын чоң жетишкендигинин бири катары өлкө ИДПсынын 10 пайыздан ашуун өсүшүн айтсак болот. 22-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ саммиттинде КР экономикасынын ийгилиги белгиленип, биримдик алкагында ырааттуу интеграциянын жана тоскоолдуктарды аныктап, өз убагында жоюу боюнча жасалган иштин жемиши катары көрсөтүлдү. Өлкө мындан ары да бардык тармак боюнча ишти күчөтө бермекчи.
КМШ өлкө башчыларынын Душанбедеги жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2025
Россия менен Борбор Азия эртеңкиге чогуу кам көрүүдө. Душанбедеги дипломатия жумалыгы

Кадыр-барк

Кыргызстандын 2025-жылы регионалдык жана эл аралык байланыш системасындагы позициясынын кыйла бекемделиши приоритеттерди туура кое билүүнүн нытайжасы экени талашсыз. 2026-жылы өлкө жалпы региондун соода-экономикалык, логистикалык, энергетикалык, коммуникациялык жана санарип борборуна айланары күтүлүүдө.
ЖККУ менен ШКУ чордонунда турган Евразиянын коопсуздук системасы Кыргызстандын аталган уюмдардагы активдүүлүгү менен коштолот. Региондогу өлкөлөр учурдун кооптуу чакырыктары баарына бирдей коркунуч жаратарын жакшы түшүнүшөт.
Жаңырган жылы тышкы саясатта боло турган маанилүү окуянын бири катары БУУ Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкеригинин колдоого алынышы болот. Бул республиканын дүйнөлүк саясаттагы позициясын күчөтөт. Жалпысынан 2025-жыл Кыргызстан үчүн кыйла жемиштүү болду. Ыргакты жайлатпай, нукту бузбай экономикалык ийгилигине саясий секиригин кошуп кете алса, Евразиянын маанилүү экономикалык жана саясий борборуна айланары шексиз.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2025
Жапаров “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен чыгууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0