00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Такие универсальные куклы: друг для взрослого, элемент коллекции или украшение на елку
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Рыноктогу адилеттүү атаандаштык: Монополияга каршы кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү
09:05
51 мин
On air
09:56
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Экономические итоги года в Кыргызстане — рекордный рост ВВП и борьба с коррупцией
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Той-топурга тишин карага боеп... Кыргыз аялдарынын сулуулук каражаттары тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын капчыгайындагы этникалык мода көргөзмөсүндө улуттук кийимчен кыздар. Архив
Кырчын капчыгайындагы этникалык мода көргөзмөсүндө улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2026
Жазылуу
Кыргыз аялдары илгертеден эле келбетке өзүнчө көңүл буруп, ар бир топчусуна чейин мааниси менен тигилген кийиминен сырткары сулуулук каражаттарын да астейил камдап алышкан.
Апалар колдонгон боектор бир гана адамдын ажарын ачпастан, ден соолукка да пайдасы чоң болгон. Осмо сүйкөп каш-кирпик, чач өстүрүшсө, кына (хна) менен тырмагын бекемдеп, тиш калы менен боелгон кыргыз аялдарынын тиштери 80-90 жашында да түшпөй жакшы сакталганы айтылат.
Фергана өрөөнүнүн кыз-келиндеринин сулуулук каражаттарын изилдеген окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Айша Абдиева аймактын түштүк-батыш чөлкөмүндө жашаган кыргыздар өсүмдүктөрдүн пайдалуулугун билип, талаа-түздөн жыйнап келишкенин, мезгилдин өтүшү менен акырындап бул өсүмдүктөрдү өздөрү өстүрүп, сулуулук каражаты катары кеңири пайдаланышканын айтат.

Осмо

Осмону кыргыз кыз-келиндери каш-кирпик, чач боео үчүн колдонушкан. Осмо коюлган каш карайып жакшы өсөт деп эсептешкен. XIX кылымдын аягында жарым көчмөн жана отурукташкан кыргыздар осмону эгип, өстүрүп башташкан. Ал эми дыйканчылыктан алыс жашагандар аны базардан жана кыдырма соодагерлерден сатып алып колдонушкан. Осмону алгач лейлектик кыргыздар, оокаттуу үй-бүлөнүн аялдары пайдаланышкан.
Тизе бою болуп өскөн жашыл жалбырактуу осмону Фергананын түштүк-батышындагы кыргыздар эрте жазда эгишкен. Суулуу жерде тез өскөндүктөн жаздын ортосу менен сулуулук каражаты катары пайдаланууга даяр болгон. Уруктап, гүлдөгөн жай мезгилине чейин жалбырагы (көлөкө жерде соолутуп, суусун сыгып алат) косметикалык каражат катары колдонулган. Мындан тышкары, аны кол өнөрчүлүктө, дарыгерчиликте пайдаланышкан.
Осмого байланыштуу элдик ишенимдер да болгон. Алгач аны аялдар эле пайдаланып келсе, кийин кыздын эки кашы канчалык узун жана жакын болсо, ошончолук энесине жакын жерге турмушка чыгат, өмүрү узун болот деп кыздарынын кашын өстүрүү үчүн бешиктеги кезинен эле осмо кое башташкан. Жаш келиндерге жана бой жеткен кыздарга осмо жакшы кирсе күйөөсү же жигити катуу жакшы көрөт экен дешкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2025

Кына

Фергананын бүштүк-батышындагы кыргыз аялдары кына менен чачын, тырмак жана алакандарын боешкон. Сулуулуктан тышкары, анын дарылык касиети да болгон. Кына менен боеп отуруп, кыз-келиндер териге жабышып өскөн тырмактарын оңдошкон, алар кадимкидей көтөрүлүп өсө баштаган. Териге жакшы сиңиши үчүн кечинде жатарда аны колго жана бутка коюп, таң атканча таңып коюшкан.
Кына узундугу жарым метрге жеткен, жалбырагы анча чоң эмес, кооз болуп гүлдөгөн жерде өсүүчү өсүмдүктөр тобуна кирет. Суулуу жерди жакшы көргөн кынаны ферганалык кыргыздар өз короолоруна эгишкен. Эрте жазда эгилип, жайдын соңу менен бышып даяр болот. Аны уз-чеберлер да буюмдарына табигый түс берүүдө пайдаланып келишкен.
Кынанын роза гүлүндөй жагымдуу жыты бар. Кол менен терилген гүлдөрүнөн эфир майы алынып, азыркы кезде ал парфюмерия өндүрүшүндө же кымбат чач боёк катары колдонулат. Аллергия кылбагандыктан химиялык боёкторго караганда кыйла зыянсыз келет.

Таш кына

Таш кына, эңилчек (лиша́йники) Фергананын түштүк-батышындагы бардык тоолуу өрөндөөрүндө азыр да кездешет. Жергиликтүү кыргыздар жаз мезгилинде ташта жабышып өскөн эңилчек өсүмдүгүн таш кына деп сулуулук каражаты катары кеңири пайдаланышкан. Алаканы көп тердегендер үчүн миңдин бири. Көп коюлган сайын тырмактар этке жабышпай, акырындап көтөрүлө баштаган.
Таш кынаны кышка сактоо максатында эңилчеги бар таштарды бирин-бирине кагып, кынасын түшүрүп алышкан. Ал куруттун күкүмүндөй болуп майдаланган. Түйүнчөккө түйүп сактап, каалаган мезгилинде кынаны жылуу сууга аралаштырып алаканга сүртүшкөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2025

Сарымсак

Бышкандан кийин терип, күнгө кургатып, сабагынын түбүн 5-10 сантиметр кылып кесип алып, чокко басып, карарып күйгөн күлүн аялдар кашына сүртүшкөн. Сарымсак кашты карартып сулуу көрсөткөн.

Бет кап

Бет кап деп ферганалык кыргыздар беттин терисин жакшыртуу үчүн колдонулган маскаларды айтышкан. Терини азыктандыруу, жумшартуу, тактардан арылтуу, бырыштарды кетирүү, агартуу максатында түрдүү бет каптарды колдонушкан. Аларды сүт азыктарынан сырткары, өсүмдүктөрдөн да алышкан. Адатта кара карагаттын, кызылгаттын мөмөлөрүнөн жасашкан. Мындай бет каптар жүздү тунук, терини чоюлчаак кылып, бырыштарды жазат деп эсептешкен.

Эндик

Баткендин Рават тоолорунда, Герөвшин жайлоосунда, Лейлектин Жети-Көпүрүк, Карасан, Жыгачы жайлоосунда бою 20-40 сантиметрге жеткен, көз тикенге окшош, жалбырагы түктүү, тамыры жоон жана тик, кыпкызыл боёгу бар көп жылдык эндик өсөт. Кыргыздар эндиктин тамырын боёк катары колдонушкан. Аны казып алып, майдалап, аялдар жүзүн нурлуу көрсөтүш үчүн жана эриндерин кызартуу үчүн койгон. Эндик-упа аялзатына сулуулук гана тартуулабастан, бетти шамалдан, суукта жарылып кетүүдөн, ысыкта күндөн сактаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2025

Тиш калы

Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышын байырлаган кыргыздар тиш калы менен тиш боёп, сулуулук каражаты катары пайдаланышкан. Эрте жазда тоодон ак козу байчечекейдин (Лейлекте, Сүлүктү, Кулунду өрөөнүндө өсөт) тамырын казып алышып, саябан жерге кургатып, кургатылган бужугумду (бузгундж) күйгүзүлгөн көк туз, элдик аты — далпараңди (медный купорос) жана акшакты бирдей өлчөмдө сокуга жанчып, ундай кылып майдалап кара боек менен аралаштырып коюшкан. Лейлек, Баткенде бул кошулма "тиш калы", "чардали" деп аталган. Аялдар даяр болгон кошулманы кичинекей түйүнчөккө түйүп сакташкан.
Боёкту (порошокту) түндө уктаар алдында тишке сээп жатып, эртең менен оозду чайкап коюшкандан кийин тиштер капкара болуп жылтырап калган. Ал мезгилде тишти боёо сулуулук катары саналып, тиш калы тиштерди бекемдеп, оозду сасытпайт деп эсептешкен. Кийинчерээк аны кээ бир улгайган аялдар гана колдонуп калышкан.
Лейлектин Андарак, Кара-Камар айылдарында да аялдар тиштерине тиш калы салып келишкен, ал бардык эле аялга кире берген эмес. Эл ичинде аял кишинин тишине боёк кирбей калса "муз тиш экен" дешкен. Аны дайым колдонгон аялдардын тиштери аябай бекем болуп, 80-90 жашка чыкканда да түшкөн эмес. Лейлектин Темирчи-Кол жайлоосунда өмүр кечирген жашоочулардан жыйналган маалыматка ылайык, карыган кемпирлерди тиши бүтүн бойдон жерге берген учурлар көп болгон. Өзгөчө төрөттөн кийин көп аялдын тиши бошоп, түшө баштайт. Ал эми чардалини такай колдонгон аялдардын тишинин мүлкү шишибей, оорубай, курт түшкөн эмес.
Лейлек аймагынын Тайлан айылынын тургундарынын айтымында, энелер атайын тиш калы, эндик, атыр сыяктуу нерселерди өлүмтүгүнө (өлүмтүк — ферганалык кыргыздарда жашы улгайган аялдар жасаган сандык. Ага көзү өткөн соң маркумду узатуу зыйнатына колдонулуучу чүпүрөк-чапырактан тарта артында калгандарга арналган белектерге чейин салынат) кошуп даярдап коюшкан. Аларды кыз-келиндерине көрсөтүп "мен дүйнөдөн өтсөм, сууга алгандан кийин тишиме тиш калы сүйкөп, бетиме эндик упа коюп, атыр сээп, сулуулап жерге бергиле" деп керээз калтырышкан. Элдин ишеними боюнча, "...акыретте тиши кара болсо – аял, тиши ак болсо эркек экени билинген".
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2019
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Жаңылыктар түрмөгү
0