00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:59
1 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Почему монстры рождаются во времена тревоги?
18:07
34 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Учурдагы мыйзамдарда мектептер үчүн беш күндүк окуу жумасы каралган. Агартуу министрлиги бул норманы “беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы” деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Ошол эле учурда кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, мектептердеги окуу сентябрда башталары жазылган. Мурда 1-сентябрдан болчу. Эске салсак, өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат.
Ала-Тоо Резорт долбоорунун алкагында өткөрүлгөн жер тилкелеринин аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы аяктады. Бул тууралуу ишкананын маалыматына таянып билдирилди. Маалыматка ылайык, акыркы этапта Жыргалаң курорттук аймагындагы 8 инвестициялык лот сатылып, жалпысынан долбоор боюнча 39 жер тилкеси толугу менен өз ээлерин тапты. Инвесторлорго мейманканалар, апартаменттер, ресторандар жана туристтик-инженердик инфраструктура объекттерин курууга ылайыкталган участоктор сунушталган. Бул кадам аймакка кошумча инвестиция тартууга жана заманбап туристтик объекттерди өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди. Учурда курорттун негизги инфраструктурасын куруу иштери уланууда. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системалары курулуп, энергетикалык тармактар менен асма аркан жолдор да өнүктүрүлүүдө. Расмий маалыматка караганда, жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан эки асма аркан жол буга чейин пайдаланууга даяр. Азыркы учурда дагы төрт кошумча асма жолду куруу иштери башталган. Мындан тышкары, келечектеги курорттун алгачкы тоо лыжа трассаларын долбоорлоо уланууда. Долбоордун биринчи этабын ишке киргизүү 2026-жылдын декабрь айына пландалган.
Россия, Кыргызстан, Беларусь жана Казакстандын башчылары Армениянын Евробиримдикке кошулуу боюнча референдум өткөрүүсүн колдойт. Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн Кремль жарыялады. Анда республиканын Евробиримдикке киришине даярдык көрүү ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратары айтылат. "Армения Республикасында Европа биримдигине кирүү же ЕАЭБде калуу боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү позициясын колдойбуз", — дешкен лидерлер. Май айынын башында Владимир Путин Арменияны Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБге кирүү боюнча маселени тезирээк чечүүгө чакырган. Ага чейин да өлкө өнөктөштөрүн өз алдынча тандоо укугуна ээ экенин, бирок бир учурда эки уюмге тең мүчө болуу мүмкүн эместигин бир нече жолу билдирген болчу. Армения премьер-министри Никол Пашинян алдыдагы шайлоо өнөктүгүн жүйө келтирүү менен Казакстандагы саммитке келүүдөн баш тарткан. Ошондой эле республика ЕАЭБден чыга турган болсо бул кадам күтүүсүз жасалбай турганын, алдын ала пландаларын билдирип, бул боюнча референдум өткөрүүнүн зарылдыгы жок экенин белгилеген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 69 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 23 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 31-майга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +33...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Баткенде +31...36, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +22...+27 градуска жетет. Бишкекте жана Ошто термометрдин көрсөткүчү +33...+35 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0