https://sputnik.kg/20251115/turgunbay-sadykov-tuuraluu-faktylar-1097823341.html
Кыргызда жок өнөрдүн ээси Тургунбай Садыков 90 жашта. Фактылар
Кыргызда жок өнөрдүн ээси Тургунбай Садыков 90 жашта. Фактылар
Sputnik Кыргызстан
Өлкөбүздүн маданий коомчулугу Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгын белгилеп жатат. Ал өзү жашаган СССРдин да, эгемен Кыргызстандын да жогорку сыйлыктарынын дээрлик... 15.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-15T20:09+0600
2025-11-15T20:09+0600
2025-11-15T20:09+0600
кыргызстан
тургунбай садыков
маданият
скульптор
өмүр
чыгармачылык
эмгек
инсан
эскерүү
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/101986/89/1019868987_0:48:2001:1173_1920x0_80_0_0_c82eed70f2d11a6c5abd3cc4b3210c19.jpg
Скульптор-монументалист, педагог-профессор, СССР Көркөм сүрөт академиясынын академиги, СССРдин эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын Баатыры, Лениндик сыйлыктын лауреаты Тургунбай Садыков мынча сый-ургаал алган Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле киши. Биз бүгүн таланттуу скульптор тууралуу 12 факт сунуш кылабыз. Эң алыскы аймактын кулуну. Атактуу скульптор Кыргызстандын эң алыскы аймагында, азыркы Баткен облусунун Баткен районунун Говсувар айлында (Орто-Боз деп да аталат) туулган. Туулган мезгили 1935-жылдын 4-ноябры деп катталган. 3-сентябрь деген маалымат да кездешет. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу өрүкзарлуу аймак. Эли өтө иштемчил, негизги каражат бакчылыктан жана дыйканчылыктан түшөт. Тургунбай Садыковдун атасы да дыйканчылык менен оокат кылган. Балалыгы согуш убагындагы балдардын оор турмушундай болду. Дыйканчылыктан бошой калганда жыгач устачылык кылып, өтүк ултарып, бешик жасаган атасы Садык согушка кетет. Апасы Ырыс кол өнөрчү, чебер тикмечи, бычмачы, саймачы, бешик төшөнчүсүн жакшы жасаган аял болгон. Уруш жылдарында Тургунбай апасына жардам кылып, эчки, уй кайтарат, машак терет. 7 жашындагы жолоочулар. Бир жолу балдар менен кой кайтарып тоо жактан түшүп келе жатып, капчыгай оозунда сүрөт тартып калат. Сүрөттө тоонун фонунда аттарды тарткан экен. Бир убакта атчан үч киши келип, сүрөттөргө кызыга карап "эмнени тарттың" дейт экен. Бала тарткандарын көрсөтсө, жолоочулардын бири "сен чоң сүрөтчү болосуң" дептир. Бул киши айылдын бир адамы беле, же кызыр беле, айтор, баланын шыгын ойготот, "сүрөтчү болот экенмин" деп өзүнө аябай ишенип, сүрөт тартканын токтотпойт. Атасы согуш бүтөргө жакын (1945-жылы) Кёнигсбергди (кийинки Калининрад) фашисттерден бошотууда курман болуп, башына жетимчилик түшөт. Апасы да өпкөсүнөн кагынып каза болуп, карындашы экөөнү туугандары багып жүрөт да, алар да кыйналып 1947-жылы Оштун Жапалак айылындагы интернатка өткөрүп коюшат. Ошол жерде сүрөт тартат, ылайдан бир нерселердин кебин жасайт. Окуу издеп борборго келгенде... Тургунбай Садыков 1954-жылы жети жылдык мектепти бүткөн соң Фрунзеге окууга келет. Максаты скульптор болуу эле. Өмүрүндө тирүү скульпторду көрбөгөн, бул өнөр тууралуу түшүнүгү да анча болбогон жигит Көркөм сүрөт окуу жайына келсе, ал жерде скульпторлорду даярдабайт экен. Не кыларын билбей апасынын оорусун эстеген бала Медициналык институтка тапшырып, дарылоо факультетине өтүп кетет. Бир күнү Сүрөтчүлөр союзуна барып жер төлөсүнө кирсе, Владислав Пузыровский иштеп жатыптыр. Ал Ленинграддан Сүрөт академиясын 1939-жылы бүтүрүп, Кыргыз ССРине бөлүнгөн экен, статуяларды, фонтандарды, мүрзөгө коюлган эстеликтерди жасап жүрүптүр. Баланын дымагын байкап, өзүнө жардамчы кылып алат. Ушул жерден өнөрүнө профессионал катары киришет: окуйт, жасайт, жаратат, дүйнөлүк атактуу бедизчилердин белгилүү иштерин гипстен көчүрмөлөйт. 1957-жылы баланын башын скульптура катары жасап, ал эмгеги Кыргыз ССРинин жаштарынын республикалык фествалында конкурска коюлуп, скульптура номинациясы боюнча лауреат болуп, бул өнөрдөгү жылдызы жанат. Муну жасоо үчүн Жеңиш деген натурщик баланы күндөп-түндөп бет маңдайына отургузган экен. Жылдыз эми жанганда... ооруп калат. Колдору эпке келбей кыйналат. Доктурлар муун оорусу, полиартрит деп дарт белгисин аныктайт. Скульптор үчүн колу иштебей калуу деген оор трагедия эле. Ар кимден сураштырып жүрүп Майлуу-Сууга барат, ал жерден үч ай аарыга чактырып, шыпаа табат. Кайрадан сүйүктүү өнөрүнө киришет. 1959-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын аяктайт. Кыргыз чабандарынын образын чагылдырган эки иши – "Койчуман" (жыгачтан чегилген) жана "Телегей Сагынбаеванын портрети" Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөгө коюлуп, жогору бааланат. Калыстар тобунда болгонбу, же кокус көрүп калганбы, айтор, бул эмгектерди Сергей Коненков жактырып калат, ал өтө кадыр-барктуу аксакал болгон, Сталиндик, Лениндик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин эл сүрөтчүсү ж.б. сый-ургаалдары бар киши. Ошол Сергей Тимофеевичтин колдоосу менен 1962-жылы Москвадагы Жогорку көркөм өнөрчүлүк окуу жайына кирип, анын эки жылдык курсун бүтүрөт. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын биринчилерден болуп алган. Жаштарды колдоо, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн Кыргызстандын Ленин комсомолу сыйлыгы негизделип, анын көркөм өнөр багытындагы алгачкы сыйлыгы 1967-жылы Тургунбай Садыковго "Жылкычы" статуясы үчүн берилген. Бул сыйлыкты алган киши дароо эле таанымалга айланып, аны менен чыгармачыл союздар да эсептешип турган. Скульптурадагы манасчы. "Манас" – скульптордун суу ичип турган булагы сыяктуу жан азыгы. Ал бул керемет чыгарма менен өмүр бою жашап келет. Кыргыз эпосундагы эпикалуулукту, мифологиялык катмардуулукту, мекенчилдик рухту, философиялык тереңдикти эң мыкты өздөштүргөн. Садыковду бул темага Саякбай Каралаев ээрчитип кирген. Сүрөтчүнүн мындай деп жазганы бар: "1962-жылдар эле. Менин көз алдымда чүкөдөй болгон абышканын образы туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, андан манас айтууну сурандым эле… Күн сайын иштейбиз. Кээде унчукпай отура берет, мен тарта берем. Манас айткан учурларын магнитофонго жаздырып алчумун. Бир күнү өзү эле, айттырбай эле манасты төгүп кирди. Узакка айтты. Төрт саат айтты окшойт… Магнитофонумдун пленкасы да бүттү. Араң токтоду. Менин алдымда бир алп пайда болгондой сезим калтырды. Айтып бүттү да, өнөркананын короосуна чыгып кетти. Бир нече убакыттан кийин эшиктен кирсе, мен бир аз мурда көз албай тиктеген алп манасчы эмес, баягы эле жөнөкөй абышкага айланды. Бул деген улуу дух экенин ошондо сезип, таң бердим". Ошол таасирлерден улам улуттук филармониянын алдындагы керемет аянтта 1982-жылы "Манас" скульптуралык комплекси орнотулду: ортодо баарынан бийик, атын алкынтып, кылычын душманга сермеген Манас, бир жагында акылман кары Бакай, бир жагында камбыл жары Каныкей, аларды ороп коргоп тургандай таштан чегилген манасчылар: Саякбай менен Сагынбай, Найманбай менен Тыныбек. Мындай улуттук дух берген баатырдык эпоско арналып коюлган эстелик компекс дүйнөдө сейрек кездешет. Садыковдун "Манасы" Кытайда, Москвада, Нью-Йоркто, БУУнун имаратынын жанында, Баткенде коюлду. Бул ташка айланган "Манастар" улутубуздун улуулугун, дүйнөлүк масштабда чыгармачылык бийиктикке көтөрүлгөн скульптордун эмгегин даңазалап турат. Анын дагы бир мыкты эмгеги, дастанды жан дили менен айтып жаткан айкели кызыл гранит менен жасалып, азыркы "Ынтымак ордо" менен "Манас" театрынын жанына орнотулду. Чыңгыз Айтматов жана Тургунбай Садыков. СССРдин №1 сыйлыгы болуп эсептелген Лениндик сыйлыкты алган тарыхта эки эле кыргыз болгон. Ушул экөө. Экөө тең СССРдин ири коомдук ишмерлери жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары катары ээрчишип жүрчү, экөө тең бир катар коомдук уюмдардын мүчөсү болгон. Улуу жазуучу улуу сүрөтчүгө мындай баа берет: "Ташты чегелеп, жандуудай сүйлөтө билген өнөрдүн тили ырастан эле түбөлүктүү тил экен го деп ойлойм, болбосо, Садыков менен азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн искусствосун байыркы түркий искусстводон – кыпчактардын бир кезде Азиянын жана Түштүк Европанын талаа-түздөрүнө кеңири таралган таш эстеликтеринен асман менен жердей алыс, чоң тарыхый аралык бөлүп турат, ошентсе да алардын бири-бирине жакын жактары көп. Ошол доорлордон бизге мурас болуп калган бабалардын ыйык көрүстөн статуяларынын фонунда азыркы сүрөтчүлөрдүн өлчөөсүз өскөн кесипкерлик чеберчилиги менен реалисттик терең жетиктиги дүйнө таануу жагынан бизди күндөрдөгү эстетиканын бийиктигин жана өрүшү кенендигин көрсөтөт. Кыргыз скульптору Тургунбай Садыков – өркөнү өскөн ошол жаңы искусствонун эң мыкты өкүлдөрүнүн бири". Тургунбай Садыков дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде айтматовдук каармандардын бири катары жүргөн, СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованы "Саманчынын жолу" повестиндеги Толгонай катары элестетип, ошентип эмгегин жараткан.1995-жылы "Жазуучу Айтматов" деген скульптуралык ишин жасаган, анда ал коло портретте дүйнөгө башкача бир көз салып турган чыгармачыл адамдын образын чагылдырган. Портрет жараткан монументалист. Эмгектеринде таанымал адамдардын айкелдери өзгөчө орунда турат, жогоруда айткан Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Даркүл Күйүковадан тышкары Гапар Айтиевдин (1966), Уркуя Салиеванын (1973), Мирсаид Миррахимовдун (1977), Максим Аммосовдун (2012) портреттери — көп жылдык мээнеттин акыбети. Булардын тышкары, анын эмгектеринин катарында: комузчу Карамолдо Орозовдун, акын Омор Султановдун, актёр Муратбек Рыскуловдун, хирург Мамбет Мамакеевдин, акындар Токтогул Сатылгановдун, Калык Акиевдин, геолог-академик Муса Адышевдин, химик аалым Үсөн Асановдун, жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбековдун, Төлөгөн Касымбековдун, кызылчачы Зууракан Кайназарованын, балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын портреттери бар. Мындай иштери дагы көп, алардын баарын чогултса чоң музей болмок. Эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия, Кытай, Казакстан ж.б. өлкөлөрдүн музейлерине жана айкелдер парктарына орнотулган. Революция каармандары. Кыргыз маданиятындагы жана борбор шаардагы чоң окуя — 1980-жылы "Революция каармандарына" деген эстелик комплекстин ачылышы болгон. Анда скульптор Тургунбай Садыков колхоз курулушуна активдүү катышып душмандарынын колунан мыкаачылык менен каза болгон ноокаттык Уркуя Салиеванын бейнесин негиз кылып алат. Бул эстелик ачык аянтка, бийигирээк жерге орнотулган, каарман аял сол колуна революциянын желегин желбиретип, оң колу менен арттагы элди колхоз курууга тартып жаткандай. Жанына бир нече карапайым адамдардын айкелдери да коюлган. Монументалдык комплекстин руху аябай бийик, ары-бери өткөндөрдүн тарыхый акыл-эсине, мекенчилдик сезимдерине таасир этип турат. Бул монументти автор 12 жылда бүтүргөн. 1975-жылы февралда Москва облусундагы Мытищинск заводунда "Революциянын каармандарынын" сегиз метрлик бөлүгү — аялдын келбети колодон жасалып алып келинген. "Эркиндик" эстелиги. Скульптордун эң бактылуу да, эң кайгылуу да эмгеги — ушул эстелик. Үй-бүлө кутунун символу болгон, кыргыздар үчүн жаратылыш менен гармонияны түзгөн боз үйдүн түндүгүн кармаган канатчан Аял-эне Жер шарынын түндүгүнөн көккө кол сермеп турат. Бул бийик монумент өлкөнүн башкы аянтына 1999-жылы орнотулган. Кийин 2018-жылдын 28-ноябрында алынып, ошондон бери Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын кампасында. Бул тууралуу бир топ жыл маданият министри болгон Султан Раев мындай деп жазды: "…Бир күнү Тургунбай Садыков телефон чалып калды. Экөөбүз Бишкектин Советский-Школьный тарабындагы бир мекеменин короо тарабында жолуга турган болдук. Ал жерге үч күн мурда барып келген элем…Эртеси агайды болжошкон жерден күтүп алдым. Короонун төр жагында жаткан эстеликти көргөндө агай бир паска тык токтоп калды… Эстеликке келип, анын канатын колу менен жумшак сылады. Бу эстелик агайдын жаны менен бирдей болуп калгандыгы жүзүнөн байкалып турду. Негедир ал эстеликтин баш жагына, жерде жаткан аялдын жүзүнө тике карай албай кылчактап турду… Агайдын ички сезимдерине жолтоо болбоюн деген ниетте эстеликтин аяк тарабына өттүм. Акырын колу менен эстеликти кармалап, агай аялдын жүзүнө дале батынып карай албай турду… Бу эстелик нечен жылдар бою өлкөнүн башкы аянтында турду. Канча адам келип, канча адам көрдү, борбордун символдорунун бири эле. Эми жерде жатты, кудум жүрөгүнө жаанын огу тийгендей жаралуу жатты... Аялдын эки канатынын ортосунан агайды байкап турдум. Жанына бара албадым. Агай аялдын жүзүн көкүрөктөн сыгылып чыккан куса менен, адамдык куса менен карады. Бир азга эстелик менен үн-сөзсүз сүйлөштү. Эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз… Бир маалда агайдын көзүнөн билинер-билинбес жашты көрдүм. Негедир агайдын жүүнү бошой түшкөндөй болду. Бу аялдын жүзү Майрам Акаеваныкы деп нечен оозуна алы жетпегендер да, жеткендер да сындады. Эстеликтен, искусство предметинен саясат чыгарды. Агайдын көз жашынын тамчыларынын сыры мага белгисиз эле. Бу аялдын жүзү Майрам Акаевага таптакыр окшош эместигин өткөн жолу келгенде көрүп да кеттим. Агайдын эмгегине канчасы сынчы чыкты. Бирөөнө жооп берген жок. Баарын ичине катты. Баарын көтөрдү… Көрсө, бу аялдын жүзү агайдын кызына, мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн кызынын жүзүнө окшойт экен. Бир жылдары бул окуя эл арасына катуу таркаган. Түн жарымда мыкаачылар үйүнөн сүйрөп чыгып, Бөсбөлтөк жакта бычак менен былчылдата сайганын, алардын колунан жан бергенин укканым бар эле… А кезде оор кайгыга батса, жер кучактап жаткан эстеликти көргөндө дагы бир оор кайгыга батты…" Бул жерде жазуучудан өткөрө бир нерсе айтуу да кыйын... Педагог. Дүйнөдө көп атактуу чыгармачыл адамдар бар, алардын бир катары шакирт даярдаса, бир кыйласы артынан эч кимди өстүрбөйт. Тургунбай Садыковдун эң чоң эмгеги — искусство адамдарын даярдоого кошкон салымы. 1998-жылы Бишкектеги Көркөм сүрөт окуу жайына директор болуп иштеп, кийин ал КР Улуттук көркөм сүрөт академиясына айланганда (2010) ректорлук кызматка дайындалат. Билим берүү, чыгармачыл адамдарды тарбиялоо багытындагы эмгеги — улуттук маданият үчүн өзгөчө баа жеткис кызматтар. Үй-бүлөсү. Карындашы 1942-жылы туулган Айнагүл Садыкова да сүрөтчү, бир катар фильмдердин сүрөтчүсү болгон. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Жубайы Берметке 24 жашында баш кошкон, кесиби – курулуш инженери. Экөөнүн уулу Улан да сүрөтчү, айкелчи, профессор-педагог, Москвадан Сүрөт академиясын аяктаган. Кызы Чынара 25 жашында келбес жайга кетсе, жакында эле жогорудагы уулу да ооруп жүрүп, каза болуп калды. Бул капилет келген өлүмдөр сүрөтчүгө катуу тийди, ар тараптан өксүттү. Эми 90 жашка келген журт аксакалы эл сыймыгы болуп калк ичинде кадыр-барк менен жүрө берсин дейбиз.
https://sputnik.kg/20250831/beganas-sartov-zhonundo-13-fakt-1096187707.html
https://sputnik.kg/20250518/barchynbek-bugubaev-tuuraluu-fakty-1094018381.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101986/89/1019868987_4:0:1959:1466_1920x0_80_0_0_bfd9bebecd2fc5a75f1f9cf498de6e34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, тургунбай садыков, маданият, скульптор, өмүр, чыгармачылык, эмгек, инсан, эскерүү, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, тургунбай садыков, маданият, скульптор, өмүр, чыгармачылык, эмгек, инсан, эскерүү, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Скульптор-монументалист, педагог-профессор, СССР Көркөм сүрөт академиясынын академиги, СССРдин эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын Баатыры, Лениндик сыйлыктын лауреаты Тургунбай Садыков мынча сый-ургаал алган Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле киши. Биз бүгүн таланттуу скульптор тууралуу 12 факт сунуш кылабыз.
Эң алыскы аймактын кулуну. Атактуу скульптор Кыргызстандын эң алыскы аймагында, азыркы Баткен облусунун Баткен районунун Говсувар айлында (Орто-Боз деп да аталат) туулган. Туулган мезгили 1935-жылдын 4-ноябры деп катталган. 3-сентябрь деген маалымат да кездешет. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу өрүкзарлуу аймак. Эли өтө иштемчил, негизги каражат бакчылыктан жана дыйканчылыктан түшөт. Тургунбай Садыковдун атасы да дыйканчылык менен оокат кылган. Балалыгы согуш убагындагы балдардын оор турмушундай болду. Дыйканчылыктан бошой калганда жыгач устачылык кылып, өтүк ултарып, бешик жасаган атасы Садык согушка кетет. Апасы Ырыс кол өнөрчү, чебер тикмечи, бычмачы, саймачы, бешик төшөнчүсүн жакшы жасаган аял болгон. Уруш жылдарында Тургунбай апасына жардам кылып, эчки, уй кайтарат, машак терет.
7 жашындагы жолоочулар. Бир жолу балдар менен кой кайтарып тоо жактан түшүп келе жатып, капчыгай оозунда сүрөт тартып калат. Сүрөттө тоонун фонунда аттарды тарткан экен. Бир убакта атчан үч киши келип, сүрөттөргө кызыга карап "эмнени тарттың" дейт экен. Бала тарткандарын көрсөтсө, жолоочулардын бири "сен чоң сүрөтчү болосуң" дептир. Бул киши айылдын бир адамы беле, же кызыр беле, айтор, баланын шыгын ойготот, "сүрөтчү болот экенмин" деп өзүнө аябай ишенип, сүрөт тартканын токтотпойт. Атасы согуш бүтөргө жакын (1945-жылы) Кёнигсбергди (кийинки Калининрад) фашисттерден бошотууда курман болуп, башына жетимчилик түшөт. Апасы да өпкөсүнөн кагынып каза болуп, карындашы экөөнү туугандары багып жүрөт да, алар да кыйналып 1947-жылы Оштун Жапалак айылындагы интернатка өткөрүп коюшат. Ошол жерде сүрөт тартат, ылайдан бир нерселердин кебин жасайт.
Окуу издеп борборго келгенде... Тургунбай Садыков 1954-жылы жети жылдык мектепти бүткөн соң Фрунзеге окууга келет. Максаты скульптор болуу эле. Өмүрүндө тирүү скульпторду көрбөгөн, бул өнөр тууралуу түшүнүгү да анча болбогон жигит Көркөм сүрөт окуу жайына келсе, ал жерде скульпторлорду даярдабайт экен. Не кыларын билбей апасынын оорусун эстеген бала Медициналык институтка тапшырып, дарылоо факультетине өтүп кетет. Бир күнү Сүрөтчүлөр союзуна барып жер төлөсүнө кирсе, Владислав Пузыровский иштеп жатыптыр. Ал Ленинграддан Сүрөт академиясын 1939-жылы бүтүрүп, Кыргыз ССРине бөлүнгөн экен, статуяларды, фонтандарды, мүрзөгө коюлган эстеликтерди жасап жүрүптүр. Баланын дымагын байкап, өзүнө жардамчы кылып алат. Ушул жерден өнөрүнө профессионал катары киришет: окуйт, жасайт, жаратат, дүйнөлүк атактуу бедизчилердин белгилүү иштерин гипстен көчүрмөлөйт. 1957-жылы баланын башын скульптура катары жасап, ал эмгеги Кыргыз ССРинин жаштарынын республикалык фествалында конкурска коюлуп, скульптура номинациясы боюнча лауреат болуп, бул өнөрдөгү жылдызы жанат. Муну жасоо үчүн Жеңиш деген натурщик баланы күндөп-түндөп бет маңдайына отургузган экен.
Жылдыз эми жанганда... ооруп калат. Колдору эпке келбей кыйналат. Доктурлар муун оорусу, полиартрит деп дарт белгисин аныктайт. Скульптор үчүн колу иштебей калуу деген оор трагедия эле. Ар кимден сураштырып жүрүп Майлуу-Сууга барат, ал жерден үч ай аарыга чактырып, шыпаа табат. Кайрадан сүйүктүү өнөрүнө киришет. 1959-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын аяктайт. Кыргыз чабандарынын образын чагылдырган эки иши – "Койчуман" (жыгачтан чегилген) жана "Телегей Сагынбаеванын портрети" Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөгө коюлуп, жогору бааланат. Калыстар тобунда болгонбу, же кокус көрүп калганбы, айтор, бул эмгектерди Сергей Коненков жактырып калат, ал өтө кадыр-барктуу аксакал болгон, Сталиндик, Лениндик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин эл сүрөтчүсү ж.б. сый-ургаалдары бар киши. Ошол Сергей Тимофеевичтин колдоосу менен 1962-жылы Москвадагы Жогорку көркөм өнөрчүлүк окуу жайына кирип, анын эки жылдык курсун бүтүрөт.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын биринчилерден болуп алган. Жаштарды колдоо, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн Кыргызстандын Ленин комсомолу сыйлыгы негизделип, анын көркөм өнөр багытындагы алгачкы сыйлыгы 1967-жылы Тургунбай Садыковго "Жылкычы" статуясы үчүн берилген. Бул сыйлыкты алган киши дароо эле таанымалга айланып, аны менен чыгармачыл союздар да эсептешип турган.
Скульптурадагы манасчы. "Манас" – скульптордун суу ичип турган булагы сыяктуу жан азыгы. Ал бул керемет чыгарма менен өмүр бою жашап келет. Кыргыз эпосундагы эпикалуулукту, мифологиялык катмардуулукту, мекенчилдик рухту, философиялык тереңдикти эң мыкты өздөштүргөн. Садыковду бул темага Саякбай Каралаев ээрчитип кирген. Сүрөтчүнүн мындай деп жазганы бар: "1962-жылдар эле. Менин көз алдымда чүкөдөй болгон абышканын образы туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, андан манас айтууну сурандым эле… Күн сайын иштейбиз. Кээде унчукпай отура берет, мен тарта берем. Манас айткан учурларын магнитофонго жаздырып алчумун. Бир күнү өзү эле, айттырбай эле манасты төгүп кирди. Узакка айтты. Төрт саат айтты окшойт… Магнитофонумдун пленкасы да бүттү. Араң токтоду. Менин алдымда бир алп пайда болгондой сезим калтырды. Айтып бүттү да, өнөркананын короосуна чыгып кетти. Бир нече убакыттан кийин эшиктен кирсе, мен бир аз мурда көз албай тиктеген алп манасчы эмес, баягы эле жөнөкөй абышкага айланды. Бул деген улуу дух экенин ошондо сезип, таң бердим". Ошол таасирлерден улам улуттук филармониянын алдындагы керемет аянтта 1982-жылы "Манас" скульптуралык комплекси орнотулду: ортодо баарынан бийик, атын алкынтып, кылычын душманга сермеген Манас, бир жагында акылман кары Бакай, бир жагында камбыл жары Каныкей, аларды ороп коргоп тургандай таштан чегилген манасчылар: Саякбай менен Сагынбай, Найманбай менен Тыныбек. Мындай улуттук дух берген баатырдык эпоско арналып коюлган эстелик компекс дүйнөдө сейрек кездешет. Садыковдун "Манасы" Кытайда, Москвада, Нью-Йоркто, БУУнун имаратынын жанында, Баткенде коюлду. Бул ташка айланган "Манастар" улутубуздун улуулугун, дүйнөлүк масштабда чыгармачылык бийиктикке көтөрүлгөн скульптордун эмгегин даңазалап турат. Анын дагы бир мыкты эмгеги, дастанды жан дили менен айтып жаткан айкели кызыл гранит менен жасалып, азыркы "Ынтымак ордо" менен "Манас" театрынын жанына орнотулду.
Чыңгыз Айтматов жана Тургунбай Садыков. СССРдин №1 сыйлыгы болуп эсептелген Лениндик сыйлыкты алган тарыхта эки эле кыргыз болгон. Ушул экөө. Экөө тең СССРдин ири коомдук ишмерлери жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары катары ээрчишип жүрчү, экөө тең бир катар коомдук уюмдардын мүчөсү болгон. Улуу жазуучу улуу сүрөтчүгө мындай баа берет: "Ташты чегелеп, жандуудай сүйлөтө билген өнөрдүн тили ырастан эле түбөлүктүү тил экен го деп ойлойм, болбосо, Садыков менен азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн искусствосун байыркы түркий искусстводон – кыпчактардын бир кезде Азиянын жана Түштүк Европанын талаа-түздөрүнө кеңири таралган таш эстеликтеринен асман менен жердей алыс, чоң тарыхый аралык бөлүп турат, ошентсе да алардын бири-бирине жакын жактары көп. Ошол доорлордон бизге мурас болуп калган бабалардын ыйык көрүстөн статуяларынын фонунда азыркы сүрөтчүлөрдүн өлчөөсүз өскөн кесипкерлик чеберчилиги менен реалисттик терең жетиктиги дүйнө таануу жагынан бизди күндөрдөгү эстетиканын бийиктигин жана өрүшү кенендигин көрсөтөт. Кыргыз скульптору Тургунбай Садыков – өркөнү өскөн ошол жаңы искусствонун эң мыкты өкүлдөрүнүн бири". Тургунбай Садыков дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде айтматовдук каармандардын бири катары жүргөн, СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованы "Саманчынын жолу" повестиндеги Толгонай катары элестетип, ошентип эмгегин жараткан.1995-жылы "Жазуучу Айтматов" деген скульптуралык ишин жасаган, анда ал коло портретте дүйнөгө башкача бир көз салып турган чыгармачыл адамдын образын чагылдырган.
Портрет жараткан монументалист. Эмгектеринде таанымал адамдардын айкелдери өзгөчө орунда турат, жогоруда айткан Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Даркүл Күйүковадан тышкары Гапар Айтиевдин (1966), Уркуя Салиеванын (1973), Мирсаид Миррахимовдун (1977), Максим Аммосовдун (2012) портреттери — көп жылдык мээнеттин акыбети. Булардын тышкары, анын эмгектеринин катарында: комузчу Карамолдо Орозовдун, акын Омор Султановдун, актёр Муратбек Рыскуловдун, хирург Мамбет Мамакеевдин, акындар Токтогул Сатылгановдун, Калык Акиевдин, геолог-академик Муса Адышевдин, химик аалым Үсөн Асановдун, жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбековдун, Төлөгөн Касымбековдун, кызылчачы Зууракан Кайназарованын, балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын портреттери бар. Мындай иштери дагы көп, алардын баарын чогултса чоң музей болмок. Эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия, Кытай, Казакстан ж.б. өлкөлөрдүн музейлерине жана айкелдер парктарына орнотулган.
Революция каармандары. Кыргыз маданиятындагы жана борбор шаардагы чоң окуя — 1980-жылы "Революция каармандарына" деген эстелик комплекстин ачылышы болгон. Анда скульптор Тургунбай Садыков колхоз курулушуна активдүү катышып душмандарынын колунан мыкаачылык менен каза болгон ноокаттык Уркуя Салиеванын бейнесин негиз кылып алат. Бул эстелик ачык аянтка, бийигирээк жерге орнотулган, каарман аял сол колуна революциянын желегин желбиретип, оң колу менен арттагы элди колхоз курууга тартып жаткандай. Жанына бир нече карапайым адамдардын айкелдери да коюлган. Монументалдык комплекстин руху аябай бийик, ары-бери өткөндөрдүн тарыхый акыл-эсине, мекенчилдик сезимдерине таасир этип турат. Бул монументти автор 12 жылда бүтүргөн. 1975-жылы февралда Москва облусундагы Мытищинск заводунда "Революциянын каармандарынын" сегиз метрлик бөлүгү — аялдын келбети колодон жасалып алып келинген.
"Эркиндик" эстелиги. Скульптордун эң бактылуу да, эң кайгылуу да эмгеги — ушул эстелик. Үй-бүлө кутунун символу болгон, кыргыздар үчүн жаратылыш менен гармонияны түзгөн боз үйдүн түндүгүн кармаган канатчан Аял-эне Жер шарынын түндүгүнөн көккө кол сермеп турат. Бул бийик монумент өлкөнүн башкы аянтына 1999-жылы орнотулган. Кийин 2018-жылдын 28-ноябрында алынып, ошондон бери Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын кампасында. Бул тууралуу бир топ жыл маданият министри болгон Султан Раев мындай деп жазды: "…Бир күнү Тургунбай Садыков телефон чалып калды. Экөөбүз Бишкектин Советский-Школьный тарабындагы бир мекеменин короо тарабында жолуга турган болдук. Ал жерге үч күн мурда барып келген элем…Эртеси агайды болжошкон жерден күтүп алдым. Короонун төр жагында жаткан эстеликти көргөндө агай бир паска тык токтоп калды… Эстеликке келип, анын канатын колу менен жумшак сылады. Бу эстелик агайдын жаны менен бирдей болуп калгандыгы жүзүнөн байкалып турду. Негедир ал эстеликтин баш жагына, жерде жаткан аялдын жүзүнө тике карай албай кылчактап турду… Агайдын ички сезимдерине жолтоо болбоюн деген ниетте эстеликтин аяк тарабына өттүм. Акырын колу менен эстеликти кармалап, агай аялдын жүзүнө дале батынып карай албай турду… Бу эстелик нечен жылдар бою өлкөнүн башкы аянтында турду. Канча адам келип, канча адам көрдү, борбордун символдорунун бири эле. Эми жерде жатты, кудум жүрөгүнө жаанын огу тийгендей жаралуу жатты... Аялдын эки канатынын ортосунан агайды байкап турдум. Жанына бара албадым. Агай аялдын жүзүн көкүрөктөн сыгылып чыккан куса менен, адамдык куса менен карады. Бир азга эстелик менен үн-сөзсүз сүйлөштү. Эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз… Бир маалда агайдын көзүнөн билинер-билинбес жашты көрдүм. Негедир агайдын жүүнү бошой түшкөндөй болду. Бу аялдын жүзү Майрам Акаеваныкы деп нечен оозуна алы жетпегендер да, жеткендер да сындады. Эстеликтен, искусство предметинен саясат чыгарды. Агайдын көз жашынын тамчыларынын сыры мага белгисиз эле. Бу аялдын жүзү Майрам Акаевага таптакыр окшош эместигин өткөн жолу келгенде көрүп да кеттим. Агайдын эмгегине канчасы сынчы чыкты. Бирөөнө жооп берген жок. Баарын ичине катты. Баарын көтөрдү… Көрсө, бу аялдын жүзү агайдын кызына, мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн кызынын жүзүнө окшойт экен. Бир жылдары бул окуя эл арасына катуу таркаган. Түн жарымда мыкаачылар үйүнөн сүйрөп чыгып, Бөсбөлтөк жакта бычак менен былчылдата сайганын, алардын колунан жан бергенин укканым бар эле… А кезде оор кайгыга батса, жер кучактап жаткан эстеликти көргөндө дагы бир оор кайгыга батты…" Бул жерде жазуучудан өткөрө бир нерсе айтуу да кыйын...
Педагог. Дүйнөдө көп атактуу чыгармачыл адамдар бар, алардын бир катары шакирт даярдаса, бир кыйласы артынан эч кимди өстүрбөйт. Тургунбай Садыковдун эң чоң эмгеги — искусство адамдарын даярдоого кошкон салымы. 1998-жылы Бишкектеги Көркөм сүрөт окуу жайына директор болуп иштеп, кийин ал КР Улуттук көркөм сүрөт академиясына айланганда (2010) ректорлук кызматка дайындалат. Билим берүү, чыгармачыл адамдарды тарбиялоо багытындагы эмгеги — улуттук маданият үчүн өзгөчө баа жеткис кызматтар.
Үй-бүлөсү. Карындашы 1942-жылы туулган Айнагүл Садыкова да сүрөтчү, бир катар фильмдердин сүрөтчүсү болгон. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Жубайы Берметке 24 жашында баш кошкон, кесиби – курулуш инженери. Экөөнүн уулу Улан да сүрөтчү, айкелчи, профессор-педагог, Москвадан Сүрөт академиясын аяктаган. Кызы Чынара 25 жашында келбес жайга кетсе, жакында эле жогорудагы уулу да ооруп жүрүп, каза болуп калды. Бул капилет келген өлүмдөр сүрөтчүгө катуу тийди, ар тараптан өксүттү. Эми 90 жашка келген журт аксакалы эл сыймыгы болуп калк ичинде кадыр-барк менен жүрө берсин дейбиз.