Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү кандай өттү. Сүрөт баян
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү кандай өттү. Сүрөт баян
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү чоң салтанат менен өттү. Сунушталган сүрөттөрдө эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө салым кошо турган ар кыл... 03.11.2025, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү чоң салтанат менен өттү. Сунушталган сүрөттөрдө эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө салым кошо турган ар кыл иш-чаралардын эсте каларлык ирмемдери чагылдырылган. 29-октябрдан 2-ноябрга чейин өлкө тургундары россиялык маданиятка сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Россиянын Маданият министрлиги менен Росконцерттин колдоосунда уюштурулган иш-чара чыныгы майрамга айланды. Тема боюнча:
Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү чоң салтанат менен өттү. Сунушталган сүрөттөрдө эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө салым кошо турган ар кыл иш-чаралардын эсте каларлык ирмемдери чагылдырылган.
29-октябрдан 2-ноябрга чейин өлкө тургундары россиялык маданиятка сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Россиянын Маданият министрлиги менен Росконцерттин колдоосунда уюштурулган иш-чара чыныгы майрамга айланды.
Сергей Жилиндин жетекчилиги алдындагы "Фонограф‑Симфо Джаз" оркестри концерттин көркүн ачты. Эстрада менен классикалык жана аспаптык музыканын айкалышы көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты.
Музыка ышкыбоздору филармониянын сахнасынан Россиянын алдыңкы артисттеринин чеберчилигине, түрдүү жанрларга күбө болушту. Мындан улам иш-чара өзгөчө маданий окуя болуп калды.
Россиянын маданият министри Ольга Любимова "Кыргызстан-2025" кинофестивалынын ачылышында көрсөтүүгө тандалган тасмалардын баары ортодогу алаканы бекемдей турганын белгиледи
Россия киносунун фестивалы борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында өттү. Аны режиссер Никита Высоцкийдин советтик контрчалгынчылардын 1944-жылдын жайындагы ишин көрсөткөн аскердик драмасы ачты
"12" — 18 жаштагы чечен уландын асырап алган офицер атасынын өлүмүнө тиешелүүлүгүн аныктай турган 12 сот арачысы жөнүндө чыгарма. 3,5 саатка созулган кинокартина кызуу талкууга жем таштады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго Достук орденин тапшырды. Өкмөт башчы режиссерду 80 жылдыгы менен куттуктап, дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымын белгиледи.
Россиянын маданият министри Ольга Любимова Адылбек Касымалиевдин кабыл алуусунда болуп, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга жасалган сапар кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.