https://sputnik.kg/20251007/akshdagy-shatdaunda-tramp-demokrattarga-kayryldy-1096984824.html
АКШдагы шатдаун: Сенат эч нерсе кыла албай, Трамп демократтарга кайрылды
АКШдагы шатдаун: Сенат эч нерсе кыла албай, Трамп демократтарга кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ Сенаты алты күндүк шатдаунду токтотуу жана өкмөттүн ишинин кыска мөөнөткө ачылышын шарттай турган мыйзам долбоорун колдой албай... 07.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-07T09:56+0600
2025-10-07T09:56+0600
2025-10-07T09:56+0600
дүйнөдө
акш
шатдаун
дональд трамп
экономика
сенат
өкмөт
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/07/1096983927_0:18:3072:1746_1920x0_80_0_0_21be1e9dd87fe7b1247ed5f1f99a56b1.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ Сенаты алты күндүк шатдаунду токтотуу жана өкмөттүн ишинин кыска мөөнөткө ачылышын шарттай турган мыйзам долбоорун колдой албай койду. Бул туурасында РИА Новости жыйындын жүрүшүн түз алып берген C-Span телеканалына шилтеме кылып кабарлады. Шатдаунду ооздуктоо үчүн 60 добуш керек эле, бирок сенаторлор ал көрсөткүчкө жете алган жок. Андан мурдараак дал ушул күнү демократтар сунуштаган, Obamacare программасы боюнча субсидияларды узартууну камтыган ушуга окшош мыйзам долбоору республикачылардын каршылыгынан улам четке кагылган. Мындай кадамдан кийин АКШ президент Дональд Трамп демократтардын өкүлдөрүнө жолугуп, аларды республикачылар менен тирештирген маселелерди талкуулоого даяр экендигин айтты. Ал биринчи иретте Сенат Америка өкмөтүнүн ишти башташына мүмкүнчүлүк бериши зарыл болуп турганын дагы бир ирет эске салды. АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин болбогону федералдык бийликти ишин токтотууга аргасыз кылды. Бул сапар анын капшабына 800 миңден ашык, тагыраагы, кызматкерлердин 40 пайызга жакыны кабылды. Республикачылар Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөйт, бирок Сенаттын өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда 60 добушу керек. Учурда башкаруучу партияда болгону 53 мандат бар. АКШ президенти Дональд Трамп шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдоном деп сөөмөй кезеген. Бул учурда америкалык аскерлер кызматын толук өтөп жатышат, федералдык тартип сактоо органдары ишке чыгууга аргасыз. Анткен менен айлык төлөнбөйт. Эксперттер шатдаундун ар бир аптасы АКШнын ички дүң продукциясын 0,1-0,2 пайызга төмөндөтүп отурарын айткан. Эгерде бул каатчылык созулуп кетсе, кесепети экономиканы оңдурбай турганын кошумчалашкан.
https://sputnik.kg/20251006/akshdagy-shatdaun-bir-zhumaga-sozulushu-mumkun-1096976306.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/07/1096983927_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d0cad36160589c7d7b4cb0be8edddb37.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, шатдаун, дональд трамп, экономика, сенат, өкмөт
дүйнөдө, акш, шатдаун, дональд трамп, экономика, сенат, өкмөт
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ Сенаты алты күндүк шатдаунду токтотуу жана өкмөттүн ишинин кыска мөөнөткө ачылышын шарттай турган мыйзам долбоорун колдой албай койду. Бул туурасында
РИА Новости жыйындын жүрүшүн түз алып берген C-Span телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
Шатдаунду ооздуктоо үчүн 60 добуш керек эле, бирок сенаторлор ал көрсөткүчкө жете алган жок.
Андан мурдараак дал ушул күнү демократтар сунуштаган, Obamacare программасы боюнча субсидияларды узартууну камтыган ушуга окшош мыйзам долбоору республикачылардын каршылыгынан улам четке кагылган.
Мындай кадамдан кийин АКШ президент Дональд Трамп демократтардын өкүлдөрүнө жолугуп, аларды республикачылар менен тирештирген маселелерди талкуулоого даяр экендигин айтты. Ал биринчи иретте Сенат Америка өкмөтүнүн ишти башташына мүмкүнчүлүк бериши зарыл болуп турганын дагы бир ирет эске салды.
"Мен демократтар менен алардын саламаттык сактоо жана башка маселелер боюнча ишке ашпай калган саясаты боюнча иш алып барууга макулмун. Адегенде алар биздин өкмөттүн ишин жаңылашы керек. Демократтар өкмөттүн ишин бүгүн кечинде ачканы туура болот", — деген Трамп.
АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин болбогону федералдык бийликти ишин токтотууга аргасыз кылды. Бул сапар анын капшабына 800 миңден ашык, тагыраагы, кызматкерлердин 40 пайызга жакыны кабылды.
Республикачылар Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөйт, бирок Сенаттын өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда 60 добушу керек. Учурда башкаруучу партияда болгону 53 мандат бар.
АКШ президенти Дональд Трамп шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдоном деп сөөмөй кезеген. Бул учурда америкалык аскерлер кызматын толук өтөп жатышат, федералдык тартип сактоо органдары ишке чыгууга аргасыз. Анткен менен айлык төлөнбөйт.
Эксперттер шатдаундун ар бир аптасы АКШнын ички дүң продукциясын 0,1-0,2 пайызга төмөндөтүп отурарын айткан. Эгерде бул каатчылык созулуп кетсе, кесепети экономиканы оңдурбай турганын кошумчалашкан.