00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуш талаасында баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Зачем в Кыргызстане разделили Минобразования — и при чём тут экономика
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Наследники
Возвращались живыми, если стрелком был он: жизнь и подвиги полного кавалера Ордена Славы из Кыргызстана Абдыкасыма Карымшакова
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак-жайга баа арзандайбы? Эксперт менен маек
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Медицинага жолун Ишеналы Арабаев ачкан. Академик Какиш Рыскулованы эскерүү

© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойБорбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова (сол жакта)
Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова (сол жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2025
Жазылуу
Какиш Рыскулова атасынан эрте ажыраган. Анын медицинага келишине Рыскулдун аталаш иниси, агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин эмгеги чоң. Какиш Рыскулова — жөнөкөй фельдшерден академикке чейин жеткен, уникалдуу операцияларды жасаган кыргыз кызы.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында медицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахатбек Оморов менен Какиш Рыскулованын өмүрү жана ишмердиги тууралуу баарлаштык. Ал Рыскулова медицинада өз мектебин түптөп кеткенин белгиледи.
— Эмгек жолуңузда Какиш Рыскулова менен иштешип, анын шакирти болуу бактысына эгедер болгон экенсиз...
— Какиш Рыскулова кылым карыткан киши. Өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Медициналык институтту бүткөндө алгач Токмокто хирургия тармагында иштеп, андан кийин Какиш Рыскулованын окуучусу болууну көздөп, кол алдына келдим. Какиш эженин көп жакшы сапаттары бар эле. Интернационалист болчу. Ооруканабызда орус, казак, өзбек өңдүү 15 улуттун өкүлү иштечү. Экинчиден, бул киши трайбализмди билчү эмес. Адамдын ишине, кесипкөйлүгүнө гана карап ишке алчу. Кандидаттык ишимде да, докторлук ишимде да жектекчи болду. Кадрларды өстүрүү жаатында чебер эле. Бизде көп белгилүү врачтар, жетекчилер кайсы бир чекке жеткенде өзүмчүл боло баштайт. Өзүнүн гана кишилерин карап, башкаларды бөлүп, өстүрбөйт. Какиш Рыскулова баарыбызга бирдей карачу.
Бир ирет биздин ооруканага Социалисттик Эмгектин Баатыры жатып калды. Ага ошол кездеги сейрек жасалуучу операция талап кылынып, Какиш Рыскулова мага "эртең даярдан" деп койду. "Ассистент катары кирем го" деп ойлогом. Анан операция болордо өзү ассистент жакка өтүп, мага "жаса" деп ишарат кылды. Ошол операцияны жети саат жасадык. Какиш Рыскуловна абдан кылдат жасачу. Көрсө мага ишенип, кадр катары өстүрөйүн деп жаткан экен. Операция абдан жакшы өттү. Бейтап да сакайып, ооруканадан бат эле чыгып кеткен. Биз көбүнчө эхинококкоз, өт ооруларын дарылайбыз. Какиш Рыскулова илимдин 8 докторун жана 20га жакын кандидат чыгарды. Ал убакта башка кафедраларга салыштырмалуу бизде илимий иш жактагандар көп эле. Азыр эми бардык жакта жайнап кетти. Мурда илимдин кандидаттыгын жактоо кыйын болчу. Медицина илимдеринин кандидаты болуу абдан мартабалуу, бийик даража эле.
© Sputnik / Арууке АмирдиноваМедицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахатбек Оморов
Доктор медицинских наук, академик, член-корреспондент НАН Рахатбек Оморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2025
Медицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахатбек Оморов
— Өзү кимден таалим алган?
— Какиш эже Иса Ахунбаев, Зыфар Игембердиевдин да мугалими, белгилүү онколог-хирург Анатолий Кругловдун окуучусу болгон. Өмүрүнүн акырында Круглов кафедра башчылыгын Рыскуловага өткөрүп берген. Какиш эже Үркүндөн кийин 1918-жылы азыркы Ысык-Атадагы Карагай-Булак айылынан ары Четинди деген айылда төрөлгөн. Атасынан эрте калган кызга атасынын бир тууганы Ишенаалы Арабаев көп жардам берип, камкордук кылган экен. Бир окуясын билем. Таякеси баласы менен Какиш эжени "окутам" деп атка учкаштырып шаарды көздөй келе жатып, Ала-Арча суусунан биринчи эжени өткөрөт. Кайра баласын алып өтүп келе жатып аты менен агып өлүшүптүр. Ал кезде Ала-Арча суусу күрпүлдөп кирип турган убагы экен. Анан бактын түбүндө ыйлап отурган кызды эл таап, Ишеналы Арабаевдин үйүнө жеткиришип, ал карындашын колуна алып, окутуптур. Какиш эже да алгач шаарга артист болууну көздөп келет. Сайра Кийизбаева менен таанышып, театрда иштөөнү максат кылган. Бирок Ишенаалы Арабаев "кызым, азыр элге медиктер керек" деп медицина тармагына багыт берген экен. Ошентип Бишкектеги медициналык училищенин алгачкы бүтүрүүчүлөрү ушул Какиш эжелер болгон. Окууну бүткөндө Зардалыга жиберилип, ошол жакта иштейт. Кийин Нарынга фельдшер болуп которулуп келет. Кыргызстанда Медицина институту ачылып, анда билим алып, андан кийин Фрунзеге Анатолий Круглов келип, анын жетекчилиги менен кандидаттыгын жактаган. Кийин жарадар болгон жоокерлердин кесилген нервдерин калыбына келтирүү жаатында докторлук ишин коргойт.
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойБорбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова
Первая женщина-хирург в Центральной Азии Какиш Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2025
Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова
— Жеке жашоосу тууралуу эмне айта аласыз?
— Жолдошу менен кандайча ажырашып кеткенин билбейм. Эки кыз, бир уулун өзү багып өстүрдү. Сиңдисинин да баласын чоңойтту. Балдарынын баарын окутту. Бир кызы стоматолог, экинчи кызы балет бийчиси болду. Жашоодо көп кыйынчылыктарды да көрдү. Семен Чуйковдун "Кыргызстандын кызы" деген белгилүү сүрөтү ушул Какиш Рыскуловага арналгандай сезиле берет. Бул кишиде кытмырлык, өзүмчүлдүк сапат жок эле. Башкаларды да ойлоп, алардын да өсүп-өнүгүшүнө кам көрүп турчу. Көп жыл эриш-аркак иштештик. Мага да ишенип калды көрүнөт. Ал киши 75 жашка келгенде экөөбүз бир чоң операцияга кирдик. Операциядан кийин Москвадан келген таттууларды коюп "жүр, чай ичели" деп чакырды. Ошондо чай үстүндө "балам, мен бүгүндөн баштап хирургияны токтоттум" деди. Мен ал кезде 35 жашка барып калгам. Бул киши менен көптөгөн илимий конференцияларга бардым. Барган жеринен сый-урматка бөлөнгөн учурларын өз көзүм менен көрүп жүрдүм.
Какиш эже коомдук иштерге да абдан активдүү катышчу. Убагында Төрөбай Кулатовдун орун басары болду. Ошол учурда азыркы биздин №1 оорукананы куруп берди. Дүйнөдө тынчтык орнотуу демилгесинин алкагында көптөгөн өлкөлөргө барып келди. Ушул кишинин окуучусу болуп калганым үчүн абдан бактылуумун. Республикада биринчилерден болуп ашказанга операция жасады. Ал кезде канча операция жасаганы саналчу эмес, менимче, 20 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калды. Эхинококкозго, альвеококкозго, уйку безинин рагына, жасалма кызыл өңгөчкө биринчилерден болуп Какиш Рыскулованын түптөп кеткен мектеби, шакирттери операция жасадык. Трансплантацияга да шакирттерим даяр. Мурда жылына болгону 1000дей операция жасачубуз, азыр күнүнө 20дай операция жасайбыз.
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойБорбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова
Первая женщина-хирург в Центральной Азии Какиш Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2025
Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова
— Шакирттерине кеменгерлик менен жол ачканын айттыңыз. Ачуусуна тийип алган учурларыңыз болдубу?
— Бул киши калп айтканды аябай жаман көрчү. Даталуу күндөрү "Суусамыр" ресторанында эмгек жамаатыбыз менен отуруп калчубуз. Кыраакы киши да, баарын байкап турчу. Кийин өзүнчө чакырып, чекилик кетиргендер менен акырын сүйлөшүп койчу. Иса Ахунбаев каза болгондон кийин шакирттеринин бир тобу илимий ишин жактай албай ара жолдо калышты. Ошондо да Какиш Рыскулова баарын алдыга сүйрөп жактаткан. Бул киши адамды бир карап эле мындан бир нерсе чыгат же чыкпайт деп электен өткөрүп койчу. Хирургия чоң кылдаттыкты талап кылат да. Кийин кызматтан кеткенде ордуна мени калтырып кетти. 85 жашында Какиш Рыскуловага операция жасадым. Үйүнөн алып келе жатсам, "мындай жаса, андай жаса" деп үйрөтүп коёт (күлүп). Мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Анткени окутуучуңа операция жасоо оңой эмес да. Аябай корктум. Анан операциядан жакшы чыкканда "апа, сиз мени эки жолу аман алып калдыңыз. Биринчисинде мугалим катары адам кылдыңыз, экинчисинде операциядан жакшы чыгып жүзүмдү эл алдында жарык кылдыңыз" дедим. Карыган киши бир нерсе болуп кетсе "окуучусунун колунан өлгөн" деген сөзгө калмакмын да. Бирок аябай тың болчу, 95 жашында да троллейбуска түшүп конференцияларга өзү келип калчу. "Апа, жеткирейин, же келерде мага чалыңыз" десем, "жок, басып турушум керек, жатсам турбай калам" дечү. Ошол чын эле экен.
© Sputnik / Арууке АмирдиноваМедицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахатбек Оморов
Доктор медицинских наук, академик, член-корреспондент НАН Рахатбек Оморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2025
Медицина илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахатбек Оморов
— Ишеналы Арабаевдин каралоого туш болгону Какиш Рыскуловага да таасирин тийгизгени айтылат...
— Какиш эже Арабаевди молдоке деп тергеп койчу. Мурда окуган-чокуган адамдарды "молдо" деп коюшкан эмеспи. Ооба, ошондой кезде медучилищеден чыгаруу боюнча маселе көтөрүлүп, бирок кайра окуп калганын укканым бар. Какиш Рыскулова өз заманынын мыктысы болду. Орто Азияда аялдардын ичинде биринчи ушул киши академик даражасына жетти. Эмгек Кызыл Туу орденинен баштап, Манас орденине чейин алды. Какиш Рыскуловнанын 100 жылдыгын өткөрдүк. Кийин каза болгондо акыркы сапарга өзүм узаттым. Ал фельдшерден баштап, академикке чейин жетти. Бул оңой жол эмес. Ысымы медучилищеге берилбей калды, бирок №1 ооруканага ыйгардык. Азыр эстелигин жасатууга чуркап жүрөм. Эскизи даяр. Болгону каржы жагынан тартыштык болууда. Учурда биздин оорукананын дубалында Какиш Рыскулованын медицинадагы баскан жолу чагылдырылган баральеф бар. Ошону медучилищеге коюуну ойлоп жатам, аны көргөн студенттер деле "окусам мен деле академик болот экенмин да" деп шыктансын деген тилек. Өмүрүнүн акыркы күндөрү чет мамлекетте болчумун. Атайын күтүп жаткандай мен учуп келген күнү үзүлдү. Мага ошондой сезилди.
Диктор, КТРКнын биринчи башкы директору Сатыбалды Жээнбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Жолдошумдун сөзүн каза болгондон кийин түшүндүм. Сатыбалды Жээнбековду эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0