00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошумдун сөзүн каза болгондон кийин түшүндүм. Сатыбалды Жээнбековду эскерүү

© Фото / из личного архива Кайрата СатыбалдиеваДиктор, КТРКнын биринчи башкы директору Сатыбалды Жээнбеков. Архивдик сүрөт
Диктор, КТРКнын биринчи башкы директору Сатыбалды Жээнбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Жазылуу
Сатыбалды Жээнбеков деген ысым 1990-жылдары Кыргызстанда абдан белгилүү эле. Диктор, мамлекеттик ишмер катары ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан Жээнбековду эл кийинки президент катары да көрө баштаган.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Фатима Арипова жана уулу Азат Жээнбеков болду. Биз коңур үнү, принципиалдуу, акыйкат жана чыгаан инсан катары өлкө тарыхында калган Сатыбалды Жээнбеков тууралуу маектештик.
— Алгач Сатыбалды Жээнбековдун ата-теги, бала кези тууралуу сөз кылсак...
Фатима Арипова: — Сатыбалды Жээнбеков 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Азыркы тапта мектебине Сатыбалды Жээнбековдун ысымы ыйгарылган. Мектепти бүткөндөн кийин борбордогу филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуп баштайт. Бирок атасы ал тандоосуна каршы болуп, "биздин айылда ырчы болгон эмес" деп окутпай койгон экен. Ошентип, бир жыл айылда жүргөндөн кийин Москвадагы Мичурин атындагы педагогикалык институтка тапшырып, ал жактан орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Окууну бүтүп келери менен мурда өзү билим алып кеткен Сузак районундагы Пушкин атындагы мектепке мугалим болуп орношот. Көп өтпөй 23-24 жашында ошол мектепке жетекчи болуп дайындалган. 1982-жылы телеге дикторлорду тандоо жүрүп жатканын угуп, өз күчүн сынап көрүүнү чечип келет. Сынактан дароо өтүп, мамлекеттик каналда диктор болуп иштеп калган. Бирок көп иштеген жок. Профком, телевидениенин төрагасы болду. Кыскасы, эмгегинин аркасы менен улам жолу ачылып, ийгиликтерге жетише берди. Ишке абдан берилген адам эле. Бүт дитин койчу. Диктор катары айылдан жаңы келгенде да эч кимди тааныбайт. Таңкы эфирлерге өзү суранып чыкчу экен. Алгач батир жок, ошол редакцияда түнөп иштеп жүрүптүр.
© Sputnik / Асылбек БактыбековСатыбалды Жээнбековдун жубайы Фатима Арипова жана уулу Азат Жээнбеков
Жена диктора Сатыбалды Жээнбекова Фатима Арипова и сын Азат Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Фатима Арипова жана уулу Азат Жээнбеков
— Ал кезде үйлөнгөн беле?
Ф.А.: — Жок, ал кезде үйлөнө элек болчу. Мен азыркы Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайдын 2-курсунда окуп жүргөндө, ал директордун эки айлык курсуна окууга келгенде таанышканбыз. Биздин жатаканабыз 10-кичи район жакта болчу.
— Диктор болуп жүрүп эле өлкөнүн саясий-экономикалык тармагына кантип аралашып калды?
Ф.А.: — Өзүн ошол тармактан да көрдү болушу керек. Журналист, баяндамачы катары маек алып, интервью берип да жүрдү. Кийин телевидениеге төрага болгондо "дикторлор өздөрү текст даярдап, интервью алсын" деген демилге көтөргөн. Ошентип жүрүп сиз айткан тармакка да аралашып кетти. Эл турмушуна жакын болгондуктан го.
— Белгилүү адамдардын уул-кыздары адатта атасы көп убактысын иште өткөргөнүн айтып калышат. Сиздерде бул жагы кандай болду?
Азат Жээнбеков: — Атам каза болгондо мен 9 жашта элем. Абдан сүрдүү көрүнчү. Бирок ошол эле маалда өтө мээримдүү болчу. Башына чыгып алып деле ойной берчүбүз. Катуу айтчу эмес. Бизди отургузуп алып чоң кишидей сүйлөшө бергенин көргөн апабыз "булар түшүнмөк беле, бала да" десе, "азыр түшүнбөсө, кийин чоңойгондо сөздөрүмдү талдап алышат" деп койчу. Жумуштан кеч келгенине карабай баарыбыз күтчүбүз. Анан чогуу кечки тамакты ичкен соң мультфильм көрчүбүз. Мейман келген күнү апабыз залга кирүүгө бизге тыюу салса, атам киргизип, коноктор менен учураштырып, "эми, балдарым, эфирден көрүшкөнчө" деп чыгарып койчу. Чогуу ойночубуз. Үйдө да атам көп жазчу. Жылына жайкысын Жалал-Абадга барып, Чычкандан тамактанар элек. Көлгө да барчубуз. Убактысы тартыш болсо да бизге дайыма убакыт бөлчү. Ар дайым "кудайдан корккула, чындыкты сүйлөгүлө" дечү. Кээде агам экөөбүз тентектик кылып бир нерсени бузуп алсак, ким кылды деп сураса коркуп актанабыз. Ансайын ачуусу келип "чындыкты айткыла, урушпайм" дейт. Кийин дароо эле "мен кылдым" деп мойнубузга алып калганбыз. Ошондо атабыз каткырып күлүп, ыраазы болуп калар эле. Жаңылыктарын көрүп бүткөн соң биз менен отуруп алып видеокассетадан кино көрчүбүз. Абдан мээримдүү ата болду.
Ф.А.: — "Калп сүйлөбөгүлө" деп көп айтчу. Кандай, эмне иш кылсак да чындыкты талап кылчу.
А.Ж.: — Анан да "уурдабагыла" дечү. Биз атамдан "Жан Клод Ван Даммдан коркосуңбу? Брюс Лиденчи?" деп сурай берер элек. Атамдын эч кимден коркпой турганын угуп, "койчу, ал деген Брюс Ли да" десек, "мен бир гана кудайдан корком. Кандай иш кылсаңар да кудай көрүп турат. Ошондуктан жаман иш жасабаганга аракет кылгыла" дечү. Классташтарым, досторум менен үйгө келип ойноп жатканда атамды көрүп коркуп кетишчү. Кээси ыйлап да жиберер эле. Ошончолук сүрдүү болчу. Аны байкаган атам балдарды тамашалап, эркелетип коёр эле.
Ф.А.: — Булар аябай тентек болчу. Кээде мен катуу урушуп койчумун. Андайда жолдошум "балдар менен теңелип алдың го" дечү. Мени балдар тоготушчу эмес. Бирок "атаңарга айтам" деп коркутчумун, анда атасы "сен эмне мени балдарга каракчы көрсөтүп жатасың" дейт тамашалап. Ошондо да урушпайт, кээде кабинетине алып кирип кетет. "Урушуп жатат го" десем, акырын сүйлөшүп отурганын көрчүмүн. Атасы балдарынын чекесине да черткен эмес. Ошондуктан азыр кээ бир аталардын балдарын урганы буларга өөн көрүнөт.
© Фото / из личного архива Кайрата СатыбалдиеваФатима Арипова: — Ишке абдан берилген адам эле. Бүт дитин койчу. Диктор катары айылдан жаңы келгенде да эч кимди тааныбайт. Таңкы эфирлерге өзү суранып чыкчу экен. Алгач батир жок, ошол редакцияда түнөп иштеп жүрүптүр
Диктор, первый генеральный директор КТРК Сатыбалды Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Фатима Арипова: — Ишке абдан берилген адам эле. Бүт дитин койчу. Диктор катары айылдан жаңы келгенде да эч кимди тааныбайт. Таңкы эфирлерге өзү суранып чыкчу экен. Алгач батир жок, ошол редакцияда түнөп иштеп жүрүптүр
— Үйдүн түйшүгү негизи аял кишиге жүктөлүп калат. Анын үстүнө ишмер адамдар убактысын өтө сарамжал пайдаланууга аракет кылат эмеспи. Жолдошуңуз мейманга, тойго барганды да жактырбаса керек?
Ф.А.: — Тойго барчубуз, бирок тез эле кетип калчубуз. Аябай көңүл сүйгөн адамы, теңтуштары болсо гана акырына чейин отурчу. Биздин үйдө атабыз келмейинче тамак ичпей күтүп отурчубуз. Телевидениеге төрага болуп калганда эртең менен кетип, кеч келчү.
— Саясатка кандайча аралашып калды?
Ф.А.: — Кайненемдин айтымында, бала кезден эле чынчыл болуптур. Жоро-жолдоштору, өлкөдөгү ар кандай окуялар саясатка аралашуусуна себеп болду көрүнөт. Акаевдин учурунда оппозициялык маанайда жазып жүрдү. Ошол кезде Эркиндик бульварында жашачубуз. Мен көчөгө чыккандан тартынчумун. Анткени биз жашаган үйдө жалаң Акаевдин кадрлары турчу да. Бир ирет жолдошума "эшикке чыккандан тартынып жатам" десем, "сен эмнеге уяласың, алар уялсын" деп койгон.
— Ошол кездеги Ош коогалаңында да Сатыбалды Жээнбеков окуяны жеринен курч чагылдырган журналисттердин бири болгон дешет. Корктуңузбу?
Ф.А.: — Ооба, бирок ошол кезде жаш экенмин да. Апама айтып берип, ал киши жүрөгүн көтөрүп койчу. Байкуш апабыз аябай сарсанаа болгон. Оштон келгенден кийин көргөндөрүн айтса, анан маани бердим. Телевидениеде иштеп, булардын ашканасын жакшы билип калгандыктан "кабинетти кыдырып, чай ичишип, кээ бирлер жөн эле жүрүшөт, кылган иши жок. Мыкты жаш жигиттер көтөрүлө албай жатат. Көбү бир эле көнгөн суроону беришет, "канча төл алдыңыз, тоют кандай болду?" Мындан башка суроосу жокпу? Булар эмне изденишпейби, өсүшпөйбү?" деп нааразы болчу.
— Адатта дикторлор макала жаза албай калышы мүмкүн. Же жазма журналист диктор боло албайт. Ал эми Сатыбалды Жээнбеков мыкты диктор болуу менен бирге эле бийликти безге сайган, элди ойготкон макалаларды жазды. Оппозицияда жүргөнү үй-бүлөсүн кооптондурдубу?
Ф.А.: — Сатыбалды депутаттыкка талапкерлигин койгондо эли колдоп алды. Рахмат. Бийлик улам эле шайлоону буза берди. Чоң балдарымды сиңдиме таштап, кичинекейимди алып айылга мен да баргам. Анан 2-тур бузулганда чыдабай кайра кеткен элем. Сатыбалды 4-турдан өтүп кетти. Бут тосуулар көп болду. Бирок карапайым калк, Сузак, Тогуз-Торонун эли бир добуштан колдоп турду. Эч кимге бир тыйын берген жок. Элге жолукканда "башка талапкерлер тараткандарды ала бергиле, бирок жүрөгүңөрдөгүнү тандагыла" деген жери бар.
А.Ж.: — Ошондогу видеодо "шайлоону бир бузду, 15 миң добуш бердиңер. Экинчи жолу бузушканда 18 миң добуш бердиңер. Ал эми үчүнчүсүндө 35 миң добуш бердиңер. Билбейм эми төртүнчүсүндө мени жөн эле көтөрүп барып отургузуп коюу керек" дегени бар. Атамдын кадыр-баркы аябай жогору болсо керек. Болбосо 35 миң добушту азыр ким алат? Атам "кайсы жерде жүрсөңөр да "Сатыбалды Жээнбековдун баласымын" деп, башыңарды бийик көтөрүп айта аласыңар. Эч ким силерди "уурунун баласы" деп айта албайт" дечү. Чынында атам каза болгондон бери жаман сөз уккан жокпуз. Биз да ал кишинин атын булгап албоого тырышабыз. Эл биринчи эле атамды диктор катары таанышат. Жоопкерчилиги чоң.
© Фото / из личного архива Кайрата СатыбалдиеваАзат Жээнбеков: — Атам каза болгондо мен 9 жашта элем. Абдан сүрдүү көрүнчү. Бирок ошол эле маалда өтө мээримдүү болчу. Башына чыгып алып деле ойной берчүбүз. Катуу айтчу эмес
Диктор, первый генеральный директор КТРК Сатыбалды Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Азат Жээнбеков: — Атам каза болгондо мен 9 жашта элем. Абдан сүрдүү көрүнчү. Бирок ошол эле маалда өтө мээримдүү болчу. Башына чыгып алып деле ойной берчүбүз. Катуу айтчу эмес
— Президенттик шайлоого аттанмак дешет?
Ф.А.: — Эми оюнда болсо керек.
А.Ж.: — Мага "балам, 2000-жылдары президент болобуз" деп айткан. Элге жакын адам болчу. Жайкысын эки ай Жалал-Абадда жүрчүбүз. Үйдө, көчөдө орусча сүйлөшсөк, атам келгенде кыргызча сүйлөчүбүз. Орусча кайрылсак, атам мультфильмдегидей "ничего не понимаю" деп койчу. Апабыз орус мектепти бүткөндүктөн "бир орус жетишет" деп койчу. Азыр юристмин. Буга да атамдын кичинемдеги "өз укугуңду бил" дегени себеп болсо керек.
Ф.А.: — Булар орус бала бакчага барышты. Кийин кыргыз мектепке берсек тилдери бурулбай кыйналышты. Бирок сүйлөп кетишти. Атасы "канчалаган атактуулардын балдары орус болуп калганын көрүп жатам" дечү. Азыр Сатыбалдыга ыраазы болом. Булар орусча окуса кандай балдар болуп калмак эле, билбейм. Неберелерим да кыргызча сүйлөшөт.
© Фото / из личного архива Кайрата СатыбалдиеваФатима Арипова: — Балдарыбыз аябай тентек болчу. Кээде мен катуу урушуп койчумун. Андайда жолдошум "балдар менен теңелип алдың го" дечү. Атасы балдарынын чекесине да черткен эмес. Ошондуктан азыр кээ бир аталардын балдарын урганы буларга өөн көрүнөт
Диктор, первый генеральный директор КТРК Сатыбалды Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2024
Фатима Арипова: — Балдарыбыз аябай тентек болчу. Кээде мен катуу урушуп койчумун. Андайда жолдошум "балдар менен теңелип алдың го" дечү. Атасы балдарынын чекесине да черткен эмес. Ошондуктан азыр кээ бир аталардын балдарын урганы буларга өөн көрүнөт
— Сизге кандай жолдош болду?
Ф.А.: — Курбуларым да сүрдүү көрүнөрүн айтышчу. Көңүл сүйгөн адамдары менен жакшы сүйлөшчү. Үйдөгү ишке такыр киришчү эмес. Иши да жок болчу. Кара жумушка жок эле. Жаратылышынан башкача адам болчу. Балдарды уктатып коюп экөөбүз дасторкон үстүндө көпкө сүйлөшүп отурчубуз. Өлөрүнүн алдында бир жолу ошентип отурганда мага "бул жашоодо балдарың деле аялы менен кетет. Бир тууганың деле өз күнүн көрөт. Эң жакын адам экөөбүз болобуз" десе, ичимден "Сатыбалды эмнени айтып жатат?" деп койгом. Бизди "эң жакының ата-энең, бир тууганың" деп тарбиялаган да. Кийин ал каза болгондон кийин жолдошумдун сөзүнүн маанисин түшүндүм.
— Өтө эрте каза болуп калды. Сырдуу өлүмү тууралуу миң ойлонуп, миң толгонсоңуз керек?
Ф.А.: — Ошол убакта мен үйдө жок болчумун. Сатыбалдынын жээни каза болуп, айылга кеткем. Балдар эшикте ойноп жүрүшүптүр. Кошунам күндүз стол сурап барса, Сатыбалды "балдар сыртымдан бекитип кетти эле" дептир. Ошондо үйдө бирөөлөр бар болчу дешти. Ким келгени белгисиз.
А.Ж.: — Мен, байкем жана атам үчөөбүз үйдө болчубуз. Ошондо атамдын бир инилери келип, сүйлөшүп отуруп кеткен. Эрте жатып алгам. Түндө атам мени тургузуп, "суу алып кел" деди. Алып келдим. Анан "терезени карап тур, тез жардам келет" деди. Тез жардам кеч келди. Алар тамырын таппай, эптеп бир укол сайышты да, алып кетишти. Ага чейин эртең менен чоң таякемдин үйүнө барып, атамды баланча ооруканага которуш керектигин айтуумду тапшырган болчу. Тез жардамга кирерде колун булгады. Мен ыйлап жибердим. Ошондон кийин атамды көргөн жокмун.
КТРКнын алгачкы жетекчиси Сатыбалды Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2020
Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0