https://sputnik.kg/20250429/andrey-titov-kyrgyzstandyk-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093658066.html
Андрей Титов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Андрей Титов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп баатыр наамы ыйгарылган, кыргызстандык каарман жоокерлер жөнүндө... 29.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-29T20:02+0600
2025-04-29T20:02+0600
2025-04-29T20:02+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
андрей титов
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093271672_0:247:680:630_1920x0_80_0_0_053d2c2cfafe5033366019e1e312a3bb.png
Гвардиянын ефрейторору Андрей Титов 1905-жылы 24-июнда Түркстан аймагынын Покровка кыштагында (азыр Кызыл-Суу айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Баштапкы билим алгандан кийин колхоздо иштеген. 1942-жылдын октябрынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун бир нече фронтторунда фашисттерге каршы күрөшкөн. Борбордук фронтто 61-армиянын 7-кавалериялык корпусунда согушат. Атактуу 16-гвардиялык Чернигов кавалериялык дивизиясынын (ал Уфада 112-Башкырт кавалериялык дивизиясы катары түптөлгөн) 60-полкундагы 4-эскадрондо танкага каршы куралды бутага багыттап кызмат өтөгөн. Сталинград фронтунда айыгышкан кармашка кирип, ал жерде үч ай салгылашкан. Андан кийин Орлов-Курск багытында согушат. Днепрден кечкенде каармандыгын көрсөткөн. 1943-жылы 28-сентябрда Титов алгачкылардан болуп Беларустун Гомель облусундагы Брагинск районунун жанынан сүзүп өтүшөт. Вялье кыштагы үчүн кармашта душмандын пулемот менен ок жаадырган үч жерин жок кылат. Бир күндөн кийин Галки кыштагында фашисттер чабуул койгондо пайдаланган куралын талкалайт. СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1944-жылдын 15-январындагы жарлыгы менен "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Андрей Титовго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл жылдыз, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган. 1945-жылы Титов Кыргызстанга кайтып, киндик каны тамган колхоздо башкарма болуп иштейт. 1981-жылы 8-ноябрда каза болуп, Покровка айылына коюлат. Баатырдын элесине арналып өзүнүн айылына мемориалдык такта орнотушкан. Ошондой эле Титовдун ысымы 112-Башкырт кавалериялык дивизиясынын Советтер Союзунун 78 Баатырынын аттары жазылган эскерүү такталарында чегилген. Бул такталар Башкыртсандын Улуттук музейинде жана ошол дивизиянын музейинде орнотулган. Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250429/zhenish-estafetasy-kyrgyzstan-1093634359.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093271672_0:73:681:583_1920x0_80_0_0_b425572b8c30688fae69ac919336588e.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, андрей титов
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, андрей титов
Андрей Титов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп баатыр наамы ыйгарылган, кыргызстандык каарман жоокерлер жөнүндө баяндоосун улантат.
Гвардиянын ефрейторору Андрей Титов
1905-жылы 24-июнда Түркстан аймагынын Покровка кыштагында (азыр Кызыл-Суу айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Баштапкы билим алгандан кийин колхоздо иштеген.
1942-жылдын октябрынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун бир нече фронтторунда фашисттерге каршы күрөшкөн. Борбордук фронтто 61-армиянын 7-кавалериялык корпусунда согушат. Атактуу 16-гвардиялык Чернигов кавалериялык дивизиясынын (ал Уфада 112-Башкырт кавалериялык дивизиясы катары түптөлгөн) 60-полкундагы 4-эскадрондо танкага каршы куралды бутага багыттап кызмат өтөгөн.
Сталинград фронтунда айыгышкан кармашка кирип, ал жерде үч ай салгылашкан. Андан кийин Орлов-Курск багытында согушат.
Днепрден кечкенде каармандыгын көрсөткөн. 1943-жылы 28-сентябрда Титов алгачкылардан болуп Беларустун Гомель облусундагы Брагинск районунун жанынан сүзүп өтүшөт. Вялье кыштагы үчүн кармашта душмандын пулемот менен ок жаадырган үч жерин жок кылат. Бир күндөн кийин Галки кыштагында фашисттер чабуул койгондо пайдаланган куралын талкалайт.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1944-жылдын 15-январындагы жарлыгы менен "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Андрей Титовго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл жылдыз, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.
1945-жылы Титов Кыргызстанга кайтып, киндик каны тамган колхоздо башкарма болуп иштейт. 1981-жылы 8-ноябрда каза болуп, Покровка айылына коюлат.
Баатырдын элесине арналып өзүнүн айылына мемориалдык такта орнотушкан. Ошондой эле Титовдун ысымы 112-Башкырт кавалериялык дивизиясынын Советтер Союзунун 78 Баатырынын аттары жазылган эскерүү такталарында чегилген. Бул такталар Башкыртсандын Улуттук музейинде жана ошол дивизиянын музейинде орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.