https://sputnik.kg/20250114/kurulush-imarat-kongres-kholl-1091394856.html
Бишкекте административдик имараттардын комплекси жана конгресс-холл курулат
Бишкекте административдик имараттардын комплекси жана конгресс-холл курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы... 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T10:27+0600
2025-01-14T10:27+0600
2025-01-14T10:27+0600
кыргызстан
курулуш
имарат
конгресс-холл
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091395204_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_deb584917210e59291f41e10c27be4a0.jpg
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган.Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болду.Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген. Тиешелүү структураларга каржылоо, долборлоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.Кийин ал кездеги министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2026-жылы жаңы Өкмөт үйү куруларын айткан.
https://sputnik.kg/20250110/zhol-bishkek-kurulush-tender-1091342295.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0e/1091395204_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_cf5bbbaf890bf5a6cdb7dc504a8943cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курулуш, имарат, конгресс-холл
кыргызстан, курулуш, имарат, конгресс-холл
Бишкекте административдик имараттардын комплекси жана конгресс-холл курулат
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган.
Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болду.
Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген. Тиешелүү структураларга каржылоо, долборлоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.
Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө"
мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.
Кийин ал кездеги министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2026-жылы жаңы
Өкмөт үйү куруларын айткан.