00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамырова: кесиптик билим берүү үчүн онлайн платформа да түзүлдү

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевБилим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова
Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова кесиптик лицейлердин абалы, киргизилген жаңычылдыктар тууралуу айтты.
Учурда кесип тандоо жаатында тенденция өзгөрдү. Мурда жогорку билимди каалагандар азыр башталгыч жана орто кесипке ээ болуп, көбүрөөк маяна алууга умтулушат. Бул тууралуу Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамырова: кесиптик билим берүү үчүн онлайн платформа да түзүлдү
Анын айтымында, учурда курулуш өңдүү кара жумуш тармагына тапшырган балдар азайып, ашпозчу, ширетүүчү, IT тармагын тандагандар көп.
"Жылдан жылга кыска мөөнөттүү курстарга талап өсүп жатат. Былтыр 16 780 бала бюджеттин негизинде окуусун бүттү. Булардын көбүнчөсү 9-класстын базасында тапшыргандар. Былтыр 9 класстын базасында 4,5 миң бала бүтүрсө, быйыл салыштырмалуу 9 миңге жакын бүттү. Ошону менен бирге 8 000 бала 10-класстын базасында окуп кесипке ээ болушту. Кесиптик лицейлерге кирүү мүмкүнчүлүгүн онлайн форматта кылдык. Мурункудай кагаз чогултуп Бишкекке келүүгө зарылчылык жок. Кыргызстанда жалпы 99 кесиптик лицей бар. Анын 60 пайызы айыл жергесинде жайгашкан. Учурда бюджеттик негизде 29 миңге жакын бала окуп билим алууда. Быйыл 16 500 студент кабыл алдык. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен да тыгыз иштешебиз. Учурда жумуш издеген 10 миңге жакын жаран кыска мөөнөттүү курста окуп жатат. Былтыр курулуш тармагына 2832 бала окууга өтсө, быйыл 2799у тапшырды. Айырма аз болсо да курулуш тармагын каалоочулардын саны кыскарганын билдирет. Азыркы жаштар оңой жагын тандашат. Ошондуктан ашпозчулукка окуган балдар көп. Анткени келечеги, маянасы да жакшы экенин алар да түшүнөт. Азыр кесиптик лицейде окугандардын адистиги туура келсе, андан ары жогорку окуу жайында 2-курста окуса болот. Ошону менен бирге Эмгек министрлиги менен бирге жакшы платформа иштеп чыктык. Ал (kesip.edu.gov.kg - ред.) платформада жалпы өлкө боюнча кесиптик лицейлерде кандай курстар бар экени тууралуу толук маалымат ала алат. Ал жакта программасы, сабактардын күн тартиби, маянасы баары камтылган. Муну менен катар окууну каалаганын билдирген арызды да онлайн кабыл алгандай кылып койдук. Муну менен биз жумушсуз калган же кесибин өзгөртүүнү каалаган жарандарга шарт түзүп бердик. Платформада 18 онлайн курс бар. Анда ашпозчу, компьютердик сабаттуулук, 1С бухгалтерия өңдүү кесиптерге эки тилде окутулуп, онлайн форматта кадимкидей сертификат берилет", — деди Мамырова.
Ал онлайн курстун өзгөчөлүгү чат-бот аркылуу онлайн баарлашып, эки тилде кадимкидей суроо берүүгө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0