00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Путин: эл аралык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрө турган доорго кирди

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2024
Жазылуу
Ашхабадда түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форум өтүп жатат.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эл аралык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрө турган доорго кирди. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Ашхабадда билдиргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, учурда Түркмөнстандын ордо калаасында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форум өтүп жатат.

"Дүйнөдөгү цивилизациялардын кагылышуусу, улуттар жана диний аралык чыр-чатактар болуп көрбөгөндөй чоң кооптуулуктарды жаратууда. Ошол эле учурда эл аралык мамилелер түп-тамырынан өзгөрүп, бүтүндөй планетанын көп түрдүүлүгүн чагылдырган жаңы дүйнө тартиби түзүлүп жатат", — деди РФ лидери.

Путин бул табигый, өзгөртүүгө болбой турганы процесс экенин белгилеген. Улуу акын Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгына токтолуп, президент байыркы ойчул аруулукка, адилеттүүлүккө жана мамлекеттер менен улуттар арасындагы тең укуктуу мамилеге чакырып келгенин, достукту жана ынак коңшулук алаканы даңазалаганын айтты.
РФ лидери бул идеялар акыл токтоткон адамдардын баарына түшүнүктүү экенин, бүгүнкү оңой эмес кырдаалда актуалдуулугу артып жатканын белгилеген.
"Ар бир элдин кызыкчылыгы эске алынып, дүйнө таанымын, көз карандысыздыкка умтулуусун, каада-салтын жана диний көз карашын сыйламайынча дүйнөдө тынчтык жана жалпы өнүгүү болбойт", — деди Путин.
Президент Россия түзүлүп жаткан жаңы дүйнө тартибинде өз ара кызматташуу боюнча кеңири эл аралык талкууга басым жасап келерин, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС алкагында өнөктөштөрү жана тилектештери менен жаңы дүйнө тартибин орнотуу маселелерин ортого салууга ачык экенин белгиледи.
Ал Россия дал ушул өңүттө Казанда БРИКС саммитин өткөрүүгө даярданып жатканын айтып, форум катышуучуларын аталган иш-чарага чакырып өттү.
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2024
Адилеттүү дүйнөлүк тартипти түзүү. Путиндин КМШ саммитинде айткандары
Жаңылыктар түрмөгү
0