00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Германия офицерлеринин сүйлөшүүсү Берлин — НАТО алакасына жик салары айтылды

© AP Photo / Olivier MatthysНАТО баннерлери. Архив
НАТО баннерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Аудиожазууда Бундесвердин жогорку кызматтагы офицерлеринин "Крым көпүрөсүн бомбалоо" планын угууга болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Германиянын аскер адамдарынын Крым көпүрөсүнө сокку уруу ыктымалдуулугу тууралуу сөздөрү Берлин менен НАТОнун ортосуна жик салышы мүмкүн. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды.
Гезит ачыкка чыгып кеткен сүйлөшүүлөрдө Улуу Британия, Франция жана АКШнын аскерлери Батыштын алдыңкы согуштук системаларын ишке киргизүүгө жардам берүү үчүн Украинага келгенин белгилеген, анткен менен аталган өлкөлөр бул фактыны четке кагууда.
"Маалыматтын ачыкталышы Германиянын жаалын келтирди, бул жагдай Берлин менен НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн мамилесин курчутуп жибериши толук мүмкүн", — деп жазган басылма.
Эскерте кетсек, жума күнү "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян колуна Бундесвердин жогорку кызматтагы офицерлеринин "Крым көпүрөсүн кантип бомбалай турганын" талкуулаган сөзүнүн аудиожазуусу түшкөнүн билдирген. Анын айтымында, аудидо германиялык офицерлер АКШ менен Улуу Британиянын аскерий адамдарынын атын атап, "булар жаңжалга көптөн бери катышып жатканын" талкуулашкан. Ошол күнү Симоньян сүйлөшүүнүн текстин, андан соң аудиожазуунун өзүн жарыялаган. Уга келгенде Бундесвердин төрт жогорку кызматтагы адамынын сүйлөшкөнүн байкоого болот. Алардын арасында Аскер-аба күчтөрүнүн операциялар жана машыгуулар бөлүмүнүн жетекчиси да бар, талкууга катышкандар Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүүнү жана украиналыктардын Крым көпүрөсүнө сокку уруусун кеп кылышкан. Мындан тышкары, аталган ракеталарды жеткирүү жолдорун, украиналык аскерлерди Крым көпүрөсүнө "кызыл чийинден" өтпөгүдөй кылып сокку жасоого үйрөтүүнү, ошондой эле жаңжалга түз катышпай четке чыга берүүнүн ыкмаларын талкуулашканын угууга болот.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Германия офицерлеринин сүйлөшүүсү ачыкталгандан кийин Берлинден түшүндүрмө талап кылган. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, офицерлердин сүйлөшүүсү боюнча кырдаал бир тарабынан өтө таң калычтуу, экинчи жагынан кадыресе көрүнүш экенин, анткени "натолук кесиптештерибиздин анык жүзү ачылганын" белгиледи.
РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев аудиожазуудан кийин немецтер кайрадан Россиянын элдешкис душманына айланганын билдирди. Ага чейин Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев офицерлердин сүйлөшүүсү Германиянын чыныгы жүзүн ачып, канцлери Олаф Шольцтун Берлин украин жаңжалынан тыш деген сөзүн толугу менен четке какканын айткан.
Сүйлөшүүлөр ачыкталганга чейин Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдик Укаринага орто жана алыска атылуучу ракеталарын жөнөтүү үчүн "тогузунчу коалиция" түзүлгөнүн билдирген эле. Ал, мындан тышкары, Франция Россиянын "бул согушта жеңүүсүнө жол бербөө үчүн" болгон аракетин көрө турганын билдирген. Өлкө башчынын айтымында, Батыш мамлекеттеринин лидерлери Украинага аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок азырынча бир пикирге келише элек.
Макрондун билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министи Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин белгилешкен. Мындан тышкары, канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган. Шольцтун сөзүнөн улам британиялык жана франциялык аскер күчтөрү Укаринада алыска атылуучу ракеталарды жайгаштыруу иштерине катышып жатканын билүүгө болот.
Германиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Германия аскерлери Крым көпүрөсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жасалма эмес деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0