Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэри Айбек Жунушалиев. Архив
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан мезгилде берүү каралууда.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев быйылкы жылга карата шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет. Бул тууралуу шаардык кеңештин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан убакыт ичинде берүү каралууда.
"Кеп коммуналдык кызмат жана коомдук транспорттогу жол киренин тарифи жөнүндө болуп жатат", — деп жазылат кабарда.
Реформага чейин бааны Бишкек шаардык кеңеши бекитчү.
Церемония передачи спецтехники для госорганов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Бишкекте бир айда 120 маршрутка линиядан чыгарылып, ордуна автобус кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0