Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин Ил-76 учагын америкалык Patriot системасы атып түшүргөнүн айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФтин президенттикке талапкер Владимир Путин ишеничтүү адамдар менен жолугушуусунда
РФтин президенттикке талапкер Владимир Путин ишеничтүү адамдар менен жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Россия адамдардын өмүрүн алган каргашаны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылып жатканы, бирок бул ишти жасай турчу эл аралык уюм жок экени маалым болду.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ил-76 учагы Американын Patriot системасы менен атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин ишеничтүү адамдар менен жолугушуу учурунда билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Учак АКШнын Patriot системасы менен атып түшүрүлгөнү ачык-айкын болду. Муну экспертиза аныктады", — деген ал.
Путин Россия бул окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылып жатканын, бирок бул ишти жасай турчу эл аралык уюм жок экенин белгилеген.
"Биз эл аралык эксперттерди жөнөтүп, анализ жасоону, учактын Patriot системасы тарабынан атып түшүрүлгөнү боюнча колдо болгон материалдык далилдерге баа берүүнү суранып жатканыбызды расмий айта кетейин", — деген Путин.
Анткен менен саясатчы Батышта жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) туткундары менен кошо жок кылынган Ил-76нын окуясын будамайлап, жаап-жашыруу аракетинде экенин айткан.
“Батыш ЖМКларында эмне бар экенин карасаңар? Эч нерсе. Бир чырк этет, бир ирмемде баары жок болуп, өчүп, маалымат талаасы дароо тазаланып калат. Бирок алардын жарандарыбызга жасаган кылмыштарын баары бир унутпайбыз”, — деген ал.
Саясатчы Киев учакты алар кокусунан атып түшүрүшү мүмкүн деген нерсени да айтып, бирок бул баары бир шалаакылыктан болгон, мыйзамдуу түрдөгү кылмыш катары кала берерин баса белгиледи. Тергөө комитети учактын кыйрашына байланыштуу террорчулук боюнча иш козгогондугун эске салды.
Путин туткундарды алмашуу тууралуу айтып жатып Москва бул ишти токтотпостугун билдирип, "өзүбүздүн жигиттерибизди алып кетишибиз керек" деди.
Украина тарап дайыма туткундарды алмашууга даяр экенин көрсөтүп турарын кошумчалады.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар менен кошо жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы көз жумган.
Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учактын сыныктары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия кулаган Ил-76 учагы боюнча өзүнүн иликтөөсүн жүргүзөт
Жаңылыктар түрмөгү
0