Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский эми тынчтык сүйлөшүүлөргө Кытайдын катышуусу керектигин айта баштады

© AFP / ALESSANDRO DELLA VALLEУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Украинанын "тынчтык формуласында" өлкөнүн бүтүндүгүн калыбына келтирүү башкы талап болууда.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө расмий деңгээлде тыюу салган Владимир Зеленский кепке келүү боюнча кайрадан сөз баштап, украин тарап "тынчтык саммитине" Кытайдын катышуусуна кызыкдар экенин билдирген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кечээ Украина президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак өлкөнүн "тынчтык формуласын" бекемдөө үчүн Киевдин саммит өткөрүү ниети бардыгын жазган.
Буга чейин Щвейцариянын ТИМ жетекчиси Иньяцио Кассис Украинадагы чатакты диалог аркылуу жөнгө салууда Россиянын ордун алмаштыра турган тараптын жоктугун жана тынчтык конференциясын Москвасыз өткөрүү мүмкүн эместигин айткан эле.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин Давостогу "тынчтык формуласы" жөн гана кеп улоо үчүн жасалган нерсе болгонун, Россиясыз өткөн талкуунун келечеги жоктугун жана жыргатарлык жыйынтык бербестигин айткан.
"Өлкөлөрдүн тизмесине келсек (самиттин катышуучулары — ред.), биздин эгемендик менен аймактык бүтүндүгүбүзгө урмат менен мамиле жасаган дүйнөнүн бардык мамлекеттери үчүн ачыкпыз. "Глобалдуу түштүктүн" өлкөлөрү да сөзсүз катышса дегенбиз... Саммитте бардык мамлекеттердин лидерлеринин болушу маанилүү. Дүйнөдө Кытай чоң ролду ойнойт, бул өлкөнүн да "тынчтык форумунда" болуп, саммитке катышуусун каалаганбыз", — деген Зеленский Швейцариянын президенти Виола Амхерд менен биргелешип берген маалымат жыйынында.
Иш-чараны Зеленскийдин социалдык тармагы аркылуу түз алып беришкен.
Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү, түндүк атлантикалык коопсуздук кепилдиги менен камсыздооону жана Россияга тагып жаткан "аскердик кылмыштарды" иликтөө үчүн атайын трибуналды талап кылган "тынчтык формуласын" Киев иштеп чыгып, сунуштоодо. Москва Зеленскийдин бул кадамын чындыктан такыр эле алыс калган "формула" деп эсептейт.
Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Путин Россия Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпагандыгын айткан. Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Кытай бийлиги 2023-жылдын февралында Москва менен Киевдин чатагын жөнгө салуу боюнча 12 пунктудан турган документ жарыялаган. Анын ичинде согуш отун өчүрүүгө, коопсуздук жаатында бардык мамлекеттердин мыйзамдык кызыкчылыгын сактоого, Украинадагы гуманитардык каатчылыкты чечүүгө жасалган чакырыктар бар. Май айынын соңунда аталган мамлекеттин Евразия аймагы боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй европалык турне өткөргөн. Мунун алкагында Украинага, Польшага, Францияга, Германияга, Бельгияга жана Россияга барып, украин кризисин саясий жөнгө салуу боюнча Кытайдын тынчтык демилгесин талкуулаган.
Киевдеги Көз карандысыздык аянты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кеңсеси Киев бийлиги чатактын токтошуна каршы экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0