Чүйдө 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду

© Sputnik / Владимир АстапковичАт минген бала. Архив
Ат минген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунда 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Каргаша 1-январда Ысык-Атанын Бирдик айылында болгон. Анда өспүрүм малын айылдын четиндеги талаага жайганы барган. Саат 16:30 чамасында үйүнө кайтып баратканда аттан жыгылып, үрккөн ат сүйрөп кеткен. Окуяга күбө болгон башка киши жылкыны токтотуп, Тез жардам чакырган.
Өспүрүм Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.
Милициядан факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын айтышты.
Башкы Прокуратурасынын имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча текшерүүнү баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0