https://sputnik.kg/20231227/okeev-borbiev-musaev-manas-tasma-taberik-surot-1081582206.html
"Ошондо Манас деп ураан чакырып..." Эпостун 1000 жылдыгынан таберик сүрөт
"Ошондо Манас деп ураан чакырып..." Эпостун 1000 жылдыгынан таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат. 27.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-27T20:05+0600
2023-12-27T20:05+0600
2023-12-27T20:05+0600
кыргызстан
маданият
таберик сүрөт
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1b/1081582060_0:0:2048:1153_1920x0_80_0_0_d710253b91e832369eedde8bee8cc923.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев, КРдин эл артисттери, таланттуу кинооператорлор Нуртай Борбиев менен Манас Мусаевдин сүрөтү 1995-жылы Чүй облусунда тартылган.Ал жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленмек болуп, киночулар кыргыз элинин баатырдык эпосу жөнүндө "Ошондо Манас деп ураан чакырып..." аталышындагы даректүү тасма тарткан. Кинофильмдин көркөм жетекчиси Төлөмүш Океев, режиссеру Нуртай Борбиев эле.Тасманын оператору Манас Мусаев ал учурду мындайча эскерет:Аталган директүү кинокартинаны киночулар Хакасия, Түркия, Сауд Арабияга чейин барып жарым жылда тартып бүтүшкөн.Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты беш күнгө созулуп, ага 70ке чукул мамлекеттен өкүлдөр, эл аралык уюмдун башчылары келген. Мааракени башынан аягына чейин кыргыздын чыгаан уул-кыздары уюштурган.По теме:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1b/1081582060_234:0:1959:1294_1920x0_80_0_0_dfaccdd32c386b335cebb44522d30cbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, сүрөт, инфографика
"Ошондо Манас деп ураан чакырып..." Эпостун 1000 жылдыгынан таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев, КРдин эл артисттери, таланттуу кинооператорлор Нуртай Борбиев менен Манас Мусаевдин сүрөтү 1995-жылы Чүй облусунда тартылган.
Ал жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленмек болуп, киночулар кыргыз элинин баатырдык эпосу жөнүндө "Ошондо Манас деп ураан чакырып..." аталышындагы даректүү тасма тарткан. Кинофильмдин көркөм жетекчиси Төлөмүш Океев, режиссеру Нуртай Борбиев эле.
Тасманын оператору Манас Мусаев ал учурду мындайча эскерет:
"Союз тарагандан кийин көпкө чейин кино тартай жүрүп 1995-жылы "Ошондо Манас деп ураан чакырыпты" камерага түшүргөнбүз. Анын сценарийин Төлөмүш Океев жазган. Ошол маалда ал Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болчу. Биз тасмадагы эпизоддорду атайын Түркияга чейин барып тартканбыз, тоонун чокусундагы эски эстеликтерди камерага түшүргөн элек. Кээде Океев съемка маалында Кыргызстанга да келип калчу. Тасманын режиссеру Нуртай Борбиев, мен оператору болчумун. Ага чейин экөө менен Бексултан Жакиевдин сценарийинин негизинде тартылган "Мурас" кинофильминде иштешип калгам. Иш билги Океевди кыргыздан чыккан чыгаан кинорежиссерлордун бири деп ишеничтүү айта алам. Нуртай Борбиев да өз ишин мыкты билген оператор болчу. Экөөбүз анын өмүрүнүн аягына чейин дос, кесиптеш болуп жүрдүк", — деди Мусаев.
Аталган директүү кинокартинаны киночулар Хакасия, Түркия, Сауд Арабияга чейин барып жарым жылда тартып бүтүшкөн.
Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты беш күнгө созулуп, ага 70ке чукул мамлекеттен өкүлдөр, эл аралык уюмдун башчылары келген. Мааракени башынан аягына чейин кыргыздын чыгаан уул-кыздары уюштурган.