00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Кыргызстан — IT жана инновациялар үчүн шарттар боюнча Азия лидерлеринин катарында
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик бажы кызматтарынын жетекчилерин алмаштырды. "Ынтымак ордо" тараткан кабарда өлкө башчысы жарлыгы менен Чек ара кызматын жетектеп келген Абдикарим Алимбаевди иштен алып, ордуна орун басары Данияр Сатимовду дайындаганы айтылат. Дагы бир жарлык менен Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиев жумушунан бошотулуп, эми аталган ведомствону төраганын орун басары болуп келген Улан Кимсанов жетектемей болду. Белгилей кетек, Алимбаев аталган кызматка 2024-жылы декабрда дайындалса, Салиев бул кызматты 2025-жылдын февралынан бери ээлеп келген.
Президент Садыр Жапаров "Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Документте салыгын жашыргандардын реестрин түзүү, жасалма электрондук эсеп-фактураларды пайдалануу жана бизнести башка адамдардын атына каттоо үчүн жоопкерчилик каралган. Жарандарга өз атына компанияларды жана жеке ишкерлерди каттоого тыюу салууга мүмкүндүк берген "өзүн-өзү тыюу" механизминин киргизилиши пландалууда. Ошондой эле ишеним каттарды жана электрондук кол тамганы пайдаланууга көзөмөл күчөтүлөт. Ишкерлерди укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул үчүн прокурордук жана ведомстволор аралык көзөмөлдү күчөтүү каралганы айтылды.
Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору ата мекендик багбандарга жыйналган түшүмдү сатууга шарт түзүү максатын көздөйт. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Министрликтин маалыматына караганда, учурда республика боюнча алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл алманын түшүмү 179 миң 393 тоннага жетери болжолдонууда. Ошол эле учурда быйыл январь–август айларында өлкөгө 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул былтыркы (2025-жылдагы) жалпы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Алма негизинен Польша, Кытай жана Өзбекстандан ташылып келген. Токтом долбоорунун негиздемесинде сырттан импорттун көбөйүшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатууда атаандаштыкты күчөтүп, баалардын түшүп кетишине алып келиши ыктымал экени белгиленген.
Кыргызстанда кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери башталды. Быйыл өлкө боюнча 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Сахар" агроөнөр жай кластеринен билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр аба ырайынын катаалдыгынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналса, 2024-жылы түшүмдүн көлөмү 1 миллион тоннага жеткен. Кант кызылчасы негизинен Чүй жана Талас облустарында өстүрүлөт. Жыл сайын 3 миңге чукул фермер кант заводдору менен келишим түзүп иштейт. Жалпысынан өлкө боюнча кант тармагында 100 миңдей адам эмгектенет. Түшүмдү кабыл алуу жана аны кайра иштетүү менен эки завод алектенет. Алар суткасына 6,8 миң тонна продукцияны иштетүү кубаттуулугуна ээ. Белгилей кетсек, Кыргызстанда калктын кумшекерге болгон жылдык керектөөсү орто эсеп менен 120 миң тоннаны түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0