00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Пуху сто лет. Почему взрослым всё ещё нужен этот медведь
18:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында 2030-жылга чейинки жол коопсуздугунун жаңы программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги сунуштаган документте айтылат.Программага ылайык, жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн дрондорду колдонуу кеңейтилет. Ошондой эле кырсык көп катталган тилкелерге жана мектептердин жанына кошумча видеокөзөмөл камералары орнотулат.Мындан тышкары, жол инспекторлору айдоочулардын баңгизат колдонгонун жеринде аныктоочу экспресс-тесттер менен камсыздалат. Ал эми Бишкек — Ысык-Көл унаа жолунда аралыкка жараша орточо ылдамдыкты автоматтык түрдө эсептеген система киргизилиши күтүлүүдө.Жол эрежелерин такай бузган айдоочулар убактылуу унаа башкаруу укугунан ажыратылып, кайрадан сынак тапшырууга милдеттендирилиши мүмкүн.Ошондой эле велосипед, мопед жана скутер айдагандарга туулга кийүү талабы коюлат. Шаарларда ижарага берилүүчү электр самокаттарын этап-этабы менен жоюп, алардын ордуна велосипеддерди колдонуу сунушталууда.
Бишкекте жигитке кол салып, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган деп шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 9-октябрда болгон. Жабырлануучу белгисиз адамдар анын денесине залал келтирип, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча “Каракчылык”беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери видеокөзөмөл камералары аркылуу төрт шектүүнүн өздүгүн аныктап, аларды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.
Зеленский Трамп менен Путиндин дизелдик отун боюнча келишимине нааразы болуп, АКШ лидери ага бир сөз менен жооп берди "Биздин команданы жөн гана көшөгө катары колдонуп жатышат. Бул адилетсиз жана өнөктөштүккө жатпайт", — деп даттанды Зеленский. Учурда Украинанын сүйлөшүү тобу АКШнын Флорида штатында жүрөт. Буга чейин Зеленский, согушту токтотуу боюнча макулдашылбай туруп Россияга каршы санкцияларды жеңилдетүү — бул "ачык эле алсыздык" деп айткан. Көп өтпөй журналисттер "Зеленскийдин сизди "алсыз" деген сынына кандай жооп бересиз?" деп сураганда, Трамп "окей" деп жооп берип, сөздү кийинки журналистке берип койду.
ЖИден глобалдык коркунуч жаралышы мүмкүн, компаниялар кризиске даярданууда. OpenAI жана Anthropic сыяктуу жасалма интеллектти өнүктүргөн компаниялар ЖИден келип чыгышы мүмкүн болгон ири коркунучтарга даярдык көрө баштады. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.Басылманын маалыматына караганда, жакынкы 6–12 айда каржы тутумуна, интернетке, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо тармактарына зыян келтире турган ири киберчабуулдар болушу мүмкүн. Компаниялар мындай окуялардан кийин жаралышы ыктымал коомдук-саясий толкундоолордун алдын алуу жолдорун да карап жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0