00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Между строк
Пуху сто лет. Почему взрослым всё ещё нужен этот медведь
18:10
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Сокулук районундагы Белек айылында уюштурулган маарекелик иш-чараларга катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Салтанатта облус катары бир кылым мурун калыптанганы менен Сары-Өзөн Чүй өрөөнү байыртадан эле Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болгонун белгилеген Төрага: “Бул чөлкөм чыгыш менен батышты байланыштырып, соода-сатык, илим-билим жана маданият өнүккөн аймак катары таанылган. Айрыкча Чүйдүн тарыхый улуулугун Баласагын шаарынан калган мурастар, Бурана мунарасы, Ак-Бешим сыяктуу байыркы шаарлардын калдыктары далилдеп турат”, – деди. Муну менен катар облустун учурдагы жетишкендиктери тууралуу да учкай кеп кылган Марлен Маматалиев: “Соңку жүз жыл ичинде Чүй облусу өнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу жолун басып өтүп, өлкөбүздүн ири өнөр жай, транспорттук, соода-логистикалык жана экономикалык борборлорунун бирине айланды”, – деп кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Жылытуу мезгилине карата аткарылган иштер жана даярдыктар боюнча Энергетика министрлигинин, Бишкек жана Ош шаарларынан мэрияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн баяндамалары угулду. Анда Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдерин отун менен камсыздоо иштери план боюнча аткарылып жаткандыгы айтылды.
Күн мурун Улуттук тарых музейинде музейдин директору Назгүл Өмүрзакова менен Казакстандын Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин директору Нурмат Абдуллаулы Мансурдун жолугушуусу өттү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, көчмө жана конок көргөзмөлөрүн уюштуруу, ошондой эле уникалдуу артефакттарды жана сейрек этнографиялык экспонаттарды таанытуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ эки өлкөнүн музейлери ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүү багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Белгиленгендей, бул кызматташтык Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин тарыхый-маданий мурасын кеңири таанытууга багытталган.
Бишкекте узундугу 128 метрден ашкан чучук жасалды. Ал Эски аянтта өтүп жаткан Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында жасалды. Кийинчерээк чучуктан каалоочулардын баары ооз тие алышат. Буга чейинки рекорд 2018-жылы жасалган узундугу 117 метрлик чучукка таандык болчу.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика боюнча заманбап чуркоо тилкеси ачылды Швейцариялык CONICA технологиясы менен жасалган жол Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун талаптарына толук жооп берет. Стадион спортчуларга гана эмес, жөнөкөй тургундар үчүн да ачык. Күн сайын 06:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин акысыз машыгууга болот. Калган убакта улуттук курама команда машыгат. Ачылыш салтанатында өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0