https://sputnik.kg/20261010/1104206022.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында "Кыялымдагы Кыргызстан - Чүй 2026" жаштар форумунун алкагында Чүй облусундагы диаспоралардын жаштары арасында "Акылман Ордо" интеллектуалдык... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T08:59+0600
2026-10-10T08:59+0600
2026-10-10T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0a/1104205856_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_84f96960e23850fe5917461e777e6b71.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында "Кыялымдагы Кыргызстан - Чүй 2026" жаштар форумунун алкагында Чүй облусундагы диаспоралардын жаштары арасында "Акылман Ордо" интеллектуалдык оюну өттү. Бул тууралуу мэрия билдирет. Оюнга ар түрдүү диаспоралардын жана Чүй облусунун райондорунун, ошондой эле Бишкек, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларынын атынан 13 команда катышты. Катышуучулар Кыргызстандын жана Чүй облусунун тарыхы, маданияты, жаштар саясаты жана улуттар аралык достук темаларындагы суроолорго жооп берип, логикалык жана аналитикалык тапшырмаларды аткарышты.Байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Оюндун жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү. Интеллектуалдык оюн жаштардын билимин жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле ар түрдүү диаспоралардын өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталды.
Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору ата мекендик багбандарга жыйналган түшүмдү сатууга шарт түзүү максатын көздөйт. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Министрликтин маалыматына караганда, учурда республика боюнча алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл алманын түшүмү 179 миң 393 тоннага жетери болжолдонууда. Ошол эле учурда быйыл январь–август айларында өлкөгө 6 миң 439 тонна алма импорттолгон. Бул былтыркы жалпы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Алма негизинен Польша, Кытай жана Өзбекстандан ташылып келген. Токтом долбоорунун негиздемесинде сырттан импорттун көбөйүшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатууда атаандаштыкты күчөтүп, баалардын түшүп кетишине алып келиши ыктымал экени белгиленген. Муну менен катар чектөө киргизилген мезгилде ички рыноктогу алманын көлөмү жана баасы ай сайын көзөмөлгө алынат. Эгер ички рынокто алма тартыш боло баштаса, тыюуну мөөнөтүнөн мурда алып салуу же шарттарын кайра карап чыгуу сунушталат.
Кыргызстанда алдын ала эсептөөлөр боюнча 826 миң 500 пенсионер бар. Алардын бардыгынын пенсиялары кайрадан эсептелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, кайра эсептөө Социалдык фонддон пенсия алган бардык жарандарды камтыйт. Алардын баарынын жаңыланган пенсиялары кайрадан эсептелинди.
Бишкек шаарында "Кыялымдагы Кыргызстан - Чүй 2026" жаштар форумунун алкагында Чүй облусундагы диаспоралардын жаштары арасында "Акылман Ордо" интеллектуалдык оюну өттү. Бул тууралуу мэрия билдирет. Оюнга ар түрдүү диаспоралардын жана Чүй облусунун райондорунун, ошондой эле Бишкек, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларынын атынан 13 команда катышты. Катышуучулар Кыргызстандын жана Чүй облусунун тарыхы, маданияты, жаштар саясаты жана улуттар аралык достук темаларындагы суроолорго жооп берип, логикалык жана аналитикалык тапшырмаларды аткарышты.Байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Оюндун жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү. Интеллектуалдык оюн жаштардын билимин жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле ар түрдүү диаспоралардын өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталды. Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору ата мекендик багбандарга жыйналган түшүмдү сатууга шарт түзүү максатын көздөйт. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Министрликтин маалыматына караганда, учурда республика боюнча алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл алманын түшүмү 179 миң 393 тоннага жетери болжолдонууда. Ошол эле учурда быйыл январь–август айларында өлкөгө 6 миң 439 тонна алма импорттолгон. Бул былтыркы жалпы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Алма негизинен Польша, Кытай жана Өзбекстандан ташылып келген. Токтом долбоорунун негиздемесинде сырттан импорттун көбөйүшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатууда атаандаштыкты күчөтүп, баалардын түшүп кетишине алып келиши ыктымал экени белгиленген. Муну менен катар чектөө киргизилген мезгилде ички рыноктогу алманын көлөмү жана баасы ай сайын көзөмөлгө алынат. Эгер ички рынокто алма тартыш боло баштаса, тыюуну мөөнөтүнөн мурда алып салуу же шарттарын кайра карап чыгуу сунушталат. Кыргызстанда алдын ала эсептөөлөр боюнча 826 миң 500 пенсионер бар. Алардын бардыгынын пенсиялары кайрадан эсептелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, кайра эсептөө Социалдык фонддон пенсия алган бардык жарандарды камтыйт. Алардын баарынын жаңыланган пенсиялары кайрадан эсептелинди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0a/1104205856_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f26210eb3707731b1384280ae9992bb1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио