https://sputnik.kg/20261010/1104208528.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев өлкөдө балык тоютун өндүргөн төрт ишкананын жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тонна болсо, быйыл тогуз айда алар 5 500 тонна гана тоют... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T13:00+0600
2026-10-10T13:00+0600
2026-10-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0a/1104208362_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5973e3f0181723eb51b3df2108b6a7ed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев өлкөдө балык тоютун өндүргөн төрт ишкананын жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тонна болсо, быйыл тогуз айда алар 5 500 тонна гана тоют чыгарганын белгиледи. "Бул ишканаларга 15,83 млн доллар инвестиция салынып, 120 адам жумуш менен камсыз болгон", — деди минкаб башчысы. Ал жергиликтүү жана импорттук тоюттардын үлгүлөрү Алматыда экспертизадан өткөрүлүп, сапаты боюнча айырма табылбаганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн тоюттун 25 пайызы гана жергиликтүү чийки заттан, калган 75 пайызы импорттук кошулмалардан турарын белгиледи. “Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула. Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алгыла”, — деп жазды Касымалиев. Буга чейин балык тоютунун импорту убактылуу токтотулган. Бул боюнча дебатта Ыдырыс Исаков чектөөнү сындаса, министр Эрлист Акунбеков аны ата мекендик өндүрүштү колдоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.
Бишкекте трамвай жолдорун куруу, метробус системасын киргизүү жана метро куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушкан. Ага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да катышкан. Тараптар борбор калаанын коомдук транспортун өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо маселелерин карашкан. “Жолугушууда транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана аларды ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу сунушталган. Франция тарап бул иштерди каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирген”, – деп айтылат маалыматта. Азырынча бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акыркы чечим кабыл алынганы айтылган жок.
Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. "Бүгүн Россия бизге миллиондогон баррель мунай жеткирип берүүгө макул болду, бул — дизелдик отун. Бул бизге чындап керек нерсе. Ошондуктан рахмат", — деди АКШнын президенти. Анын айтымында, Россия кыска мөөнөттө АКШга жана дүйнөлүк рынокко 3 миллион тоннага чейин дизелдик күйүүчү май берүүнү көздөп жатат. Бул көлөмдүн 300 миң тоннасы азыр эле жеткирилиши мүмкүн, дагы 500 миң тоннасы — ноябрда, ал эми калган бөлүгү кийинчерээк жөнөтүлөрү айтылды. Сүйлөшүүнүнжүрүшүндө тараптар Украинадагы жаңжалдын айланасындагы абалга да токтолушту. Путин Россиянын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына жооп катары көргөн чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Киевдин аракеттери, анын ичинде шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети жана адамдарга сокку уруусу сүйлөшүүлөрдү тез арада кайра жандандырууга тоскоолдук жаратууда. Россия лидери Киевдин орус аскерлеринин алга жылышын токтотуу аракетинин келечеги жок экенин, анткени фронттогу демилге толугу менен орус армиясынын колунда болуп жатканын белгиледи.
Бельгияда да Франциядагыдай митингдер болуп жатат. Жогорку класстын окуучулары, студенттик уюмдар, ошондой эле Брюсселдеги кесиптик кошуундар билим берүү тармагынын жетишсиз каржыланышына каршы чыгышууда. Борбордук темир жол бекетинин жанындагы демонстрациялар башаламандыкка айланды. Катышуучулар өрт коюп, мушташ чыгарып жатышат.
Адылбек Касымалиев өлкөдө балык тоютун өндүргөн төрт ишкананын жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тонна болсо, быйыл тогуз айда алар 5 500 тонна гана тоют чыгарганын белгиледи. "Бул ишканаларга 15,83 млн доллар инвестиция салынып, 120 адам жумуш менен камсыз болгон", — деди минкаб башчысы. Ал жергиликтүү жана импорттук тоюттардын үлгүлөрү Алматыда экспертизадан өткөрүлүп, сапаты боюнча айырма табылбаганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн тоюттун 25 пайызы гана жергиликтүү чийки заттан, калган 75 пайызы импорттук кошулмалардан турарын белгиледи. “Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула. Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алгыла”, — деп жазды Касымалиев. Буга чейин балык тоютунун импорту убактылуу токтотулган. Бул боюнча дебатта Ыдырыс Исаков чектөөнү сындаса, министр Эрлист Акунбеков аны ата мекендик өндүрүштү колдоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Бишкекте трамвай жолдорун куруу, метробус системасын киргизүү жана метро куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушкан. Ага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да катышкан. Тараптар борбор калаанын коомдук транспортун өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо маселелерин карашкан. “Жолугушууда транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана аларды ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу сунушталган. Франция тарап бул иштерди каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирген”, – деп айтылат маалыматта. Азырынча бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акыркы чечим кабыл алынганы айтылган жок.Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. "Бүгүн Россия бизге миллиондогон баррель мунай жеткирип берүүгө макул болду, бул — дизелдик отун. Бул бизге чындап керек нерсе. Ошондуктан рахмат", — деди АКШнын президенти. Анын айтымында, Россия кыска мөөнөттө АКШга жана дүйнөлүк рынокко 3 миллион тоннага чейин дизелдик күйүүчү май берүүнү көздөп жатат. Бул көлөмдүн 300 миң тоннасы азыр эле жеткирилиши мүмкүн, дагы 500 миң тоннасы — ноябрда, ал эми калган бөлүгү кийинчерээк жөнөтүлөрү айтылды. Сүйлөшүүнүнжүрүшүндө тараптар Украинадагы жаңжалдын айланасындагы абалга да токтолушту. Путин Россиянын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына жооп катары көргөн чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Киевдин аракеттери, анын ичинде шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети жана адамдарга сокку уруусу сүйлөшүүлөрдү тез арада кайра жандандырууга тоскоолдук жаратууда. Россия лидери Киевдин орус аскерлеринин алга жылышын токтотуу аракетинин келечеги жок экенин, анткени фронттогу демилге толугу менен орус армиясынын колунда болуп жатканын белгиледи. Бельгияда да Франциядагыдай митингдер болуп жатат. Жогорку класстын окуучулары, студенттик уюмдар, ошондой эле Брюсселдеги кесиптик кошуундар билим берүү тармагынын жетишсиз каржыланышына каршы чыгышууда. Борбордук темир жол бекетинин жанындагы демонстрациялар башаламандыкка айланды. Катышуучулар өрт коюп, мушташ чыгарып жатышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0a/1104208362_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f32ad69f553c4c6b05a79e6017bf0e52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио