https://sputnik.kg/20261008/1104163698.html
Кыргызстан — IT жана инновациялар үчүн шарттар боюнча Азия лидерлеринин катарында
Кыргызстан — IT жана инновациялар үчүн шарттар боюнча Азия лидерлеринин катарында
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан инноваторлор үчүн салыктык шарттар боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директорунун... 08.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-08T11:04+0600
2026-10-08T11:04+0600
2026-10-08T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/08/1104163528_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d549a5db9fd6a458ea19ae138b45497f.jpg
Кыргызстан — IT жана инновациялар үчүн шарттар боюнча Азия лидерлеринин катарында
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан инноваторлор үчүн салыктык шарттар боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров билдирди.
Анын айтымында, өлкө бул көрсөткүч боюнча StartupBlink тарабынан бааланып, Startup Ecosystem Awards 2026 сыйлыгына татыды.“Рейтингде стартаптардын, ишкерлердин жана инновациялык компаниялардын ишине таасир этүүчү салыктык шарттар бааланган. Бул көрсөткүч Кыргызстандын эл аралык технология рыногундагы атаандаштык артыкчылыктарынын бири катары каралат. Салыктык шарттардан тышкары, технологиялык бизнести өнүктүрүүдө квалификациялуу кадрлардын, каржылоонун, инфраструктуранын жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн мааниси белгиленди. Кыргызстанда технологиялык бизнести өнүктүрүүдө Жогорку технологиялар паркы маанилүү роль ойнойт. Анын укуктук негиздери 2011-жылы "Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы менен түзүлүп, 2012-жылы Парктын дирекциясы ишин баштаган. Бүгүнкү күндө Жогорку технологиялар паркы экспортко багытталган IT-компанияларга атайын салыктык режимди жана бизнести өнүктүрүүгө шарт түзгөн колдоону сунуштайт. Парктын негизги максаты — Кыргызстанда дүйнөлүк рынокто атаандаша алган технологиялык компанияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү”, — деди Темирова.
Ал бул жыйынтык Кыргызстанды Борбор Азияда иш алып барууну карап жаткан чет элдик ишкерлер жана инвесторлор үчүн таанытууга кошумча мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Кыргызстан инноваторлор үчүн салыктык шарттар боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров билдирди.Анын айтымында, өлкө бул көрсөткүч боюнча StartupBlink тарабынан бааланып, Startup Ecosystem Awards 2026 сыйлыгына татыды.“Рейтингде стартаптардын, ишкерлердин жана инновациялык компаниялардын ишине таасир этүүчү салыктык шарттар бааланган. Бул көрсөткүч Кыргызстандын эл аралык технология рыногундагы атаандаштык артыкчылыктарынын бири катары каралат. Салыктык шарттардан тышкары, технологиялык бизнести өнүктүрүүдө квалификациялуу кадрлардын, каржылоонун, инфраструктуранын жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн мааниси белгиленди. Кыргызстанда технологиялык бизнести өнүктүрүүдө Жогорку технологиялар паркы маанилүү роль ойнойт. Анын укуктук негиздери 2011-жылы "Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы менен түзүлүп, 2012-жылы Парктын дирекциясы ишин баштаган. Бүгүнкү күндө Жогорку технологиялар паркы экспортко багытталган IT-компанияларга атайын салыктык режимди жана бизнести өнүктүрүүгө шарт түзгөн колдоону сунуштайт. Парктын негизги максаты — Кыргызстанда дүйнөлүк рынокто атаандаша алган технологиялык компанияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү”, — деди Темирова.Ал бул жыйынтык Кыргызстанды Борбор Азияда иш алып барууну карап жаткан чет элдик ишкерлер жана инвесторлор үчүн таанытууга кошумча мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/08/1104163528_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a32cbb284e5789b35662111539970fff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстан — IT жана инновациялар үчүн шарттар боюнча Азия лидерлеринин катарында
11:04 08.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 08.10.2026) Коноктор
Чубак Темиров, Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары