Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
14-декабрь күнү Россия президенти Владимир Путин түз эфирде жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер менен элдин суроолоруна жооп берет.Бул ири маалымат жыйын менен түз эфирдин айкалышкан форматы болот.

Россияны жактоо, таңданткан экономика, моюндагы милдет. Путиндин маалымат жыйыны

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында
Россия президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
РФ лидеринин түз эфир менен айкалышкан маалымат жыйынында дүйнөдө болуп жаткан окуялардан тартып өлкө ичиндеги дээрлик бардык маселелер козголду.
Бүгүн Россия президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйын өткөрүп, түз эфирден россиялыктардын суроолоруна да жооп берди. РФ лидеринин 14-ирет өткөрүп жаткан маалымат жыйыны төрт сааттан ашык убакытка созулду. Төмөндө өлкө башчынын токтолгон маселелеринин урунттуу учурлары тизмектелди.

Россия экономикасы

Владимир Путин Россиянын экономикасы туруктуулугун сактоо менен чектелбестен, алдыга ишенимдүү бет алууга да даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, экономиканы Россия коомчулугунун жогорку консолидациясы, өлкөнүн финансы жана экономикалык туруктуу системасы, ошондой эле армия менен коопсуздук органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашы сактоодо. Өлкө башчы экономикалык өсүштүн башкы көрсөткүчү ИДП экенин айтып, быйыл жыл соңуна чейинки өсүш 3,5 пайызды түзөрүн билдирди.

Атайын операция жана мобилизация

Путин тынчтык Россия атайын операция максатына жеткенде гана орной турганын айтып, шартын тизмектеп берди.

"Тынчтык биз максатка жеткенде болот. Бул — Украинадагы денацификация, демилитаризация, анын нейтралдуу макамы. Максаттар өзгөргөн жок", — деди РФ лидери.

Ал Батыш мамлекеттери убадалагандын баарын Украина толук алганын айтып, Киевдин Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу башталгандан бери орус аскерлери 747 танкты жана ар кандай класстагы дээрлик 2,3 миң сооттолгон техниканы жок кылышканын белгилеп, бул демилитаризация экенин кошумчалаган. Президент демилитаризациялоонун ар кандай варианты бар экенин айтып, "же бир пикирге келиш керек, же маселени күч менен чечүү зарыл, биз ушул максатка умтулабыз" деген пикирди карманарын кошумчалады.
Путиндин айтымында, азыр жаңы мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок. Президент ыктыярдуу аскердик кызмат өтөөнү каалагандардын саны арбын экенин белгиледи. 13-декабрга карата армияга 486 миң адам кирген.
© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүПутин тынчтык Россия атайын операция максатына жеткенде гана орной турганын айтып, шартын тизмектеп берди.
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Путин тынчтык Россия атайын операция максатына жеткенде гана орной турганын айтып, шартын тизмектеп берди.

Батыш менен алака

Путин Европа биримдиги менен болгон мамилени жөнгө салуу Россиядан гана көз каранды эмес деп эсептейт. Анткени ортодогу байланышты Россия эмес Батыш бузган. Алар Москваны улам экинчи, үчүнчү планга жылдырууга аракет кылып келишкен. РФ лидери суроого жооп берип жатып Украина жаңжалынын тутанышына АКШ күнөөлүү экенин, мунун баары Батыштын түрткүсү менен жасалган 2014-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин башталганын белгиледи.

"Азыркы трагедияга карабастан орустар менен украиндер бир эл экенин дайыма айтып келем. Учурда бир туугандар ортосунда жарандык согушка окшош апаат жүрүп жатат. Украинанын түштүк-чыгышы Россияны колдоп келген. Анткени ал жак биздин тарыхый жерибиз болгон. Ленин СССРди түзгөн учурда баарын Украинага өткөрүп берген. СССР урагандан кийин деле ошол боюнча калтырдык. Бирок Украинанын Россияны колдогон түштүк-чыгышы биз үчүн маанилүү болуп келген. Алар дайыма шайлоодо ички-тышкы саясатында РФти колдогон лозунг менен чыккандарга добуш беришчү. Россияга ушул эле жетиштүү эле. Бирок 2014-жылкы төңкөрүштөн кийин Украина менен жакшы мамиле түзүүгө бизге жол бербей турганын түшүндүк", — деди Путин.

Президент Россиянын чек арасына болушунча жакындап келүү аракети, Донбасстагы сегиз жылга созулган кандуу окуялар бүгүн кечирип жаткан күндү башка салганын айтты.

Россияны колдоо

Путин Россиянын азыркы аракеттерин Европа өлкөлөрү эле эмес, АКШда да колдогондор бар экенин, бир топ мамлекеттер Москва туура кадамдарды жасап жатат деп эсептешерин кошумчалады.
"Биз бирөөнүкүнө көз артпастан өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн күрөшүүдөн коркпойбуз. Салттуу баалуулуктарыбызды коргоо багытында дүйнөнүн ар бурчунда тарапташтарыбыз арбын, алардын саны барган сайын көбөйүп жатат", — деди Путин.
© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүПутин "Газада болуп жаткан нерсе — бул апаат" деди
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Путин "Газада болуп жаткан нерсе — бул апаат" деди

Газа секторундагы абал

Путин "Газада болуп жаткан нерсе — бул апаат" деди. Өлкө башчынын айтымында, БУУнун Газа боюнча аракеттеринде эч кандай адаттан тыш көрүнүш жок. Болгону өлкөлөр консенсуска келе албай жатышат.
"Кансыз согуш жылдарында түрдүү күчтөр, ар кайсы мамлекеттер башка өлкөлөр тарабынан кабыл алынган чечимдерге бут тосуп келген. БУУ башынан эле консенсус издөө үчүн түзүлгөн. Эгер табылбаса чечимдер кабыл алынбайт. Дайым эле ушундай болчу", — деди президент.
Путин БУУнун башкы катчысы "Газа сектору дүйнөдөгү эң чоң балдар көрүстөнү болуп калды" деп объективдүү баасын бергенин билдирди. Ал ошондой эле палестин-израиль конфликти боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирдей пикирде экенин кошумчалаган.

АКШ тууралуу

Россия президенти дүйнө үчүн маанилүү делген АКШнын үстөмдүк жасоого ыктаган мамилеси алака түзүүгө жолтоо болуп келерин белгиледи.
"Анткени коомдун аң-сезимине өлкөнү империя катары кабылдоо сиңип калган. Эгер кайсы бир маселе боюнча эпке келип, же чегинип калса электорат аны жеңилүү катары оор кабыл алат. Ошон үчүн элитасы кыйынсынып жүрүүгө аргасыз", — деди Путин.
Анын айтымында, АКШ башка мамлекеттерге урмат-сый менен мамиле жасай баштаганда алака толук кандуу калыбына келет, компромисстер пайда болот. Маселелер санкция жана согуштук аракеттер менен чечилбей калат. Путин "азырынча мындай шарт түзүлө электигин, бирок Россия ага даяр" экенин билдирди.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти дүйнө үчүн маанилүү делген АКШнын үстөмдүк жасоого ыктаган мамилеси алака түзүүгө жолтоо болуп келерин белгиледи.
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Россия президенти дүйнө үчүн маанилүү делген АКШнын үстөмдүк жасоого ыктаган мамилеси алака түзүүгө жолтоо болуп келерин белгиледи.

Долларга байлануунун кесепети

Россия лидери Владимир Путинден улуттук акчадан баш тартып, долларга өтүүнү пландап жаткан Аргентинанын кадамдарына комментарий сурашты. Өлкө лидери бул ар бир мамлекеттин ички маселеси экенин белгилеп, кесепетин түшүндүрүп берди. Президенттин айтымында, көз карандысыздыктан бир топ кол жуугандык.
"Эгерде улуттук валюта жок болсо, эч нерсе кыла албайсың. Бир гана жол — бюджеттин социалдык тармакка каралган бөлүгүн кыскартуу. Айлыктарды, жөлөк пулдарды, пенсияларды, медицинага, жолдорго, ички коопсуздукка каралган акчаларды кесүү. Башка жол жок! Мындай жагдайда кандай гана өкмөт болбосун ички саясий туруктуулуктун айынан алдына татаал шарттарды коёт. Өнөктөштөр ушундай жолду тандаса, алардын эрки. Өлкө кантип жана эмне кылыш керектигин өзү аныктап алат", — деп кошумчалады Россия лидери.

Кытай менен мамиле

Россия менен Кытай НАТОдон айырмаланып эч кандай аскердик блок түзбөй турганын айткан Путин Батыштын альянс ишмердүүлүгүн Азияга да тартып келүү аракети байкалып жатканын белгиледи. РФ лидери бул уюмдун уставдык максаттарынан чыгып кеткенинин анык белгиси деди.

"Түндүк атлантикалык блок, Азияда кандай иши бар? Болбой эле бул жакка жандалбастап келип, чагым жасап, кырдаалды курчутуп, жаңы саясий блокторду түзүүдө. Биз Кытай менен мындай эч нерсе жасабайбыз. Ооба, аскерий, экономикалык, гуманитардык жактан кызматташабыз, бирок блокторду түзбөйбүз. Биздин достук кимдир бирөөгө каршы багытталган эмес", — деди Россия президенти.

Ал Россия-Кытай мамилеси дүйнөдөгү туруктуулуктун кепили болуп саналарын кошумчалады.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПутин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатканын белгиледи
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Путин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатканын белгиледи

Путинге суроо берген "Путин"

Жыйын учурунда Владимир Путинге Санкт-Петербургдан жасалма интеллект менен жасалган "двойниги" кайрылган. Ал өлкө башчыдан канча окшошу бар экенин сураган. Россиянын лидери экранды көрүп айран таң калганы байкалат.
"Жасалма интеллектини жана анын жайылышын алдын алуу мүмкүн эмес. Демек, бул багытта лидерлердин бири болуш үчүн болгон күчтү жумшоо керек. Бирок анын аягы кандай болорун эч ким билбейт. Бул маселе боюнча азыртан ойлонгон оң", — деген Путин.
Ошондой эле өзүнө окшош бир эле адам болушу керектигин, ал өзү экенин кошумчалаган.

Интеграция тууралуу

Путин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, эмгек рыногу, капитал, кооперативдерди колдоо, бирдиктүү инфраструктураны, этностор аралык баарлашуу тилин колдонуу — мунун баары дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүктү арттырчу шарттар.

Молдова менен Армения тууралуу:

Эгер Молдова процесстин (КМШ) катышуучусу болгусу келбесе, анда бул өлкө жетекчилигинин тандоосу. Биз үчүн Молдованын КМШда болушу көп деле маанилүү эмес, бирок биз иштешүүгө даярбыз.
Армения өзү Карабах Азербайжандын бир бөлүгү экенин тааныган. Ал жерде татаал эч нерсе жок. Армения ЕАЭБдеги, ЖККУдагы жана КМШдагы мүчөлүгүн токтотууга кызыкдар эмес деп ойлойм. Армениянын премьер-министринин саммиттерге катышпай жатканын анын биримдикте иштөөнү каалабагандыгы деп түшүнүү туура эмес.
© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПутин мигранттарга жакшы шарттарды түзүү зарыл экенин билдирди.
Трансляция Прямой линии и большой пресс-конференции президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Путин мигранттарга жакшы шарттарды түзүү зарыл экенин билдирди.

Мигранттар тууралуу

Путин мигранттарга жакшы шарттарды түзүү зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, Россияда 10 миллиондон ашуун мигрант эмгектенет, өлкө биринчи кезекте квалификациялуу жумушчу күчкө кызыкдар.
Ошондой эле эмгек миграциясындагы маселелер боюнча өз убагында чечимдерди таба турган атайын органды түзүү керектигин белгиледи.
"Техникалык-укуктук маселелер менен алектенген ИИМден тышкары атайын орган болуусу кажет. Көйгөйлөрдү ар тараптан караган, анын ар бир аспектиси боюнча өз убагында чечим таба турган атайын орган түзүү зарыл", — деди Путин.

Стресске кабылганда...

Владимир Путинден "чирип бүткөн" дүйнө жүзү жапырт каршы чыккан учурда стресстен кантип чыгарын сурашты.
"Стресс... Же бизге чабуул жасалган мезгилде дейбиз го? Моюнга коюлган милдет. Мен максаттарга жетүү үчүн майда-баратка көңүл бурбай, болгон аракетимди жумшоону, башкы приоритеттерди туура тандаганды жакшы өздөштүргөм", — деди Путин.
Ал баарын түшүнүп талдоо үчүн көз караш кенен болушу зарылдыгын белгилеген.

Ишеним, өкүнүч

Маалымат жыйын учурунда Путинге 20 жыл мурунку өзүңүзгө жолуксаңыз эмне кеңеш берер элеңиз, эмнеден саксактаар элеңиз жана эмне тилек айтар элеңиз деген суроо узатылган.
Путин биринчи суроого "туура жолдо бара жатасың демекмин" деп жооп берди. Мындан тышкары, "өнөктөштөргө" карата ашкере ишенчээктиктен, баёолуктан оолак болууга кеңеш бермектигин айтып, соңунда жаштарга улуу орус элине ишенүү керектигин айтмакмын деди. Путиндин айтымында, Россиянын өнүгүүсүнүн негизи да ушул ишенимде.
РФ лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0