Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Financial Times: Зеленский ушул аптада башкы союздаштарынан кол жуушу мүмкүн

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
ЖМКнын маалыматы боюнча, жекшемби күнү ЕБ элчилери 14 саат бою Украинаны талкуулашкан.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШ менен Евробиримдик ушул жумада Украинага финансылык колдоосун токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу Financial Times жазды.
"Президент Владимир Зеленский бул аптаны эң маанилүү эки союздашы финансылык жардам көрсөтүүдөн баш тартып жатканына байкоо салып өткөрөт окшоп калды", — деп айтылат макалада.
Гезит батыш саясатчылары Киевге кошумча каражат бөлүү маселесинде бир пикирге келе албай жатышканын жазган. Басылманын маалыматы боюнча, 10-декабрь күнү ЕБ элчилери 14 сааттай сүйлөшүшкөн.
Чет өлкөлүк ЖМКлар АКШ менен Евробиримдик украин кризисинен чарчап бүткөнүн, Владимир Зеленскийди колдоо азайып баратканын көбүрөөк жаза башташты. NBC телеканалы тараткан маалыматта америкалык жана европалык чиновниктер киев бийлигинин Россия менен эпке келүүсү кандай натыйжа берерин талкуулап жатканы айтылат. Аткаминерлер бир пикирге келүү үчүн Украина кайсы бир нерселерден баш тартышы керектигин да жокко чыгарышкан эмес.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов белгилегендей, Киев Батыштын Москва менен диалогдун зарылдыгын белгилеп жатканына тынчсызданууда. Ал эми өлкө ТИМинин жетекчиси Дмитрий Кулеба бул маселеде союздаштары тарабынан эч кандай басымды сезбегенин айтты. Кремль болсо киев режими согуш талаасында жеңишке жете албай турганын канчалык эрте түшүнсө, кырдаалдан чыгуунун жолу ошончолук тез табыларын белгилеп келет.
Украин аскерлери Херсондун жанындагы фронтто Днепр дарыясынын жээгинде кайыкка түшүп жатышат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кырылдык... Украин ЖМКлары Днепрдин сол жээги үчүн күрөштүн майнапсыздыгы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0