Ысык-Көлдө карга унаасы менен тыгылып калган казакстандык үй-бүлө куткарылды

© AFP / KARL-JOSEF HILDENBRANDКар жаап атканда бараткан унаа. Архивдик сүрөт
Кар жаап атканда бараткан унаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Туристтер "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган казакстандык үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда беш кишиден турган үй-бүлө Nissan Patrol унаасы менен Ак-Суу районундагы Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосунда баратып кар күрткүсүнө тыгылып калган. Алар "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.
Жерине ыкчам түрдө алты куткаруучу тартылып, кар күрткүдө калган үй-бүлөнү унаасы менен сүйрөп чыгарып беришкен.
Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.
Бишкектеги автоунаа оңдоо жайынан өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Бишкекте түтүнгө толгон жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0