Курманбектин Экезди сайышы жана Акканга барышы. Эпостон 8 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуңкурчак жайлоосундагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив
Чуңкурчак жайлоосундагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Жазылуу
Бул сапар окурмандарга Курманбек баатырдын жоосун сайып, кан досуна барышы жана бир катар окуялар туурасында баяныбызды улантабыз.
Дөлөн хандын амал ойлоп табышы. Көп кызыкты көргөзгөн 40 жигитке ачуусу келген Дөлөн хан алдына келген калмагын кошо жайлап, кан чайнап турду. Тейитбектин тентиген баласы ушунча болгон турбайбы, тыңчылар айтып келгенде неге тындырып койбодум, баканооздор байкап келгенде неге барк албай койдум деп кан сийип жатты.
– Жөнө, жок кыл, Экез баатыр, карышкырдын карыса да бир койлук алы бар! – деди Дөлөн хан турнабайын ары түртүп, дөңдөгү аз гана жигити менен турган ишенген баатырына.
Баатырларынын баары өлүп, оёндору оңторулуп, ноёндору ноктолонуп, эми ишенгени ушул Экези калган. Токсонго жашы келгенче жан кишиге найза тийгиздирбеген, ат үстүнөн бир жолу да ыргып түшпөгөн суйдаң сакал, буудай ыраң, бүтүк көз, маңдайы толгон тырыш баскан, чачы куудай аппак Экез баатыр эпилдеп келип Дөлөн хандын алдына чөгөлөй отурду.
– Улуу урматтуу ханым, баланын башын алып келүүгө уруксат эткейсиз? – Экездин өз башы жерге ийилип турганда Дөлөн хан ушунчалык берилген ноёну бар экенине ичтен кымылдап сүйүндү. Сүйүндү да ушул баатырынан азыр айрылып калышы мүмкүн экенин да туйгандай жүрөгү бир болк этип алды. Кантип эле? Канча жыл арка-бел болгон агасынан, ойрот-калмакты багып турган баатырынан айрылып калсын? Антсе эми кыпчак менен кыргыздан ким алым алып берип турат, ары жактагы кылкылдаган кара кытайга басып кирем деген оюн ким колдойт. Дөлөн санаасынан кайра чочуп кетти. Эртеден бери турнабайда көрүп турган бала оңой жоо эмес. Токсондогу Экезди торойто чапса жаманаттысы Дөлөнгө тиет. Калмак калкы карабай кетет. Же жанагы жаш бала Экезди жайлап муну аяп коймок беле? Артынан түшүп ордосуна чейин кууп барсачы? Анда адаштырма буктурма чепке камап кырк жигитти ачка коёт. Жо-ок, ал да кыйын. Качып буктурмага жеткирбей жайлап салышсачы. Ошолорду ойлонду да түлкүдөй куу Дөлөн хан салтты бузуп, Экездин жеңилип-жеңишин карабай артынан өзү бара бермек болду. Экөөлөшөт. Баатырлар салтын карап отурса, өлүм гана келатпайбы...
Экездин Курманбекке өлтүрүү үчүн келгени. Курманбек арам терин алдырып, канча калмакты оо дүйнөгө аттантып, бир киргенде кыйла жерди жапырып барат, анан токтоп калса алары оңдон-солдон кысып кирет, кайра качырат. Бу калк ат түгүндөй түгөнбөгөн көп экен. Бир убакта эле айгайлаган үн чыкты, "жабуулаган" урааны угулду.
– Баатыр, келатат, Экези келатат! – деп калды кырк жигитинин бири.
Курманбек абай салып караса, чаңызгытып, качырдай болгон кодо ат эле чымын-куюн болуп келатат. Айланайын, бул аттын келиши башка түгөнгүр. Үстүндөгү кишиси бирде жерге түшө калат, бирде ат үстүндө тик туруп алат, бирде аттын тиги боорунда, бирде бул боорунда. Курманбек эмне экенин түшүнбөй калды. Экези ушул болсо ат-паты менен көтөрүп ыргытам деп турганда бөкөндөй болгон сыраңдаган ат келип эле адамы жок. Маңдай тушка келгенде Телтору ат кишенеп бир учту эле, Курманбектин дал артынан ышкырыктуу, жанган ок кайып өттү. Экездин кулан аты ары жетип, тык токтоп, анан кайра сайгактагандай шарт артка тартты, Телтору ат кишенеп туруп асман чапчыды. Дагы бир ажалдуу ок алдынан өттү. Бала баатыр ошондо гана аттын чатында жүргөн чүкөдөй болгон сыйкырчыдай чалды байкады. "Сени карап тур" дегендей Курманбек Телтору атты бир теминди эле, кайран жаныбар ак булуттуу көктүн асты менен, буту жерге тийген-тийбегени билинбей, сайгактай болгон сары атка жетип барды. Ачуусу келген Курманбек Кызыл-Үңкүрдө асмандан учуп келген таштан жондурган, он уста араң көтөргөн, учуна чөл жылан уусуна кара курт заарын кошо сыйпаткан найзасын колоктотуп урду эле, ат-паты менен Экез ноён эңшерилип жыгылып, найзанын учуна илинди.
Катын сайыш кылган Дөлөн хан. Аларды коштоп көтөрүп, найзанын башына сороктотуп илип келатканда, Экезин шишкебек кылып жегиле деп, аты менен кырк жигит астына алып барып, найзадан чыгарып берейин деп келатканда, найзанын учу бошобой турганда туурасынан качырып, капыстан чыккан он чакты караан көрүндү. Эмне экенин элебей, ким экенин билбей кудуңдаган Курманбек чүкөдөй чалды кулан аты менен кандарын булатып көтөрүп баратканда чарайнасы жарк этип, баштан туулгасы түшө жаздап, колдогу найзасы башындагы илингендери менен жерге ыргып, үзөңгүдөн бут кетти, ээрден ыргып көт кетти. Ошондо Курманбек найзасына ийилерде желгенине жел жетпес Телтору омоктуу боло калып, баатырга баш бербей качып берди. Катын сайыш кылган Дөлөн хан эң тандамал он ноёну менен туурадан чыккан экен. Курманбек учуп кетерде Телтору сызып жөнөдү. Ооздугун кемирип, ойноктоп Телтору ат ойротторго жеткирбей барып, кырк жигитке жакындады эле жигит башы Бекмамат найзасын баатырга бере салды. Алыстан куугун боло албай турган Дөлөн ханга Курманбек өзү барды. Кырк жигиттен калганы аны коштоп турушту.
Манас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Кыргыз менен кытайдын согушун токтотуп турган Мыскал кыз. Улуу баяндан 6 факт
Курманбек менен Дөлөн хан бетме-бет келди. Дөлөн хан Курманбек уккандай эле тоо экен. Көмүрлүү тоодой бар экен. Эки көзү кызарып, нан бышырчу сарт тандыр, муруттары сай талдай, бетинде түгү бедедей, карап турду кенебей. Курманбек барды качырып, кап аттиң найзасы колго жарашпай, же кырк жигиттин бирөө да өз найзасын апкелбейт. Ары-бери чабышты, бирде сүрсө жаш баатыр, бирде сүрүп карт баатыр, иңир кирип шам болду, дененин баары кан болду, түз оюлуп аң болду. Кабыргалар качырып, мээ чайкалып, бут сынып, аттар тердеп буу чыгып, бууга кошо уу чыгып, кузгун келип тарп аңдып кыямат уруш көп болду. Эки ат да бири-бири менен шилилешип аткан, Курманбек жакшы караса Дөлөндүн аты Карала качкы боло баштаптыр, Телторуну көргөндө көзүн ала качыптыр. Мына ошондо Курманбек аттар дагы өзүнчө согушканын түшүндү, кайыптан бүткөн Телтору, эчен эрдин кунуна бергис Телтору тиги турган Караланы качкы кылып таштаганын боолголоду. Дагы бир жолу найзачан эки баатыр бет келип, Бала баатыр ошондо качырып жакын барды да, калмак ханы Дөлөндүн Карала атын кый сүбөөгө бир сайды. Ошондо Дөлөндүн айласы алты кетти. Сүбөөдөн кирген найзасы кабыргасын аралап, кыр аркасын жаралап, оозунан канын оргутуп, Караланы кайсады. Кудайын таппай куу Дөлөн Курманбекке жалынды. Экинчи сага тийбейм деп, кыргыз-кыпчак элиңе салык берип турам деп, менин калкым жүз жылдап алган нерселерди толук кайра берем деп Курманбекке жалдырап, жез кобул найзасын жоодон жеңилгеним ушул болсун, ушул менин шертим болсун деп жерге сайып матырып, кара жүзүн кубартып, коштошконго жарабай, артына бир карабай журтун карай чуу койду...
Кербендерди камоодон бошотуу. Камоодо калган кербендер не кылар айласын билбей, алды ачтан өлүп, аттары арыктап, Курманбек жигиттери менен барганда озондоп ыйлаганы андан көп, калмактар камаган үңкүрдөн капастагы кекиликтердей чурулдап чыгышты. Жүктүн таланганы таланып, үңкүр ичи үп болуп, кулдардын заарасына толуп, кырк жигит менен кербен башы Самсакундун шаабайы сууп, бир жерде перси килемдер жатат топуракка буланып, бир жерде шурулар, алтын курлар жатат чубалып, дагы бир жерде онтогон чала өлүк, дагы бир жерде ичегиси айрылган көөлүк.
– Кербен элек, Кабылдан келаттык элек! – деди калтаарыган Самсакун тоодой болгон Курманбекке, сайыша берип дененин соо жери жок карарган, жараланган жаш баатырга карап.
– Барар жериңер каяк? – Курманбек зоңк этти.
– Кашкар.
– Кашкарыңар канча күн жол?
– Үч күн таксыр.
– Кербенге кол салган салтта жок эле. Калмактардын адебин бердик. Эми силерге катылбайт. Бара бергиле!
– Жок, мырзам, жок, силерсиз бир кадам да жыла албайбыз. Бизди жеткирип койгула. Акыңарды Аккан ханыбыз кайрып берет.
– Аккан дейсиңби?
– Ооба, ооба. Биздин жаш ханыбыз.
– Барып алака түзүп келгиле. Биз баарын айтабыз.
Курманбек не айла кыларын билбей туруп калды. Кербенди минтип жөнөткөн менен алар коркуп бүтүптүр, жолдо дагы кырсыкка кабылат, анын үстүнө мындай кылуу адамгерчиликке да жатпайт. Баатыр жигиттерин катарга тургузду. Уруштан отуз бири гана калыптыр. Алар макул болуп Курманбек баштап, кербен чыгышка карай жол тартты...
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Баатырлардын соңку согуштары. Улуу баяндан 9 факт
Курманбектин Кашкарга барышы. Дал айткандай үч күн жол жүрүп кербен Кашкарга жетти. Кашкардын жүзүмдөрү самсаалап, базардан бир башкача даамдуу жыт келет, зоңкойгон мечиттери андан көп, ар мечиттин жанында азанга чакырган мунаралар. Күмбөздөрдүн күмүш купалары күнгө жаркырайт, төөлөрдүн сан жеткис кербендери каршы-терши өтөт. Керней-сурнай тартылып, он эки мукамын ойнотуп, хан ордого жакындаганда аламан экиге жарылып, Курманбекти ушунчалык ызаат менен тосуп алышты.
Хан өзү дарбаза сыртына чыгып, ийилип таазим кылып Курманбек менен эзелки таанышындай эзиле кучакташты. Баатыр эпилдеген, башына үкүлүү селде оронгон, Кашкар ханын көкүрөккө катуу сыгайын деп илмейген неменин белин сындырып коюудан коркту.
Анын өзүнүн аты Абдлин болсо да абийиринин тазалыгынан, соодага актыгынан Аккан, же жөн гана Аппак хан деп аташкан. Курманбектин хандыгы ага суусар, сүлөөсүн, илбирс, жолборс, карышкыр, түлкү терилерин даярдап берүүдө гана эмес, ары-бери өткөн кербендердин бейкапар жүрүшүндө да керек болорун уйгур ханы миң эсеп менен эсептеп, чоттоп чыкты.
Эки хан ордодогу бакка отурду. Алардын жанында аузда каз-өрдөктөр калкылдап, алтын балыктар ары-бери тынымсыз сүзүп, үйрөтүлгөн тымсак алар менен ойноп жатты. Жука соолон көйнөк кийген эки кыз ракска түшүп, алыста дагы бир жигит тегерек бир нерсесин ургулап атат. Бак ичинде буларга улам жакын келип бугу менен маралы, кекилик менен улары, керик менен маймылы адамга үйүр болуп алыптыр.
– Биздин күн ушундай дос, – деп сөз баштады эпилдеген Аккан. – Бүт элибиз менен соода кылабыз. Ындыстан менен Чыныстандан барып чай алып, идиш-аяк, чыны-табак алып Ооганга, Самаркан менен Букарга жөнөйбүз. Кашкардан атлас менен шайы алып, пахта менен жибек алып Ындыстанга өтөбүз. Аяктан маржан, курма жүктөп, Ош, Анжиянга барабыз. Аерден мейиз, өрүк, күрүч алып Сары-Колго чыгабыз. Соода жайы ушундай – бирде бар да, бирде жок. Биздин жаман көргөнүбүз эле, коркконубуз эле урушкандар. Уруу-уруу болуп, бир журт менен башка журт урушуп турса эле бизге калбаа. Соодабыз токтойт, кербендер тонолот, жигиттерибиздин жүрөгү заада болуп турат. Бул чөлкөмдө ынтымак болбосо кашкарлыкка күн жок. Ошол үчүн бизге ынтымак керек, ырыс керек. Бүт элдердин бир ойдо болушу, өз оокатын тынч өткөрүшү керек.
Сөз арасында Курманбек Акканга караган жерлер көп экенин билди, Үрүмчү, Манас, Үч-Арал, Текес-Кыяс, Кулжа, Аксы, Күчар деген жер аттарын укту. Бул дүйнөнүн түгөнбөстүгүнө көзү жетти.
Оогандын Бакбур ханынын кызы Канышай тууралуу угушу. Дагы бир жерде адамзаданын нурлуусу, аялзатынын сулуусу, узун ыштан кийген, бет кабын үзбөй жүргөн, колундагы күмүш билериги баскан сайын коңгуроо үн берип турган аяшы ажайып чырай Акылай менен тааныштырды, анын колунан манты менен самсасын, хошан менен лагманын жеди. Алыс-алыс Ооганда Бакбур деген хан барын, анын түгөнбөгөн малына санак жетпесин атайын айтып атып, ошол аяш атасынын айдай сулуу кызы Канышай деген бойго жеткенин, бирок атасы аны Үргөнч сууну ким кечсе, мени сайып ким жыкса, ошого гана берем деп атканын билди. Бул сөзгө бала баатыр Курманбек кызыга түштү. Жер бетинен аккан сууну Телтору турса ким кечпейт да, алтымыштагы адамды сыр найза турса ким жыкпайт. Ал суусу көп болсо Нарындай болор.
Ошентип экөө көпкө сүйлөштү. Сейил бакта сергишти. Жүзүм суусун кана ичишти. Курманбекти табыпка көрсөтүп, Кытайдын кырма дарысынан куйдурду...
Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Тейитбектин зарлап жүрүп уулдуу болушу. "Курманбек" баянынан 11 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0