https://sputnik.kg/20260615/1101884435.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Блогерлер үчүн берилген салыктык каникул коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.Алардын катарында мурдагы УTРK жетекчиси Илим Карыпбеков да бар. Ал кайсы блогер... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T13:00+0600
2026-06-15T13:00+0600
2026-06-15T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101884268_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9e0b314dd3af53b255057ee789555a89.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Блогерлер үчүн берилген салыктык каникул коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.Алардын катарында мурдагы УTРK жетекчиси Илим Карыпбеков да бар. Ал кайсы блогер салыктан ушунчалык жабыркап, жеңилдикке муктаж болуп жатканын билгиси келген. Дарыгерлер арасында белгилүү Bek Surap бул чечимди сынга алып, ак халатчандар оор шартта иштеп туруп салык төлөй турганын, ал эми блогерлер чоң киреше таап туруп жеңилдик алып жатканын белгилеген. Анын айтымында, көңүл ачуучу контент тарткан айрым блогерлер бир күндө эле реаниматологдун бир айлык маянасына тең киреше табышы мүмкүн. Билдирүүлөрдөн кийин соцтармакта белгилүү инфлюенсерлердин жарнама баалары жарыялана баштады. Маалым болгондой, популярдуу аккаунттардагы бир жарнамалык роликтин баасы 2 миң долларга чейин жетет. Биз түшүндүрмө алуу үчүн Салык кызматына кайрылдык. Азырынча жооп бериле элек.
Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү рекорддук деңгээлге жакындады Ушул жылдын январь-март айларында өлкөгө которулган акчанын көлөмү рекорддук чекке жакындаганы Улуттук банктын маалыматында айтылат. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 700 миллион доллар которулган. Биринчи чейректе мындан көп каражат болгону өткөн жылы гана түшкөн. Акчанын негизги бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келди. Атап айтканда, Россия жана Казакстандан жалпысынан 645 миллилон доллар которулган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде чет жактан 756 миллион доллар келген.
2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө салтанаттуу түрдө тапшырылат.Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, республиканын бардык мектептеринде 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат берилет.Министрлик документтерди тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөрүн белгиледи.Ошондой эле менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине бүтүрүү кечелерин уюштуруу үчүн акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынары эскертилди.
Россия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 80 жаш мааракеси менен куттуктаганын Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Лидерлердин сүйлөшүүсү достук жана ачык мүнөздө өтүп, 55 мүнөткө созулган. Негизгилери: ▪️Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашуу дээрлик аяктап калганын жана анын бүгүн эле жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди ▪️Путин Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын жарандык объектилерине жасаган соккулары жаңжалды жөнгө салуу процессине тоскоол болуп жатканын белгиледи ▪️Трамп Европа тарапка да, Киевге да кырдаалды жөнгө салуу боюнча таасир этүүгө даяр экенин билдирди ▪️Америка президенти Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында эки өлкөнүн союздаштыгын унутпоо керек экенин айтты.
Блогерлер үчүн берилген салыктык каникул коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.Алардын катарында мурдагы УTРK жетекчиси Илим Карыпбеков да бар. Ал кайсы блогер салыктан ушунчалык жабыркап, жеңилдикке муктаж болуп жатканын билгиси келген. Дарыгерлер арасында белгилүү Bek Surap бул чечимди сынга алып, ак халатчандар оор шартта иштеп туруп салык төлөй турганын, ал эми блогерлер чоң киреше таап туруп жеңилдик алып жатканын белгилеген. Анын айтымында, көңүл ачуучу контент тарткан айрым блогерлер бир күндө эле реаниматологдун бир айлык маянасына тең киреше табышы мүмкүн. Билдирүүлөрдөн кийин соцтармакта белгилүү инфлюенсерлердин жарнама баалары жарыялана баштады. Маалым болгондой, популярдуу аккаунттардагы бир жарнамалык роликтин баасы 2 миң долларга чейин жетет. Биз түшүндүрмө алуу үчүн Салык кызматына кайрылдык. Азырынча жооп бериле элек. Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү рекорддук деңгээлге жакындады Ушул жылдын январь-март айларында өлкөгө которулган акчанын көлөмү рекорддук чекке жакындаганы Улуттук банктын маалыматында айтылат. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 700 миллион доллар которулган. Биринчи чейректе мындан көп каражат болгону өткөн жылы гана түшкөн. Акчанын негизги бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келди. Атап айтканда, Россия жана Казакстандан жалпысынан 645 миллилон доллар которулган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде чет жактан 756 миллион доллар келген.2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө салтанаттуу түрдө тапшырылат.Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, республиканын бардык мектептеринде 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат берилет.Министрлик документтерди тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөрүн белгиледи.Ошондой эле менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине бүтүрүү кечелерин уюштуруу үчүн акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынары эскертилди.Россия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 80 жаш мааракеси менен куттуктаганын Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Лидерлердин сүйлөшүүсү достук жана ачык мүнөздө өтүп, 55 мүнөткө созулган. Негизгилери: ▪️Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашуу дээрлик аяктап калганын жана анын бүгүн эле жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди ▪️Путин Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын жарандык объектилерине жасаган соккулары жаңжалды жөнгө салуу процессине тоскоол болуп жатканын белгиледи ▪️Трамп Европа тарапка да, Киевге да кырдаалды жөнгө салуу боюнча таасир этүүгө даяр экенин билдирди ▪️Америка президенти Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында эки өлкөнүн союздаштыгын унутпоо керек экенин айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101884268_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e244a64bc7bd4040584eaa50edd69bc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио