https://sputnik.kg/20260614/1101867631.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мамлекеттик... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T08:59+0600
2026-06-14T08:59+0600
2026-06-14T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101867465_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e2f07213942f682c88567c5e5c3eaa4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.Жыйында жол коопсуздугун жогорулатуу, Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана кырсыктардын санын азайтуу чаралары талкууланды.Амангелдиевдин айтымында, негизги максат — айып пулдардын санын көбөйтүү эмес, жарандардын өмүрүн сактап, жолдордо коопсуз чөйрө түзүү. Ошондой эле өлүмгө алып келген жол кырсыктарын азайтууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, жасалма интеллект тармагындагы адистер, кино жана телеберүү контентин жаратуучулар дагы 5 жылга салыктардан бошотулат. Бул компаниялар үчүн Соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 12%га чейин төмөндөтүлөт. Документке ылайык, коомдук тамактануу жайлары жана сауналар үчүн да салыктар азайтылды: кафе, ресторан жана мончолор үчүн бирдиктүү туруктуу ставка киргизилет — Бишкек менен Ошто 5%, ал эми башка аймактарда 3%.
Таласта 5 миң орундуу стадион жайдын аягында пайдаланууга берилетТалас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу борбордук стадион быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш министри Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин жүрүшү менен таанышып, подрядчы уюмга курулуштун сапатын күчөтүү жана жумушчу күчтү көбөйтүү боюнча тапшырма берди. Министр стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.Долбоор боюнча стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар курулуп, оюнчулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Ошондой эле медиа борбор, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган.Мындан тышкары, спорттук комплекстин аймагында футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр орун алат.Белгилей кетсек, борбордук стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объекттин курулуш иштерин ушул жылдын жай айларынын соңуна чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жол эрежелерин автоматтык түрдө аныктоочу заманбап "Оракул-Инсайт" аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган жаңы кайгуул унаасын коомчулукка тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын реалдуу убакыт режиминде фото жана видео аркылуу каттап турат. Ал ылдамдык режимин бузуу, каршы тилкеге чыгуу, токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин сактабоо, рулда бара жатып уюлдук телефон колдонуу жана коопсуздук курун тагынбоо сыяктуу мыйзам бузууларды автоматтык түрдө аныктай алат.Мындан тышкары, комплекс жолдогу транспорт агымын жана жалпы кыймыл кырдаалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев белгилегендей, системанын негизги артыкчылыгы — кайгуул унаасы кыймылда жүргөн учурда дагы мыйзам бузууларды аныктап, каттай алуусунда.Ведомстводон билдиришкендей, жакынкы мезгилде бардык кайгуул кызматтык унааларды ушундай аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу пландалууда.
Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.Жыйында жол коопсуздугун жогорулатуу, Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана кырсыктардын санын азайтуу чаралары талкууланды.Амангелдиевдин айтымында, негизги максат — айып пулдардын санын көбөйтүү эмес, жарандардын өмүрүн сактап, жолдордо коопсуз чөйрө түзүү. Ошондой эле өлүмгө алып келген жол кырсыктарын азайтууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, жасалма интеллект тармагындагы адистер, кино жана телеберүү контентин жаратуучулар дагы 5 жылга салыктардан бошотулат. Бул компаниялар үчүн Соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 12%га чейин төмөндөтүлөт. Документке ылайык, коомдук тамактануу жайлары жана сауналар үчүн да салыктар азайтылды: кафе, ресторан жана мончолор үчүн бирдиктүү туруктуу ставка киргизилет — Бишкек менен Ошто 5%, ал эми башка аймактарда 3%. Таласта 5 миң орундуу стадион жайдын аягында пайдаланууга берилетТалас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу борбордук стадион быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш министри Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин жүрүшү менен таанышып, подрядчы уюмга курулуштун сапатын күчөтүү жана жумушчу күчтү көбөйтүү боюнча тапшырма берди. Министр стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.Долбоор боюнча стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар курулуп, оюнчулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Ошондой эле медиа борбор, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган.Мындан тышкары, спорттук комплекстин аймагында футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр орун алат.Белгилей кетсек, борбордук стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объекттин курулуш иштерин ушул жылдын жай айларынын соңуна чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жол эрежелерин автоматтык түрдө аныктоочу заманбап "Оракул-Инсайт" аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган жаңы кайгуул унаасын коомчулукка тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын реалдуу убакыт режиминде фото жана видео аркылуу каттап турат. Ал ылдамдык режимин бузуу, каршы тилкеге чыгуу, токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин сактабоо, рулда бара жатып уюлдук телефон колдонуу жана коопсуздук курун тагынбоо сыяктуу мыйзам бузууларды автоматтык түрдө аныктай алат.Мындан тышкары, комплекс жолдогу транспорт агымын жана жалпы кыймыл кырдаалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев белгилегендей, системанын негизги артыкчылыгы — кайгуул унаасы кыймылда жүргөн учурда дагы мыйзам бузууларды аныктап, каттай алуусунда.Ведомстводон билдиришкендей, жакынкы мезгилде бардык кайгуул кызматтык унааларды ушундай аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу пландалууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101867465_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_55711368dab640ecd355842c95992edf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио