Кыргыз менен кытайдын согушун токтотуп турган Мыскал кыз. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценМанас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт
Манас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Аярдын айтканын кытайлардын аткарышын, Эсен кан кызы Мыскалдын күйүт тартып жүрүшүн, Эсен кан кызы Мыскал менен Алмамбеттин учурашканын фактыдан окуңуз.
Манастын чакырыгы боюнча көп аскердин жыйылышы. Бир чети Манаска учурушканы, бир чети анын өтүнүчү менен Аксы, Турпан арасына кол жыйыла берди. Өзүнчө эле Айкөлгө учурашабыз деп жетимиш миң жоокер кандары, бектери, жарак-жабдыгы, тамак-ашы менен келди. Көкөтөйдүн Бокмурун өзүбектен кол алып, бу да келди, Каратегин калчасы Жуда келди, он бир жүз миң кол болуп Жеркент, Котон, Кейүүдөн келди, аты жоктор эшекчен келди, бирлери качыр минип жүрүшөт, жөөлөр дагы жөн жүрбөйт, колдо найза булгалайт. Тагырма менен Таш-Коргон, Кенжуттан келген аскерге Карарган шаар карк толду. Кан жээни Жүгөрү жүрөт казатка шайланып, жанына кылыч байланып, аскерлерин айланып. Оён Манас баатыр шерденди, көп кол ичинен дагы тандап күчтүү кол жыйды. Камбылдын өөдө ченине Какалык деген жерине топтолушту. Ушул жерге Манас менен кытайлар чек койгон жайы бар экен. Токтолук тоонун оюна, Тойдун суунун боюна токтошту. Ары жагы – Кытай кыйыры. Ал тарапка көз салып карашса кылайган бир бенде жок. Күн чыгыш беттен төрт күн жүрүптүр, дагы адам аттуу жок. Былкылдаган кумга жетти. Чалгынчылар да алты күн, алты түн жол басып, адам жок деп келишти. Козголгону кытайдын жалган окшойт деп калышты. Көрсө, кытайлар Муздукту көздөй салыптыр, ошол жактан ооп келип калышты. Көзү көрүп акыры, көөдөнгө сыйбай акылы, кырк баатырдын баарысы, Кыргыл, Бакай карысы, тозуп-тозуп турушуп, тозот менен урушуп, кез-кез жерде турушуп, кезектешип урушуп, Ошпурдун ойдуң талаада уруш кызып кирди. Кыргыз колу чачырап, кайраты качты, Алтай аркада калды. Кытай ичинде ар бирөөнүн башы алты карыш чарадай болгону бар, сакалы колдун салаадайы бар. Камыштан кыйып каптаган, таш желим менен чаптаган, бөрү тил учун чыгарган, заар менен сугарган ар бирөөнүн найзасы сороёт. Кыйла күчү барлары моюнга саадак илишет, апийимин сорушуп, сарканасы алтын канжага нашааны салып коюшуп жүргөндөрү бар. Кай бирөөнүн көчүгү тыйтайган алгыр тайгандай, кай бирөөнүн кулагы капталда жүрөт залкайып, кай бирөөнүн эмчеги наабайчынын дандырдай. Аягын атка илбеген, бир өмүр жөө жүргөндөр бар. Сүдөң урук кытай бар, алардын тилин жалпы кытай түшүнбөйт, Кыяңды дегендери бар, өз өлүгүн өзү жейт, талкуу деген калкы бар, баарын жыйган экен, кыргызды түп орду менен кырмак экен. Кытайлар кырдан, ойдон, суудан, түздөн кара курттай быжылдап келип атат, келип атат. Арты үзүлчүдөй эмес, куюлуп келет кум болуп. Кыргызга караган Кумулдун шашке жагында Куту бий деген калаа бар эле, Жетиген тарап жагында Куюндуу деген дагы бир калаа бар эле, булардын элинен бири калбай, кара малы калбай качып чыкты, Санжы шаар, Токолу, баш жагында Кумулдун Байдын шаары дегендер үркүп чыкты, Туюктуу тоонун оюнда, Толкундуу суунун боюнда Токотойдун шаарынан качкындар бири кетти Кашкарга, бири кетти Орто Азияга, аягы кетти Алайга, андан өтүп, Сарколго. Улуу Үркүн ушинтип адамдын журтун дүргүтүп, төөнүн баарын бакыртып, эшектин баарын акыртып, көлүккө жүгүн арттырып качкын болуп калышты. Ошол кезде дүңгүрүп Эр Манастын колу келди. Тоо көчкөндөй дүңгүрлөп, найзанын учу кылтылдап, аскердин башы кылкылдап, Олуя-Ата, чоң Ташкенден, Орчун Кокон, Маргалаңдан, Оро-Төбө, Самаркандан, Орол, Эдил, Жайыктан, аягы Балык, Бадакшандан келген кол Ажы Манас баш болуп урушка кирди. Кыргыз уулу кытайды кууп жапырды. Эламандын Төштүгү, эштектердин Жамгырчы, Жедигердин Багышы, Жеткир чалдын Агышы, Кара Үрбү, Кан жээни Жүгөрү, Көкмөк уулу Керкөкүл, Көчпөс байдын Жанайы, Анжияндын Санжыбек, ак ала сакал Музбурчак өз-өз колун баштап жүрөт. Толкуп келген кытайдын топону тоодой үйүлдү, топосу үйдөй жыйылды. Өлүктөр корум болду. Кол сөгүлгөн андан көп, коркурап башын жан чыкпай жерге урганы сандап көп. Эки жак тең өжөрлөнөт. Карап турсаң, кыргыз – бөрү, кытай – кой, кузгундарга болду – той.
Герцендин Манас эпосуна тарткан иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Манастын элин чаап өч алмак үчүн кытайлардын кеңешкени. Улуу баяндан 7 факт
Аярдын айтканын кытайлардын аткарышы. Кытайдын Көңкүш деген аяры бар экен. Ошол айтыптыр башчыларына: "Кумулдан өтпөй курудук, Камбылдан өтпөй кашайдык, атыш-чабыш билбеген, арбайып атка минбеген айбандарды жиберип ийгенсиңерби", - деп. Акимдери муну угуп, туш келген эле адамдарын айдай бербөөгө чакырды, чантуунун жайын билгендер, саадагын моюнга илгендер, акылга толук эстүүлөр келсин дешти. Кытайлар баатырларын баш кылып, алеңгир жаа, сыр жебе алып, көпкөк туюк темир кийинтип кабыландай чамынтып, чарайна, соот, кыягы, дажаалга окшоп Ачалаң деген жол менен, алты түмөн кол менен жиберди. Күнү болду он сегиз, түнү болду он сегиз, жолго конбой тептегиз, отуз алты күн жүрүп келген жерде колу сынган, буту бар, кордук көргөн адамдары жатат. Жол өлүктөн буулган. Кай бирөөнү караса, азат бою жарадар, акылынан таныптыр. Ушуларды көрүп ачуусу кайнап калың кол Кумандын кара белине, Кумулга жакын жерине куюлуп кирип барыптыр. Кыргыз кытайдан четин майтарып, аламан уруш токтолуп, аттарын жайып откоруп аткан экен...
Эсен кан кызы Мыскалдын күйүт тартып жүрүшү. Аялдыкка алат деген Алмамбеттен кабар жок. Кызды ой басат. Бирөөлөр Алмамбеттин жатык тилдүү, ширин сөз чечендигин айтышат, бирөөлөр найзага ыктуу, кылычка чапсаң баатырдыгын айтышат, бирөөлөр калкынан кетип, дин туткан ажылыгын айтышат. Кошойдун акылын карагыла, кытай миң кыз берем десе – бир кыз сураган. Ошол кыз минтип алар адамынын жайын таппай сарсанаа. Эми болсо Манас менен Алмамбет сапардан келип, кытайды четтен кырып жатат, батбалак журтун түгөттү деп Бээжинде жүрүп Мыскал да угат. Эми не болот, аташкан Алмамды көрбөсөм не күндө калам дейт кан кызы. Он сегизде жашым деп, оролгон кара чачым деп, атам бааша болгон соң, билинбес жакын, касым деп, казынада лагыл-жакут, зумурут карк болуп турганын, лекин ургаачы үчүн эркекке тиймек нарк болгонун айтып кайгырат. Аталып калган Алмамбетти бир көрүп, анан өлсөм арман жок дейт. Бир күн Суңсаң деген аярын чакыртып келип, акысына деп ченебей зумурут, көөкар берет. Ал аярдын багуучу Курсаңды деген кушу бар экен. Курсаңдынын канаты жазы чатырдай, куйругунун үстүнө тиккен отоо баткыдай. Билеги жоон, мойну узун куштун соорусуна жай кылып жатып алчу экен аны үйрөткөн ээси. Ошол куш минип Суңсан аяр Бээжинден беш күн учуп, Болор деген тоого келет. Уруш ушул жерде болуп, келген кытай четинен кырылып атыптыр. Алмамбеттин айласын таппай аяр он беш күн жатат токтолуп, ичи толо бук болуп. Анан ылайыгы келди деп, Күн эңкейген бешимде аярлыгын салыптыр, аралап алач колуна барыптыр. Не бир түрдүү адамдан Алмамбетти таба албай чарчады. Айласы кетип ажыдаарга айланып, аттарды көздөй сойлоду, колго түшөм деп бир ойлонуп койбоду. Адамдар ызы-чуу түшкөндө дубасын окуп, адамга айланды. Ажыдаар не болду деп баары болду аң-таң. Кишилер менен кошулуп Суңсаң аяр Алмамбеттин кирип келди кашына кытайча айтып саламды. Алмамбет ак селдесин оронуп отурган экен, "кытайча салам айтып келген сен бир аяр окшойсуң" дейт таң кала. Аяр бир токтобой айтып кирет: "Кызматка буюрган бизди деп, кыз чакырды сизди деп, ажыга кетип сиз калып, армандуу бойдон кыз калып, зиярат кетип сиз калып, сыздаган бойдон кыз калып, башымды байлап өлүмгө, бадышанын кызы үчүн, келип турам мында деп". Алмамбет ишенип-ишенбей турганда аяр ал кыздын белеги катары көөкардан танап көз айнегин берет. Дагы бир нерселерди айтат. Алмакеде ишенбешке чара жок эми.
Алмамбеттин чечими. Белек сырын Алмамбет Манаска барып айтат. Ургаачынын ушунча убарасын эстеп, андан качпайынчы дейт. Кеп төркүнүн угуп калган Калдар түмөн деген калча эки эл кырды-бычак согушуп жатса, бири-бирин тээ кыяматка чейин кечиргис болуп атса, "Алмамбет дегениңер кызга көңүл салбасын, кызга көңүл салам деп, кыйын ишке калбасын, катынга көңүл салбасын, катышамын деп туруп, калабага калбасын" дейт. Оён Манас анда "жай жаратты кыш үчүн, Алмамбет өлсө не болот, ашык болгон кыз үчүн" деген болду. Бул сөздү Алмамбет аңдып угуп турган, дароо эле аяр Суңсаңдан кыздын аныгын сурамакка камынды. Кошуун сабында жүргөн Суңсаң аярга барып, ал: "Кыйланы көргөн башым бар, кырк сегизде жашым бар, кыргыздан мага төркүн жок, кытайдан мени кууган жок, кыргыздан мага тууган жок, кытайда дугул уругу кыргызга мени кууган жок", - деп келип, кыйла жыл кыргыз тарап болуп согушканын айтып, анан кыздын кабары кыйнаганын кошумчалады. Алмамбеттин түшүнгөнүн туура түшүнүп Суңсаң аяр Алмакеге токтолбой, ал кыздын сулуулугун, сымбатын айтат, бейжооп бенде кирбеген беш капкалуу үйү барын, ошол Бээжинди каалабаганын, керек болсо азыр ушул Кумулга жакын Каталаңдын калаага үч күн ичинде жетип келерин, анан ашыгы Алмамбетти бир көрүп өтүрүк дүйнө жалгандан өтүп кете берерин айтат. Муну угуп Алмаң көөнү ачылып, ушул кытай кыздан коркпой Каталаңга барайын деп ат токутту. Кандай-андай болот деп желдеттен жетини, элбегиден экини, бадышалык улуктардан Байматты кошуп алды. Алар жолго чыгары менен Суңсаң аяр кушуна минип, булуттуу көктү аралап, беш күн калбай Мыскал кыздын өзүнө жетти. Алмамбеттин дайынын айтты, камынып келе жатканын айтты. Мыскалдын бети тамылжып, кытайча даңса окунуп, атасы Эсен кандын кашына кирип келди чокунуп. Кирип эле кызы катары кан атасынан кыргыз менен согушту үч-төрт айга болсо да токтотушун суранды. Эсен кан ойлонуп туруп, кызына "ырас, балам, айтканың, урушу да курусун, кара да өлдү, кан өлдү, канча түрдүү жан өлдү, кары-жаштын баары өлдү, бекер да өлдү, бек өлдү, мээнет тарттык деп өлдү" деп келип, бул сөздү эмнеге айтып атканын, кайдан ойлоп тапканын сурады кызынан. Мыскал тартынып Алмамбет жөнүн айта албайт, жөн гана эки жактын тең кыргында калганын айтат. Атасы кыздын айтканын акыл дейт, кытайдын не бир кыйын зардалдарын кыяматка жибергенин ойлойт. Анан согушту токтотоюн деп доңдоңдорду чакыртат. Алар түрдүү сонун жандарды колго баккан эл экен. Алардан жетөө келет. Ошолордон алыстарга кабар берип, аскерлерине бир күндө өзүнүн буйругун жеткирчү жаныбарлары бары-жогун сурайт. Доңдоңдордо марал бар экен, бугу бар экен, кулжа бар экен, аркар бар экен. Анан да Көйкаптагы көп жүргөн Чакчаакы деген кушу бар экен. Доңдоңчулардын бири Байкалдуу көлдөн алдырган башы кызыл өрдөгү бар экенин, айлык жолго бир күндө кабар билдирерин, кайсыл жерге барбасын Эсен кандын баашалык туусунун башына гана барып конорун айтат. Эсен кан даңсадан катын жаздырып, танаптуу мөөрүн бастырып, сунса мойну кез болгон, оболоп алып жөнөсө, аткан октон тез болгон, кош канаты жез болгон Байкалдуу көлдүн өрдөгүн кабарга жиберет. Жез канаттуу өрдөк бир жарым күн болгондо баашалык туунун башына барып конот. Катты алып окуса, урушту токтоткула деген Эсен кандын буйругу экен. Ошол жерге Бээжинден отуз алты күн жүрүп Кан Коңурбай баш болуп, күчтүү аскерлери алты жүз миң кол болуп эми гана келген экен. Алар урушка уруксат жок, уруксат кагаз дагы бир күн келер деп Ангелең тоосуна ууручулукка чагыптыр.
Коңурбай. Герцендин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Коңурбайдын тойдогу таарынычы, кытайлардын кыргызга тартуу бериши. Эпостон 6 факт
Эсен кан кызы Мыскал менен Алмамбеттин учурашканы. Ошол катта "Токолук тоосун таяндык, согушпадык, жай алдык" деген сөз бар экен. Бул кабарга өрөпкүп сүйүнүп Мыскал алтымыш нөкөр кыз алып, араба менен суйсалып, кырк бир желдет кул менен, кызыл дилде бул менен, токсон нөкөр кошчу алып, калаама-калаа жол тартып жөнөп калды. Казык аяк, солку бел, баашанын кызы келген соң кызмат кылып кылым эл, ийилип жолго салыптыр, издегени Алмамбет, Токолуктун тоосуна Кыз Мыскал жетип барыптыр. Кайыңкынын калаага кабар айтпай кирип келди. Шайыңгы деген жоргосу беш күндүк жолду бир күндө жүрөт экен, ошол ат менен Каталаңдын калаага шашкеде кирип барыптыр. Алмамбет болсо эки күн мурда эле келген экен. Зеригип отуруп, Байматын жанына алып Күн чыгышка бет коюп, бастырып жөнөп баратты. Шо кезде Шашкелик жактан шаркырап, жарагы алтын жаркырап, чаң обого буркурап, этек-жеңи дыркырап, төрт туяктан аткан таш төбөсүндө чыркырап, тозоңу тоодой тосулган бирөө келет. "Бу келаткан кыз окшойт, Алаке" дейт Баймат ошол жактан көз албай. Айтып оозун жыйганча, Алмамбет менен Байматка жанагы адам жете келди. Айтпай-дебей Мыскал кыз Алмамбетти тааныды. Аттан түшүп бүгүлүп, астын тосо жүгүрүп, кытайча кылды таазимди. Алмакең "мындай кылба" деди, "ажылык кылган биз, ашыкпаңыз сиз" деди, "токтолуп калган сен деди, жоголуп келген мен" деди. Экөө бири-бирин жактырды. Мыскал кыз мусулмандарда нике деген болорун эскертти. Каталаңга бет алды, ал жер Музбурчактын эли экен, Молдокулу дегени нике окуду. Кыз мусулман болду, кырк эки күн тамаша, оюн-күлкү өттү. Мыскал кыз: "Кыргындан окус болсоңуз кыямат жайда көрүшөм, осолго кантип көнүшөм, окус болсоң уруштан, о дүйнөдө көрүшөм, алдырсаң да, алсаң да, асты койбо кабарсыз, тирүү болсоң тигилип, Чоң Бээжиндин шаарынан кабарымды табарсыз", - деп Кайыңкынын шаарына ээрчитип барып, кытайча кийим кийгизип, дагы кырк жети күн ушунда токтошту.
Ушул кезде Эсен кан кызын издеп аткан. Кыздын Күн батышты бет алып кеткенин айтышты, көп дүнүйө менен жолго чыкканын, канча калаа кыдырып, Кыяңга кетип калганын айтышты. Кан кызын кайтарууга кабар жиберди. Атасынын айтканын кыя албай Мыскал кайтып кетти. Кыз датын аткарып, аны никесине алып Алмамбет Кыяңгурдун шаарынан жолдош-жоросун алып, Камбыл менен Ошпурга жол алды. Кыз кыргыз менен кытай убактынча болсо да урушпай тарасын деп айтпады беле. Эми ат кетирди жалын деди, эр кетирди алын деди. Атасы кызынын айтканын аңдады. Эсен кандын коңгуроосу урулду, Камбыл Кумул калаадан кара кыргыз баласынын караанын да койбой кууп чыгууга буйрук берилди. Лаанатка сыйынып, ыраак-жуугу жыйылып, баатырынын баарысы намыс кылып калышты, атка минип алышты. Кайнаган кытай көп калык Каталаңга бет алды. Ал жакта ат семиртип, тон жасап, Манастын колу жаткан болчу жай алып...
Манас эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Манастын ажыга бармак болгону. Улуу баяндан 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0