https://sputnik.kg/20260614/1101869954.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев металл конструкцияларды өндүрүү боюнча жаңы заманбап заводдун курулушунун башталышын... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T13:00+0600
2026-06-14T13:00+0600
2026-06-14T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101869788_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_01db455d8567a32f86883c1c690479e3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев металл конструкцияларды өндүрүү боюнча жаңы заманбап заводдун курулушунун башталышын белгилеген биринчи колоннаны орнотуу салтанаттуу аземине катышты. Иш-чаранын катышуучулары алдында сүйлөп жатып, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары долбоордун командасын жана өнөктөштөрүн курулуштун башталышы менен куттуктап, жаңы жогорку технологиялык ишкананын ишке киргизилиши улуттук экономиканын жана өнөр жай секторунун ишенимдүү жана туруктуу өсүшү шартында өтүп жаткандыгын баса белгиледи. "Алдын ала баалоо боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га көбөйүп, 1 триллион 976 миллиард сомду түздү. Өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 миллиард сомго жетип, 10,6%га өскөнүн көрсөттү. Ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү дээрлик 80% түзгөн. Учурдагы жылы да оң динамика сакталууда", - деп билдирди Данияр Амангелдиев.
Ош мэриясы шаардагы "Достук" айлампасына курула турган өтмөктүн эскиздик долбоорун көрсөттү. Анда өтмөк үч деңгээлден турары белгиленген, тагыраагы, жер алдынан жана андан кийинки катардагы жолдон автоунаа жүрүп, жер үстүнө салынган айлампадан жөө адамдар өтүшөт. Мэрия Кулигов — Курманжан датка багытында алты тилкелүү жол каралганын, ал эми Касымбеков — Осмонов багытында сегиз тилкелүү жол болорун белгиледи. Өтмөктүн эл өтө турган сегиз тарабында тепкич, төрт тарабында пандус болот. "Аталган жумуштар унааларды жөнгө салып, тыгынды жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда", — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү 1,5 айга жабылат. Мэрия аталган көчө Осмонкулдан Ибраимовго чейин оңдоо ишерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн 16-июндан 1-августка чейин жабыларын билдирди. Бул Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоо долбоорунун биринчи этабы. Жалпысынан жол Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта жаңыланат.
АКШ менен Иран келишимге жекшемби күнү кое коеру күтүлүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Кол коюлары менен Ормуз кысыгы толук ачылат", — деди АКШ лидери. Анын айтымында, мындан кийин Тегеран өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт. Жекшемби күнү кол коюларын эки тарапка ортомчу болуп жаткан Пакистандын ТИМи да айткан. Өлкөнүн премьери Шахбаз Шариф келишимдин эң акыркы текстин иштеп чыгууга бир күн керектелерин билдирген болчу. Ал эми Ирандын ТИМи меморандумга жакынкы арада кол коюларын, деген менен "эртең эле болуп кетет" дегенден алыс экенин кабарлаган. Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумда кемелердин жүрүшүнө, өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык абалына, иран активдерин камактан чыгарууга байланышкан маселелер менен бирге кенемте төлөөнүн экономикалык планы камтыларын маалымдаган. Макулдашуунун соңку вариантында атом жана санкциялардын алынышы боюнча маселе чечилет. Мында Тегеран байытылган уранды суюлтуу процесси Иранда жүрүшүн талап кылууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев металл конструкцияларды өндүрүү боюнча жаңы заманбап заводдун курулушунун башталышын белгилеген биринчи колоннаны орнотуу салтанаттуу аземине катышты. Иш-чаранын катышуучулары алдында сүйлөп жатып, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары долбоордун командасын жана өнөктөштөрүн курулуштун башталышы менен куттуктап, жаңы жогорку технологиялык ишкананын ишке киргизилиши улуттук экономиканын жана өнөр жай секторунун ишенимдүү жана туруктуу өсүшү шартында өтүп жаткандыгын баса белгиледи. "Алдын ала баалоо боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га көбөйүп, 1 триллион 976 миллиард сомду түздү. Өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 миллиард сомго жетип, 10,6%га өскөнүн көрсөттү. Ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү дээрлик 80% түзгөн. Учурдагы жылы да оң динамика сакталууда", - деп билдирди Данияр Амангелдиев. Ош мэриясы шаардагы "Достук" айлампасына курула турган өтмөктүн эскиздик долбоорун көрсөттү. Анда өтмөк үч деңгээлден турары белгиленген, тагыраагы, жер алдынан жана андан кийинки катардагы жолдон автоунаа жүрүп, жер үстүнө салынган айлампадан жөө адамдар өтүшөт. Мэрия Кулигов — Курманжан датка багытында алты тилкелүү жол каралганын, ал эми Касымбеков — Осмонов багытында сегиз тилкелүү жол болорун белгиледи. Өтмөктүн эл өтө турган сегиз тарабында тепкич, төрт тарабында пандус болот. "Аталган жумуштар унааларды жөнгө салып, тыгынды жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда", — деп айтылат мэриянын маалыматында.Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү 1,5 айга жабылат. Мэрия аталган көчө Осмонкулдан Ибраимовго чейин оңдоо ишерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн 16-июндан 1-августка чейин жабыларын билдирди. Бул Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоо долбоорунун биринчи этабы. Жалпысынан жол Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта жаңыланат. АКШ менен Иран келишимге жекшемби күнү кое коеру күтүлүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Кол коюлары менен Ормуз кысыгы толук ачылат", — деди АКШ лидери. Анын айтымында, мындан кийин Тегеран өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт. Жекшемби күнү кол коюларын эки тарапка ортомчу болуп жаткан Пакистандын ТИМи да айткан. Өлкөнүн премьери Шахбаз Шариф келишимдин эң акыркы текстин иштеп чыгууга бир күн керектелерин билдирген болчу. Ал эми Ирандын ТИМи меморандумга жакынкы арада кол коюларын, деген менен "эртең эле болуп кетет" дегенден алыс экенин кабарлаган. Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумда кемелердин жүрүшүнө, өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык абалына, иран активдерин камактан чыгарууга байланышкан маселелер менен бирге кенемте төлөөнүн экономикалык планы камтыларын маалымдаган. Макулдашуунун соңку вариантында атом жана санкциялардын алынышы боюнча маселе чечилет. Мында Тегеран байытылган уранды суюлтуу процесси Иранда жүрүшүн талап кылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101869788_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fbfc1cf0e3f75cc3a166d64e144a5eaa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио