Баатырлардын соңку согуштары. Улуу баяндан 9 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген чабандестер. Архив
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жазылуу
Арстан баатырдын жөө калышын, кыяңгуунун Токтук дегени Манасты жарадар кылганын, Манастын Семетейге айткан арманын материалдан окуңуз.
Бээжинден Эсен кандан урушту улантууга уруксат келди. Кытайлар бир убак алеңгир жааны чоюшуп, аламандап каптап кирди. Кыргыздар үч жүз жарым миң аскер менен душмандын төрт жүз миң аскеринин алдын тороду. Көтөргөнү туу болуп, көк жаңырган чуу болуп, азабалуу туу болуп, айгай салган чуу болуп, аккан каны суу болуп, айгайлашып эки кол замбирек атып күркүрөп, чабуул коюп дүркүрөп, мылтык атып тарса-тарс, добул кагып карса-карс, ай балта башка шак тийип, найза төшкө так тийип кылым согушу күчөдү. Жигиттер кылычты кындан чечишти, найзаны сунуп кезешти, кыраандары кызылдай жанын кечишип, кытайды аралап кетишти. Колтуктун баары чоюлуп, колдун баары жоюлуп, канаттын баары кайрылып, чапандын баары айрылып, этектин баары түгөнүп, ээрдин кашы үбөлүп, эриндин баары кесилип, эмчектин баары эзилип, тизенин баары сүзүлүп, тизгиндин баары үзүлүп уруш кылды жалпы журт. Ээси өлгөн аттар кишенеп чылбырын сүйрөп бош жүрөт, тегеренип ар кай жерде шылынып түшкөн баш жүрөт, азык ташыган төөлөр боздойт, колу сынгандар шалактайт, коркоктор көзү алактайт. Шилиге кылыч жегендер бар, мээси айнып тегеренип жүргөндөр бар, буту сынып булаңдап калгандар бар. Ошентип эки күнү, эки түн аралаш уруш салышты. Урушуң менен куруп кал, эчен жерден соо чыккан Эр Алмамбет баатырды издеп келип ок тийди, кыргызга бир өмүр кызмат кылган кыраан Алмаң көк жалын кыяматка жол алды. Очогор огу тыгылып, ортодо жүрүп уруштун он бир жүзүн өлтүрүп, оёнуң Сыргак жыгылды да, ошол бойдон тура албай калды. Душман жактан кызыл чоктуу Нескарасы кыяматка кетти, кара жалдуу Бороончу, каңгайлардан Ороңгу караңгы жайга жөнөлдү. Бир кез Туталаштын колу менен нойгуттар бет келди. Карсылдашып согушту. Текдагулук менен нойгуттардан Акбалта уулу Чубак алеңгир жаа, сыр жебе менен катуу атышты. Чубакка жаанын огу мадылды. Ачууланып, айкырып ай балтасын белден алып, Текдагулук баатырын оройдон ары салды. Текдагулук бу дүйнөдөн кете берди. Шо кезде Акбалтанын Чубакка жандай түшүп Деңдароо жазайыл атып жиберди, Акбалтанын Чубагынын мойнун ок үзүп кетти. Муну байкап жапырагы алтын байтерек сандыргалуу Эр Серек, найзага адис эр неме Деңдароону сайып өттү эле, анысы Октогер деген атынан оодарылып кеткени. Жерге түшүп калды эле нойгут уулу Каталаң кылычын катуу шилтеди, кылыч тийди мойнуна, кан төгүлдү койнуна.
Арстан баатыр жөө калды. Бир жакта казактардын Эр Көкчө баш болгон калың кол аңырлуу суунун боюнда калмактар менен кыргын салышып, катагандын Кан Кошой каңгайлар менен алышып атыр. Кытайдан Коңурбай калды, Кырмуз шаанын Мурадил калды, калмактан каны Жолой калды. Башка суңдуң, жаң-жуңу казасы жетип сулады. Дуушаңдардын Ушаңын Төрө Төштүк жайлады. Жарасы жок жанда жок, калкы бүтүн канда жок. Кытайлар Кыяңгуунун калаага Суңсаң деген замбирегин чыгарды, анын беш канат үйдөй ичи бар, тоо томурар күчү бар, чоң өгүздөй огу бар. Ошонусу менен Манаска карап ок чыгарды эле, аркырап огу жетип, Аккуланын башын жулуп кетти. Арстан баатыр жөө калды. Аспаптын баары бойдо жок, андай жумуш ойдо жок, кадимки жарак бойдо жок, катыктык дүйнө ойдо жок карбаластап турганда кызыл чоктун чоң Коңур, кытайдан чыккан оңбогур айбалта менен салыптыр, ак келмесин келтирип Арстан Манас тилине, ай балта тийип шилиге, албарс кылыч колунда, кылчая түшүп соңуна, кыраан эр шилтеп калыптыр, Алгара менен чуратып, өтө берген жеринде Коң төрөнүн бир бутун үзө чаап салыптыр. Коңурбайдын бутунун кетти шадысы, баш манжасы ыргыды. Ошол кезде бутунун каны шорголоп, аты менен жорголоп аскерлеринин арасына кире качты бой-бойлоп. Кызыл кыргын, күн дигер, кыргын болду шол жерде кыргыз, кытай кыйла эр.
Кыяңгуунун Токтук дегени Манасты жарадар кылышы. Бул кара калмактан экен, саадак атышта алдына адам салбаптыр. Ошол кириптир майданга. Кирип эле бөрү тил мизин чыгарган, албарска учун сугарган саадагын жаага салыптыр. Бу неме жаалданып алганда бир дагы жаза атпаптыр. Ошол Манаска жакын келип калды. Аны байкап Жолой бакырды, Токтукту карап "атпагын" деп айкырды. Андан жазганын кетип, жаасын тартып жиберсе, жебеси барып Манастын оң чекесин жарып кетти. Муну көрүп Чалыбай менен Мажик бакырып, "Манас өлдү, кокуй" деп Эр Бакайды чакырып ызы-чуу түштү. Чалыбай толгоп найза кармап, Токтук дөөнү качырып барып, найзасын алды матырып. Найза тийип жонунан, тизгини кетип колунан, ээрден көтү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып Токтук акылынан шашып, колун аралап качып жөнөй бергенде айгай салып бакырып кыраан Кыргыл кыйкырып жетип кылыч чапканда, тоодой болгон Токтугуң Тобурчак аттын үстүнөн тоголонуп кетти. Ошол кезде Боз уул менен Ырчы уул Карткүрөңдү жетелеп, жарадар болгон баатырдын жанына келди. Манаска жаанын огу тийгенде Жолой өкүнө түштү. Ал кыргыздан калмак бөлүнгөн, душмандашып жүрсө да, Туйгун Манас баатырды кытайга каршы турат деп эш кылып келген. Анан Эр Жолой Манжурия калмагын майдандан сүрүп айдап алып уруштан чыгып кетип калды. Кыраан Манас алсырап, акылы кетип кансырап турганда алып келген Карт күрөңдү мине албайт, атка минер жайы жок, алсыраган шайы жок. Ал ошентип турганда Ажыбай, Бакай барыптыр, атына баатыр мине албайт, үч чоро араң колдошуп, атына эптеп мингизели деп турганда кутмандуу баатыр Кутубий алыстан көрдү да, баатырды көтөрүп атка салды. Карткүрөң атты жетелеп Боз уул, аны жандап Ырчы уул менен Мажик бий жүрөт. Баатырдан бул абалын көрүп Эр Бакай сакалын сабап ыргытып, мурутун булкуп дыргытып, айгайын салды. Көбөш дөө байбай салып өкүрүп, "майданга кирбе, баатыр, деп айтпадым беле" деп өткөн ишке өкүнүп, өзгөчө ыйлап өкүрүп бул да кошо жөнөдү. Буларды көрүп Кошой дөө Бозжорго атына камчы салып, заңкылдап кыйкырып, майданга кирип барыптыр. Ал бир жагынан, калмактын Жолой баатыры бир жагынан "токтоткула, урушту" деп кыйкырып жүрөт.
Коңурбай. Герцендин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Коңурбайдын тойдогу таарынычы, кытайлардын кыргызга тартуу бериши. Эпостон 6 факт
Көз байланып караңгы киргенде уруштан дем алып турушту. Калың аскерден эс кетти, өлгөндөрдүн үстүндө чарайна, соот, кыягы, аны чечип алууга адамдын жок зыягы. Күрсүлөрүн жазданып, өлгөндөр жатыр солоюп, ойдо-кырда кай бирөө олтуруп калган короюп, кай бирөөсү көрө албай, көзү чыккан олоюп, кай бирөөсү калыптыр кулагынан айрылып, кулагы жок молоюп, кай бирөөсү калыптыр колу сынып чолоюп. Айрылбаган баш да жок, алжайбаган каш да жок. Уруштан дем алып турушту. Кыргыздар Токтуктун кара тоосуна томсоруп кайра келди. Алмамбеттин өлүгүн Каталаңдан таап келишти. Манас эстен жаңылды, акылдан танды, ажал келип калды жанына. Ушул Күн батышы Амурдун Жайдак тоонун сеңирине токтолгон кезде бул кабарды угуп Алтынай менен Акылай аттарына минди. Карабөрк кан жутту. Чыйырды апа ботосунан кеп угуп, болбой калды деп угуп сый тонун чечип ыргытып, Бозжоргону токутту. Эң кенже алган зайыбы, калктан ашык уз эле, Кан Урумдун кызы эле Санирабигасы, зарлыкка кирип кыясы, Айкожодон бата алган, кан никеге өттү деп, Каныкей болуп атанган, ошол "Айкөлдүн алты ооз сөзүн укпадым, беренди колго тутпадым, менменсинип уктадым, уйпалсамчы уктабай, берендин беш ооз сөзүн укпадым" деп кундуздуу бокчо байланып, кудайына жалбарып, өңөрүп алып баласын, өңүн көрүп калса деп ал да жөнөдү.
Манастын Семетейге айткан арманы. Кара кашка аргымагын каршы-терши койгулап, кара жашы куюлуп, баласын колтуктап отуз катынга жол баштатып Каныкей келди бир убак. Келсе баатыр солуп жатат. Үч жарым жаш баланын баркырап үнү чыкканда көтөрдү баатыр башыны, көзүнөн төгүп жашыны. Ызы-чуу токтоп тыйылды, баарынын карегинин жашы куюлду. Баатыр Манас азат боюн чыңдады, адамдар сөзүн тыңдады. Баланы кучакка алды, бала да кучагына шумгуду. Айкөл арманын уулуна мындай деп төктү: "Каралдым жалгыз сен элең, кайрыкер атаң мен элем, кайрыкер атаң узады, Кадыр Алда кудурет каралдымды тушады, тушады кудай аягың, азирет менен өсөрсүң ар кимдин жеп таягын, барса-келбес бир жолдон Бабаңдын болду жолу деп, байланды, балам, колуң деп, байланган колуң чечерсиң, байланган колуң чечкенче байкуштун күнүн кечерсиң, ботом жалгыз сен элең, боорукер атаң мен элем, боорукер атаң болбодум, бозортуп сени койгонум, болжолсуз жалган оңбогур, талаада калды талабым, кызырак тайга мингизип, кызыгын көрбөй баланын, кыямат көздөй барганым, кылайып чыкпай арманым, жер боорунда мен калдым, жетилбестен каралдым, жетим болуп сен калдың, жер жазданып мен калдым, жаш кадырын көргөзбөй, жаңгыз бойдон сен калдың, кунандан токуп мингизбей, кутмандуу тойго киргизбей куруган бойдон сен калдың, кубанчың көрбөй мен калдым, тагдыр ажал бербесе, талабыңа жетерсиң, тагдырың жетсе дүйнөдөн талпынып учуп кетерсиң, кудай ажал бербесе, кубатыңа жетерсиң, курган өлүм да келсе, куураган бойдон кетерсиң, тагдырың жеткен күн болсо, такааты жок өлөрсүң, тагдырды Алда бербесе, таалайыңдан көрөрсүң, бар кудай берсе өлүмдү, багым башка көрүндү, башынан кудай бир кылган баатырларым көмүлдү, бар кудай берген өлүмгө баана таппай өлөрсүң, бар болсо жаның аманат, бактыңдан, балам, көрөрсүң, акырет кетип мен калдым, айталбай кепти сен калдың, тиги жай кетип мен калдым, тил сүйлөбөй сен калдың, арылбай кеткен арманым, караны киер алганым, канетейин чиркин ай, кашайган дүйнө жалганын, куп көтөрөр бендеси, кудурет башка салганын, көтөрбөсө не чара курган дүйнө жалганын, көрөргө көзүм карасы, көңүлүм болсо аласы, тишимдин болсо сарасы, санаанын чыкты жарасы, муунумдун кылтасы, жүрөгүмдүн толтосу, тула боюм тунугум, тул казанат кулунум, ата деп тилиң уга албай арманда өлүп курудум". Баатырдын башын ийип өлүм менен кез келип минтип айтып турушу тургандардын каңырыгын түтөттү, армандарын күчөттү.
Каныкейдин өлүм алдында жаткан Манаска айтканы. Өлүм өзүнөн бөлүп алып кетер өмүрлүк жарынын башын кучактап Каныкей арманын айтып кирди: "Качырганын куткарбас, кара кашка тынарым, кайнаган ысык күндөрдө саясы салкын чынарым, качантан ойлоп билгемин чынарымдын сынарын, чынары сынып аларбы, чырпыгың өспөй каларбы, капталы бийик кайыңым, саяңда сан журт корголоп, кайып болуп дүйнөдөн, калайык таппай дайының, какшаган бойдон калабы, карабет менден зайыбың, жаныңды алып сен кетсең, жайым менин не болор, көрүстөн жайга сен кетсең, көргөн күнүм не болор, замандан, төрөм, сен кетсең, санаам кантип токтолор, кас буудандын баарысын кара журт байлап ноктолоор, кадырың калкка жоктолор, тулпарды тууган бээ болор, туйгунум колдон учкан соң, тутунганым бир туяк, караганым бир чунак, жалгыздын алы не болор, артыңда калган жалгызың атакем деп кимди айтар, алтынга колум урундум, алтыным кетсе колумдан, арман кылып курудум, алтыным агып жез болду, күмүшүм эрип жок болду, кулап калды мунарым, куурап калды чынарым, кайып болуп колумдан кара кашка тынарым. Дария, деңиз, көл элең, албан түрдүү жан өткөн Ала-Тоо – аскар бел элең, соолучу дайра сел белең, солуп калар мен белем, кургаган дайра сен болдуң, куураган чынар мен болдум, аскар тоо чөгүп бел болдуң, артыңда калып не болдум?!" Андан ары бейбак калган Каныкей анын көзү өткөн соң туугандары жамандык кыларын айтат, "алтындан терек кыйылар, адамзаат баласы арбагыңа сыйынар" дейт. Өзүнүн аманат жанын кыя албай турганын, кара көзүн жайнатканын айтат. Ушинтип Каныкей айтып чыркырап, калкынын баары чуркурап, карып калган Чыйырды каралдым деп чыңырды. Байбайын айтып бакырып, Бай Жакып келди акырып. Бакдөөлөт сөздү баштады, байбиче көзүн жаштады. Ошол кезде Манас бир үзүлүп кете жаздап кайра кайтты өлүмдөн. Анан Абыке айгай салды, Арстан эрди кучактап, аккан жашы бурчактап турду. Артынан Көбөшү келди өкүнүп, көк букадай өкүрүп. Карабөрк менен Акылай ыйын салды жайма-жай. Баатырдын минтип жатканын Кошой дагы угуптур, арстаным деп бакырып ал да келип түштү. Абакеси Кошойго баатыр көзүн бир ачты, ачкан менен көзүнү, айта албады сөзүнү.
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Баатырдын балалуу болуп той бериши, тойдогу тополоң. "Манас" баянынан 6 факт
Өлүм деген ушундай экен. Азиянын жарымын кылыч менен, найза менен ат үстүндө дүңгүрөткөн Алп Манас, Арстан Манас өлүм алдында кумурскадай кунсуз, камгактай жеңил болуп жатты. Кошойду бир көргөн соң кечки дигерде акыретке жөнөдү. Кыраан кыямат көздөй кеткенде кыргыз түгүл кылымдын акылы айныды. Ногойдун Манас баатыры о дүйнө жөнөп акыры, о дүйнөгө кеткен соң ойроттун кетип акылы, Жакыптын Манас баласы, чайпалды бүткүл калаасы, калкка кайта көрүнбөс, кабылан эрдин карасы, күлдү журту күңгүрлөп, жер көчүрүп дүңгүрлөп, ыйлоодо калды балдары, жыйылбай калды малдары, жашы менен карысы, жалпы кыргыз баарысы боорун коюп боз жерге, эси келбей ээ дээрге, сыртын коюп сыз жерге, казаттан өткөн баатыры, кайып болуп акылы, кара кыргыз журтуна караңгы түштү акыры. Бакай менен Кошой кары баш болуп, кырк жигити төш болуп, зайыптары буркурап алаамат ыйлап атканда казактын Көкчөсү төөдөй боздоп буркурап түштү, артынан төрт миң киши кашында Төштүк келди чуркурап. Беш жеринен жараат алган Буудайык уулу Музбурчак эки миң беш жүз кол менен, эркечтүү кыя жол менен ал да келди. Үрбү келди үч миңин алып. Улуктун баары жетип келгенде ай-ааламды өкүрүк басып ийгенде Кыргыл чал ордунан козголуп, баатыр келбес жайга кеткенин, эми өкүргөндү токтотуп, жасатын жерге салууну ойлойлу деп Манас уйкудан ойгонгондой туруп кетер деп үмүттөнүп тургандарды бир солк эттирди. Аксакалы Кошой баш болуп акылдарын жыйышты, көзүнүн жашын тыйышты.
Манасты акырет жайга узатуу. Ошол кезде Манастын карамагында Алтай кыргыз жери, бир капталы Кара-Кум, башы Кумул, аягы Кырым, Урум, Күн жүрүшү Ымалай, Кара Муют деңизи, бир жагы Кумарык менен Ындыстан, токсон эки Котон, Жер ортосу жетимиш эки Жеркен, Түн жагы Иле, Сары-Өзөн, Суңшоо менен Ысык-Көл деген жерлер, ошончо элдер турган экен. Жаңы эле Таз чечендин баласы Үрбү Баскыямы жагында Баяндынын талаасына бир калаа салган экен. Мына ушуга коёлук бадышабыз Манасты деп чыкты Кошой дөө. Баары ага муюду. Алты жүз адам кетменин алып көр казганы кетти. Ошол алты жүзү жерге кетмен чаптырып, дөңсөө кубаңкы жерден жетимиш кез каздырып, казынасын кенен кылып ойдуруп, камырдай жумшак топодон жай саздады. Аларга канча-канча мал союлду кызматына. Жай даяр болду деген кабар келгенде моютту жуумакка камынды. Катагандан кара кыргыз зардалы карыя Кошой, казактардан Көкчө, кыпчактардан Эламандын Төштүгү, эштектердин Жамгырчы, Кара Үрбү жууганга кирди, Музбурчак менен Жүгөрү суу куйганга дайындалды. Ажыдан келген Абу замзам суусун аябай куюп, денесин таза жуушту баатырдын. Канча бир адам аңдып караса да жүзү көрүнбөгөн Мисир деген жерден келген Абу Жааңгер кожо аттуу адам акыреттик кепинин Арстан Манаска ороду. Абу Жаангер кожого жаназасын окутту. Сөөктү көтөрүп табытка салды да, Алтайдан Баянды жерин көздөй жөнөөр алдынан дооронун берип таратып, табыттын башын кетер жакка каратып турганда кыйкырык кулак тундурду, табытты көтөрмөккө түмөндөгөн кол сунулду. Алтай менен Баянды арасы он беш күндүк жол экен. Топурак салчуулар топурап алды мурда эле жеткенде, арты Манастын жанынан эми жылды. Буракка буудан токутту. Баатырдын кара ашына деп азуулары аркайган, астыңкы эрди шалпайган, өркөчтөрү коркойгон, өрдөктөй мойну койкойгон төө байлады тогуз жүз, соорусу бийик, жону түз ат байлады тогуз жүз, асыйы төрткө толгондон, ай мүйүздүү болгондон тогуз жүз байлап өгүздү, тогуз миң кой айдатты, токсон миң дилде алдырып, тогуз миң толук ак жамбы, чабаданга салдырып, токсон миң шишек кой болду, баатырыңдын коймогу эли-журтка той болду.
Манаска күмбөз салуу. О дүйнө кеткен Манаста чабылбай калган күлүк бар, ачылбай калган мүлүк бар, ар жерде бар казына, жерди терең ойдурган, жети жүз жерге бу баатыр казына катып койдурган. Зери забар, зумурут, жер үстүндө бу турат, лагыл таш, көөкар дагы бар, казынанын далайы кайып болгон чагы бар. Ушунун баары Манаска опа кылбады. Эми аксакалдар менен ар элден келген жакшылар акылдашып турушту, бул маркум атпай кыргыз журтунда атан эмес, били эле, мээнет башка жетер деп, белгисиз калса бекер деп, аземин абдан келтирип, акыры заман элине арпи болуп калсын деп, кыямат күнгө жетсин деп, кылымдан чыккан устанын кыйындары топтолуп, топурак эмес күлботодон келишкен күмбөз салсын деп кеңешти. Ат жеткен жерден күлбото издеп Анжияндын адырынан Күлүш дегенин табышты. Кокондуктар дандырга алчу экен ал күлботону. Алты миң атан күлбото ташыды, алты миң эркек майын ага кошуп кыш бышырып, Садык деген барсы тилдүү уста башчы болуп күмбөздү баштады. Күмбөзгө арабы сөздөн аштатты, барсы менен баштатты, түркү тилди ортого түрмөгү менен таштатты. Алты кылым өткөнчө, айныбасын деп, жети кылым өткөнчө жете турсун деп дуба кылышты. Таштан түптөп орунун, жараштырып борумун, кылыч, мылтык жарагын кызыл таштан койдуруп, кыябына келтирип, кырк миң аят ойдуруп, жоругуна карагын, жоого кийген жарагын, туулганын борумун тунук таштан ойдуруп койгон деди орунун, чарайна, соот, кыягы так ошонун өзүндөй ушу күндө сыягы. Баяндынын талаага Манасты коюп салыптыр, акыр заман журтуна атагы Манас калыптыр...

Баяндамачыдан сөз соңу

Биз ушуну менен Сагынбай манасчы айткан улуу баяндын аягына келдик. Манасчынын баянын "ээрчип" отуруп, байыркынын жомогун элге, өзгөчө жаштарга кара сөздө, бир кыйла кыскартуулар менен айтып берүүгө аракет кылдык. Бул ишибиз океандын суусунан бир чөмүч сузуп алгандай эле кеп. Манас – ушундай терең да, чексиз да океан, анда адам акылы ала бербеген көп нерселер бар...
Биздин баян 75 темадан турат, анын баарын интернет аркылуу окурмандарга жеткирип берген Sputnik Кыргызстан сайтына терең ыраазычылык билдиребиз.
Аларды башынан кайра окуп чыгамын дегендер 2021-жылдын 1-январынан тартып тааныша баштасаңыздар болот (Караңыз: Манастын төрөлүшү: окурманды жипсиз байлаган жети факт // Sputnik Кыргызстан, 2021. – 1-январь).
Алыкул айткандай, аман болсок, "кайра кайтып жолугушчу жолдор бар", балким интернет айдыңынан, балким кагаз-китеп формасында, балким аудиокитеп форматында...
Сиздерге биз менен бирге болуп келгениңиздерге ырахмат!
Манас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Кыргыз менен кытайдын согушун токтотуп турган Мыскал кыз. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0