https://sputnik.kg/20260614/1101872661.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү топтолгонго чейин электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга тыюу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T14:59+0600
2026-06-14T14:59+0600
2026-06-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101872495_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_87777caea5f8d1a27752c3dd8aa00d15.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү топтолгонго чейин электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга тыюу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 2026-27-жылдагы кышкы сезонго даярдануу боюнча өкмөттүн токтомунда айтылат. Анда калкты электр энергиясы, газ, көмүр менен камсыз кылуу үчүн даярдык чаралары камтылган. Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушуна байланыштуу электр энергиясын көп талап кылган өндүрүш жана үч фазалуу жылытуу системасына үйлөрдү кошууга тыюу күчүндө кала берери айтылды. Өкмөт чөлкөмдөгү жалпы климаттык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дарыяларынын агымы аз болуп жатканын билдирүүдө. Былтыр Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонуна байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилген эле. Токтогул ГЭСине кирип-чыккан агым тууралуу маалымат былтыртан тарта ачык жарыяланбай калган. Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы мындан ары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген.
Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондорду бузуу уланууда. Учурда Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабат үйлөрдүн мыйзамсыз жасалган балкондорун чекесинен алып жатышат. Буга чейин шаардык мэрия батир ээлерине эскертүү берип, тиешелүү билдирмелерди жөнөткөн. Тышкы көрүнүштү бузуп, балкондорду өз алдынча өзгөртүүгө, айнектөөгө, кеңейтүүгө, сырдоого же кайра курууга тыюу салынарын мурда эле айтышкан. Шаар бийлиги мындай талап бардыгына бирдей экенин белгилеп, тиешелүү эрежелерди бузуу менен курулган бардык конструкциялар алынарын эскертүүдө.
ЕАЭБ мамлекеттеринде суу транспорту боюнча адистер даярдалат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, документте тармак кызматкерлеринин кесиптик билимине карата жалпы талаптар белгиленген. Ошондой эле аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрү эске алынган. "Сунуштама ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге улуттук саясатты калыптандырууда көмөк көрсөтөт", — деди Кожошев. Комиссия белгилегендей, бул документ келечекте биримдиктин аймагында суу транспорту кызматтарынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө ишке ашпай турганы убадалар жаңырып жатат. Бул тууралуу Германиянын Berliner Zeitung гезити жазды. "Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү тынчтык планы деп атоого болбойт, бул коопсуздук стратегиясы дагы эмес, уюмга жакындашына да эч кандай шарт түзбөйт. Бул — куру убада", — деп жазылат макалада. Басылма белгилегендей, дүйшөмбүдө Люксембургдагы жолугушууда кандайдыр бир конкреттүү чечим кабыл алынса, аны Европа биримдиги өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракет кылат. "Эгерде Европа өзү уюштуруп алган саясий көрүнүштөргө өзү ишенип алса, анда ал бул аптанын эң кооптуу жыйынтыгы болот", — деп эскертилет материалда. Жума күнү Европа комиссиясынын төрайы
Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү топтолгонго чейин электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга тыюу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 2026-27-жылдагы кышкы сезонго даярдануу боюнча өкмөттүн токтомунда айтылат. Анда калкты электр энергиясы, газ, көмүр менен камсыз кылуу үчүн даярдык чаралары камтылган. Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушуна байланыштуу электр энергиясын көп талап кылган өндүрүш жана үч фазалуу жылытуу системасына үйлөрдү кошууга тыюу күчүндө кала берери айтылды. Өкмөт чөлкөмдөгү жалпы климаттык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дарыяларынын агымы аз болуп жатканын билдирүүдө. Былтыр Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонуна байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилген эле. Токтогул ГЭСине кирип-чыккан агым тууралуу маалымат былтыртан тарта ачык жарыяланбай калган. Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы мындан ары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген.Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондорду бузуу уланууда. Учурда Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабат үйлөрдүн мыйзамсыз жасалган балкондорун чекесинен алып жатышат. Буга чейин шаардык мэрия батир ээлерине эскертүү берип, тиешелүү билдирмелерди жөнөткөн. Тышкы көрүнүштү бузуп, балкондорду өз алдынча өзгөртүүгө, айнектөөгө, кеңейтүүгө, сырдоого же кайра курууга тыюу салынарын мурда эле айтышкан. Шаар бийлиги мындай талап бардыгына бирдей экенин белгилеп, тиешелүү эрежелерди бузуу менен курулган бардык конструкциялар алынарын эскертүүдө. ЕАЭБ мамлекеттеринде суу транспорту боюнча адистер даярдалат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, документте тармак кызматкерлеринин кесиптик билимине карата жалпы талаптар белгиленген. Ошондой эле аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрү эске алынган. "Сунуштама ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге улуттук саясатты калыптандырууда көмөк көрсөтөт", — деди Кожошев. Комиссия белгилегендей, бул документ келечекте биримдиктин аймагында суу транспорту кызматтарынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө ишке ашпай турганы убадалар жаңырып жатат. Бул тууралуу Германиянын Berliner Zeitung гезити жазды. "Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү тынчтык планы деп атоого болбойт, бул коопсуздук стратегиясы дагы эмес, уюмга жакындашына да эч кандай шарт түзбөйт. Бул — куру убада", — деп жазылат макалада. Басылма белгилегендей, дүйшөмбүдө Люксембургдагы жолугушууда кандайдыр бир конкреттүү чечим кабыл алынса, аны Европа биримдиги өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракет кылат. "Эгерде Европа өзү уюштуруп алган саясий көрүнүштөргө өзү ишенип алса, анда ал бул аптанын эң кооптуу жыйынтыгы болот", — деп эскертилет материалда. Жума күнү Европа комиссиясынын төрайы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101872495_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a1055df199f968c4d88630dfb97b0ff3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио