https://sputnik.kg/20260615/1101882639.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин Ташиев... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T11:00+0600
2026-06-15T11:00+0600
2026-06-15T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882473_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b307c0f663b84403c501296767b01dd2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин Ташиев соттун имаратына унаа менен кирип-чыккандыктан жана жараяндар жабык өтүп жаткандыктан коомчулукка көрүнгөн эмес. Ал эми аны менен чогуу айыпталып жаткан айрым саясатчылар кыска комментарий берүүгө үлгүрүшкөн. Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук отрумдар 11-июнда ачык өтө турган болгон. Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте. Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында жатышат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16–17-июнь күндөрү иш сапары менен Өзбекстанга барат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында ал Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Өзбекстандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.Мындан тышкары, форумга катышкан делегация башчылары менен биргеликте Central Asian Expo көргөзмө борборуна барып, бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү менен таанышат. Делегация ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда болуп, тарыхый жана маданий мурастарды чагылдырган булактарды көрүп чыгат.
Ысык-Көлдү айланта шакекче түрүндөгү темир жол куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө болгон иш сапарында маалым болду. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башчысы Азамат Сакиев президентке Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолунун маршруту боюнча эки вариант каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, узундугу 43 чакырымды түзгөн Балыкчы — Тамчы тилкеси тоо этегинен өтөт. Андан соң темир жол Чолпон-Атага карай уланып, шаарга жетпей ири темир жол бекети курулат. Сакиев андан ары линияны Караколго чейин жеткирүү, кийинчерээк Ысык-Көлдү толук айланган темир жол салуу пландалып жатканын кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салууда РФ лидери Владимир Путин менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чоң салымын белгиледи. Бул тууралуу New York Times өлкө башчысы менен курган маегинен кийинки макаласында жазып чыкты. Басылманын маалыматында, Трамп Путин менен Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну келишимди үзгүлтүккө учурата жаздаган аракеттери үчүн сынга алган. Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча, АКШ менен Иран келишимдин көп жери боюнча кепке келип, бир катар милдеттемелерди алышты. Документке ылайык, Вашингтон Ирандын активдерин камактан чыгарып, санкцияларды жеңилдетет. Тегеран өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт. Макулдашууга 19-июнда Швейцарияда расмий кол коюлат, ошондон кийин Ормуз кысыгы толук ачылып, минадан тазаланат.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев "75чилердин каты" боюнча сотко келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин Ташиев соттун имаратына унаа менен кирип-чыккандыктан жана жараяндар жабык өтүп жаткандыктан коомчулукка көрүнгөн эмес. Ал эми аны менен чогуу айыпталып жаткан айрым саясатчылар кыска комментарий берүүгө үлгүрүшкөн. Бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук отрумдар 11-июнда ачык өтө турган болгон. Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте. Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында жатышат.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16–17-июнь күндөрү иш сапары менен Өзбекстанга барат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында ал Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Өзбекстандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.Мындан тышкары, форумга катышкан делегация башчылары менен биргеликте Central Asian Expo көргөзмө борборуна барып, бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү менен таанышат. Делегация ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда болуп, тарыхый жана маданий мурастарды чагылдырган булактарды көрүп чыгат.Ысык-Көлдү айланта шакекче түрүндөгү темир жол куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө болгон иш сапарында маалым болду. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башчысы Азамат Сакиев президентке Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолунун маршруту боюнча эки вариант каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, узундугу 43 чакырымды түзгөн Балыкчы — Тамчы тилкеси тоо этегинен өтөт. Андан соң темир жол Чолпон-Атага карай уланып, шаарга жетпей ири темир жол бекети курулат. Сакиев андан ары линияны Караколго чейин жеткирүү, кийинчерээк Ысык-Көлдү толук айланган темир жол салуу пландалып жатканын кошумчалады. АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салууда РФ лидери Владимир Путин менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чоң салымын белгиледи. Бул тууралуу New York Times өлкө башчысы менен курган маегинен кийинки макаласында жазып чыкты. Басылманын маалыматында, Трамп Путин менен Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну келишимди үзгүлтүккө учурата жаздаган аракеттери үчүн сынга алган. Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча, АКШ менен Иран келишимдин көп жери боюнча кепке келип, бир катар милдеттемелерди алышты. Документке ылайык, Вашингтон Ирандын активдерин камактан чыгарып, санкцияларды жеңилдетет. Тегеран өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт. Макулдашууга 19-июнда Швейцарияда расмий кол коюлат, ошондон кийин Ормуз кысыгы толук ачылып, минадан тазаланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882473_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c3daf0419547fd75c9cc24e6c5642b39.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио