https://sputnik.kg/20260615/1101886542.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 1,79 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T15:00+0600
2026-06-15T15:00+0600
2026-06-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101886376_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_972c23fced92c1be5181cc5bb4eca385.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 1,79 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 1,8%га төмөндөгөн. Мында экспорттук ташуулар 11,7%га кыскарган, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 1%га көбөйгөн. "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 67,4% жана Казакстанга – 30,2% туура келген", - деди ал.Ошондой эле маалымат жыйынында белгиленгендей, 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4,76 млрд АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,6%га азайган.
Тоголок кенинен алгачкы алтын жакынкы айларда алынат Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок алтын кенинде тоо-кен иштери башталды. Бул тууралуу "Кумтөр Оперейтинг Компани" билдирди. Маалыматка ылайык, учурда кен казууга даярдык көрүлүп жатат. Компаниянын башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, кен казуу иштери жакынкы айларда башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кенге сегиз ири карьердик самосвал, эки чоң экскаватор, жүктөгүч жана жолдорду тазалоочу грейдер жеткирилген. Ошондой эле кызматкерлер үчүн 85 орундуу заманбап жатакана курулуп бүткөн. Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймагында, Ак-Шыйрак айылынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кенди өздөштүрүү лицензиясын "Кумтөр Оперейтинг Компани" 2023-жылдын август айында алган. Компания Тоголок кенин өздөштүрүү өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу салым кошот деп эсептейт.
2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат. "Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.
Трамп Иран менен келишим түзүлгөнүн жарыялап, Ормуз кысыгын ачууну тапшырды Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы 19-июнда Швейцарияда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланат. АКШнын милдеттемеси мындай: ▪️ Ирандын тоңдурулган активдеринен болжол менен 24–25 млрд долларды камактан чыгарат ▪️ мунай тармагына коюлган санкцияларды жеңилдетет жана жаңы чектөөлөрдү киргизбейт ▪️ Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчүн көбөйтпөйт ▪️ Иран экономикасын калыбына келтирүү боюнча ири программа даярдайт. Ирандын милдеттемеси: ▪️ өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт ▪️ өзөктүк курал жасабоого милдеттенет ▪️ акыркы келишимге чейин өзөктүк программаны кеңейтпөөгө макул болот. Азырынча келишимдин толук тексти жарыялана элек, айрым шарттар боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланууда.
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 1,79 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 1,8%га төмөндөгөн. Мында экспорттук ташуулар 11,7%га кыскарган, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 1%га көбөйгөн. "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 67,4% жана Казакстанга – 30,2% туура келген", - деди ал.Ошондой эле маалымат жыйынында белгиленгендей, 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4,76 млрд АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,6%га азайган.Тоголок кенинен алгачкы алтын жакынкы айларда алынат Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок алтын кенинде тоо-кен иштери башталды. Бул тууралуу "Кумтөр Оперейтинг Компани" билдирди. Маалыматка ылайык, учурда кен казууга даярдык көрүлүп жатат. Компаниянын башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, кен казуу иштери жакынкы айларда башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кенге сегиз ири карьердик самосвал, эки чоң экскаватор, жүктөгүч жана жолдорду тазалоочу грейдер жеткирилген. Ошондой эле кызматкерлер үчүн 85 орундуу заманбап жатакана курулуп бүткөн. Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймагында, Ак-Шыйрак айылынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кенди өздөштүрүү лицензиясын "Кумтөр Оперейтинг Компани" 2023-жылдын август айында алган. Компания Тоголок кенин өздөштүрүү өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу салым кошот деп эсептейт.2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат. "Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта. Трамп Иран менен келишим түзүлгөнүн жарыялап, Ормуз кысыгын ачууну тапшырды Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы 19-июнда Швейцарияда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланат. АКШнын милдеттемеси мындай: ▪️ Ирандын тоңдурулган активдеринен болжол менен 24–25 млрд долларды камактан чыгарат ▪️ мунай тармагына коюлган санкцияларды жеңилдетет жана жаңы чектөөлөрдү киргизбейт ▪️ Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчүн көбөйтпөйт ▪️ Иран экономикасын калыбына келтирүү боюнча ири программа даярдайт. Ирандын милдеттемеси: ▪️ өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт ▪️ өзөктүк курал жасабоого милдеттенет ▪️ акыркы келишимге чейин өзөктүк программаны кеңейтпөөгө макул болот. Азырынча келишимдин толук тексти жарыялана элек, айрым шарттар боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101886376_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a2abb0132a8e547e115fc79531299c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио