https://sputnik.kg/20260614/1101868515.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук үчүн банктык жеке карталарга акча чогултууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T11:00+0600
2026-06-14T11:00+0600
2026-06-14T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101868349_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_323444a81bd9dffc3e17de7f728292d4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук үчүн банктык жеке карталарга акча чогултууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга илинди. Документке ылайык, "Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү сунушталып, аны депутат Улукбек Карыбек уулу иштеп чыккан. Демилгеде бардык кайрымдуулук уюмдары жана акча чогултуу өнөктүктөрү милдеттүү отчеттуулук менен бирдиктүү мамлекеттик порталда катталышы зарыл экени белгиленген. Ошондой эле кайрымдуулук үчүн атайын максаттуу эсептерди колдонуу сунушталууда. "Эгер чогултулган каражатты белгиленген максатта пайдалануу мүмкүн болбой калса, мисалы, адам каза болуп калса, дарылоодон баш тартса же керектүү суммадан ашык акча топтолсо, калган каражат башка кайрымдуулук максаттарына багытталат", — деп айтылат документте. Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексиндеги "Алдамчылык" беренесин "кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзүү шылтоосу менен жасалган жосун" деген пункт менен толуктоо маселеси да каралган.
Кыргыз фермерлер уйларына Россия менен Швейцариядан келген уруктарды салып, алгачкы төлүн ала баштады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өкмөт мал чарбасын өнүктүрүү, асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында жасалма уруктандыруу боюнча программаны ишке ашырууда. Анын алкагында фермерлерге бекер урук таратылган. "Былтыр жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн бюджеттен 60 миллион сом бөлүнүп, кеминде 200 миң баш уйга салуу пландалган. Аны Швейцария менен Россиядан сатып алганбыз", — деп мекемеден билдиришти. Бекер таратылган уруктан өлкөнүн климаттык шартына ылайык келген голштино-фриз, симментал, швиц, абердин-ангус породасындагы музоолор туулганы белгиленген.
Бишкекте жыл башынан бери үйлөрдүн баасы дээрлик 20 пайызга арзандап, ал эми көп кабат тамдагы батирлер 5 пайызга кымбаттаганын Мамлекеттик жер ресурстары агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, май айында Бишкектеги үйдүн 1 чарчы метринин орточо баасы 160 миң сомду түзгөн. Январь айында бул көрсөткүч 200 миң сом болгон. Ошентип, беш ай ичинде үйлөрдүн чарчы метринин баасы 19,9 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда көп кабат тамдардагы батирлер кымбаттаган. Эгер январь айында батирдин 1 чарчы метринин орточо баасы 1232 долларды түзсө, май айында 1295 доллар жеткен. Өсүү 5,1 пайыз болгон.
АКШ президенти Дональд Трамп кырдаал тынчып, ыңгайлуу учур келгенде, Вашингтон Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Баары тынчтанып, абал жайгарылган соң өзөктүк куралдын топонун алып кетебиз", — деп Truth Social тармагына жазган. Мурдагы айткандарына таянсак, Ак үйдүн кожоюну байытылган уранды ушинтип атап келет. АКШ лидери план Ирандагы же АКШдагы байытылган уранды "кайра иштетүү, өтө күчтүү кылып байытпай, күчүн азайтып, андан соң жок кылуу" экенин түшүндүргөн. "Иран жана жалпы эле Жакынкы Чыгыш менен келечектүү, узакка кызматташуу ниетибиз бар", — деген Трамп. Ал сүйлөшүү оңой жана тез өтөт деп үмүт артып турганын айткан. "Эгер андай болбосо, бизде эң акыркы, кескин көрүлө турган чара бар. Эми ага кайра кайрылууга туура келбейт деп үмүттөнөбүз", — деген Трамп.
Кайрымдуулук үчүн банктык жеке карталарга акча чогултууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга илинди. Документке ылайык, "Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү сунушталып, аны депутат Улукбек Карыбек уулу иштеп чыккан. Демилгеде бардык кайрымдуулук уюмдары жана акча чогултуу өнөктүктөрү милдеттүү отчеттуулук менен бирдиктүү мамлекеттик порталда катталышы зарыл экени белгиленген. Ошондой эле кайрымдуулук үчүн атайын максаттуу эсептерди колдонуу сунушталууда. "Эгер чогултулган каражатты белгиленген максатта пайдалануу мүмкүн болбой калса, мисалы, адам каза болуп калса, дарылоодон баш тартса же керектүү суммадан ашык акча топтолсо, калган каражат башка кайрымдуулук максаттарына багытталат", — деп айтылат документте. Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексиндеги "Алдамчылык" беренесин "кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзүү шылтоосу менен жасалган жосун" деген пункт менен толуктоо маселеси да каралган. Кыргыз фермерлер уйларына Россия менен Швейцариядан келген уруктарды салып, алгачкы төлүн ала баштады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өкмөт мал чарбасын өнүктүрүү, асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында жасалма уруктандыруу боюнча программаны ишке ашырууда. Анын алкагында фермерлерге бекер урук таратылган. "Былтыр жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн бюджеттен 60 миллион сом бөлүнүп, кеминде 200 миң баш уйга салуу пландалган. Аны Швейцария менен Россиядан сатып алганбыз", — деп мекемеден билдиришти. Бекер таратылган уруктан өлкөнүн климаттык шартына ылайык келген голштино-фриз, симментал, швиц, абердин-ангус породасындагы музоолор туулганы белгиленген.Бишкекте жыл башынан бери үйлөрдүн баасы дээрлик 20 пайызга арзандап, ал эми көп кабат тамдагы батирлер 5 пайызга кымбаттаганын Мамлекеттик жер ресурстары агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, май айында Бишкектеги үйдүн 1 чарчы метринин орточо баасы 160 миң сомду түзгөн. Январь айында бул көрсөткүч 200 миң сом болгон. Ошентип, беш ай ичинде үйлөрдүн чарчы метринин баасы 19,9 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда көп кабат тамдардагы батирлер кымбаттаган. Эгер январь айында батирдин 1 чарчы метринин орточо баасы 1232 долларды түзсө, май айында 1295 доллар жеткен. Өсүү 5,1 пайыз болгон.АКШ президенти Дональд Трамп кырдаал тынчып, ыңгайлуу учур келгенде, Вашингтон Ирандан байытылган уранды алып кетерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Баары тынчтанып, абал жайгарылган соң өзөктүк куралдын топонун алып кетебиз", — деп Truth Social тармагына жазган. Мурдагы айткандарына таянсак, Ак үйдүн кожоюну байытылган уранды ушинтип атап келет. АКШ лидери план Ирандагы же АКШдагы байытылган уранды "кайра иштетүү, өтө күчтүү кылып байытпай, күчүн азайтып, андан соң жок кылуу" экенин түшүндүргөн. "Иран жана жалпы эле Жакынкы Чыгыш менен келечектүү, узакка кызматташуу ниетибиз бар", — деген Трамп. Ал сүйлөшүү оңой жана тез өтөт деп үмүт артып турганын айткан. "Эгер андай болбосо, бизде эң акыркы, кескин көрүлө турган чара бар. Эми ага кайра кайрылууга туура келбейт деп үмүттөнөбүз", — деген Трамп.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0e/1101868349_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b33cd89e25970b703d3cec1850af5c8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио