https://sputnik.kg/20260615/1101889418.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жарандары үчүн шайлоо кызматтарын пайдалануу дагы ыңгайлуу болуп калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, «Түндүк» мобилдик... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T17:00+0600
2026-06-15T17:00+0600
2026-06-15T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101889251_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3dd18786e23d0371966cb48612d41751.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жарандары үчүн шайлоо кызматтарын пайдалануу дагы ыңгайлуу болуп калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди. Жаңы кызмат шайлоочуларга өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалыматты онлайн режиминде алууга, мурда берилген арыздарын көзөмөлдөөгө жана шайлоо участогу боюнча каттоосунун кайсы дарекке которулганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт катары иштеп келген. Эми анын бардык негизги функциялары «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланып, жарандар керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформа аркылуу тез жана оңой ала алышат.БШКнын билдирүүсүндө белгиленгендей, бул демилге шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.Жаңы кызмат «Түндүк» тиркемесинде каттоодон өткөн бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.
Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасы жарыяланды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Ага ылайык, өлкөдө күйүүчү майдын баасы төмөнкү суммадан ашпашы керек: АИ-92 бензини — 79,8 сомдон 84,4 сомго чейин; АИ-95 бензини — 88,8 сомдон 89,9 сомго чейин; дизелдик май — 93,8 сомдон 97,3 сомго чейин; суюлтулган газ — 45,8 сомдон 48,8 сомго чейин. Буга чейин бийлик күйүүчү майдын баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизип, жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо башталганын жарыялаган. Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, баага мониторинг жүргүзүү улантылат.
Кадамжайда чала таанышын 5 миллион сомго сызга отургузган шектүү кармалды Кадамжайда ири суммадагы алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Баткен обустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүү чала таанышынын беш автоунаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткен. Ошондой эле андан 3 миллион 510 миң сом карызга алып, ошол бойдон жок болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон. Тергөөдө жалпысынан 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.
АКШ менен Иран соңку меморандумда бир нече маселе боюнча өз ара кепке келип, тил табышты. Бул туурасында Ирандын Mehr агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы 19-июнда Швейцарияда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланат. АКШнын милдеттемеси: ▪️ Ирандын тоңдурулган активдеринен болжол менен 24–25 млрд долларды камактан чыгарат ▪️ мунай тармагына коюлган санкцияларды жеңилдетет жана жаңы чектөөлөрдү киргизбейт ▪️ Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчүн көбөйтпөйт ▪️ Иран экономикасын калыбына келтирүү боюнча ири программа даярдайт. Ирандын милдеттемеси: ▪️ өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт ▪️ өзөктүк курал жасабоого милдеттенет ▪️ акыркы келишимге чейин өзөктүк программаны кеңейтпөөгө макул болот. Азырынча келишимдин толук тексти жарыялана элек, айрым шарттар боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланууда
Кыргызстандын жарандары үчүн шайлоо кызматтарын пайдалануу дагы ыңгайлуу болуп калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди. Жаңы кызмат шайлоочуларга өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалыматты онлайн режиминде алууга, мурда берилген арыздарын көзөмөлдөөгө жана шайлоо участогу боюнча каттоосунун кайсы дарекке которулганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт катары иштеп келген. Эми анын бардык негизги функциялары «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланып, жарандар керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформа аркылуу тез жана оңой ала алышат.БШКнын билдирүүсүндө белгиленгендей, бул демилге шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.Жаңы кызмат «Түндүк» тиркемесинде каттоодон өткөн бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасы жарыяланды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Ага ылайык, өлкөдө күйүүчү майдын баасы төмөнкү суммадан ашпашы керек: АИ-92 бензини — 79,8 сомдон 84,4 сомго чейин; АИ-95 бензини — 88,8 сомдон 89,9 сомго чейин; дизелдик май — 93,8 сомдон 97,3 сомго чейин; суюлтулган газ — 45,8 сомдон 48,8 сомго чейин. Буга чейин бийлик күйүүчү майдын баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизип, жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо башталганын жарыялаган. Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, баага мониторинг жүргүзүү улантылат. Кадамжайда чала таанышын 5 миллион сомго сызга отургузган шектүү кармалды Кадамжайда ири суммадагы алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Баткен обустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүү чала таанышынын беш автоунаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткен. Ошондой эле андан 3 миллион 510 миң сом карызга алып, ошол бойдон жок болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон. Тергөөдө жалпысынан 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда. АКШ менен Иран соңку меморандумда бир нече маселе боюнча өз ара кепке келип, тил табышты. Бул туурасында Ирандын Mehr агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы 19-июнда Швейцарияда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланат. АКШнын милдеттемеси: ▪️ Ирандын тоңдурулган активдеринен болжол менен 24–25 млрд долларды камактан чыгарат ▪️ мунай тармагына коюлган санкцияларды жеңилдетет жана жаңы чектөөлөрдү киргизбейт ▪️ Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчүн көбөйтпөйт ▪️ Иран экономикасын калыбына келтирүү боюнча ири программа даярдайт. Ирандын милдеттемеси: ▪️ өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге макулдугун тастыктайт ▪️ өзөктүк курал жасабоого милдеттенет ▪️ акыркы келишимге чейин өзөктүк программаны кеңейтпөөгө макул болот. Азырынча келишимдин толук тексти жарыялана элек, айрым шарттар боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланууда
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101889251_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d6f863426b2f92277ff5e7452191740d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио