Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр

Жазылуу
Мындан 65 жыл мурун Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы өткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол маданий иш-чараны чагылдырган сүрөт түрмөк сунуштайт.
Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы 1958-жылы 14-октябрдан 25-октябрга чейин Москвада өткөн. Ага кыргыз жергесинен улуттук маданиятты даңазалаган акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, театр кызматкерлери катышып, делегацияны кызматка жаңы дайындалган Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова жетектеп барган.
КР эл артисти, белгилүү композитор, дирижер Сардарбек Жумалиевдин айтымында, маданий ишмерлерди жергиликтүүлөр абдан жакшы кабыл алган.
"17 жашта болчумун. Музыканттар жетишпей, мен эл аспаптар оркестрине кабыл алынган элем. Декадага бир топ залкарлар барган. Москвага поезд менен жеткенбиз. Мамлекет башындагылар Исхак Раззаков, Казы Дыйканбаев Москвага жолго чыгар алдында даярдыгыбызды көрүп, Опера жана балет театрында жыйынтыктоочу концертибизге күбө болгон. Ага чейин Раззаков кийим-кечеңер жакшы болсун деп ар бирибизге көйнөк тиктирип берген. Маданият министри Күлүйпа Кондучалова бизге жакшы көңүл буруп, дайыма баш-көз болуп жүрчү. Москвалыктар бизди жакшы кабыл алып, эл аспаптар оркестри он күн катары менен мекемелерди кыдырып концерт койгонбуз", — деди Жумалиев.
Декадага 1000ден ашык кыргызстандык катышып, маданий иш-чаралар он күнгө созулуп жогорку деңгээлде өткөн. Чыгармачыл инсандар "Токтогул" операсын, "Чолпон", "Анара" балеттерин, "Саринжи-Бөкөй", "Курманбек" драмасын, "Тар капчыгай" пьесасын сахнага койгон. Соңунда айрым маданият кызматкерлери жогорку сыйлыктарга татыган. Алсак, актер Муратбек Рыскулов, балерина Бүбүсара Бейшеналиева, опера ырчысы Сайра Кийизбаева СССРдин эл артисти болгон.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Маданият өкүлдөрү Москвага бир нече күндө поезд менен жеткен. Сүрөттө: Аманбек Куттубаев, Виктор Винников, Токтосун Тыныбеков.

Маданият өкүлдөрү Москвага бир нече күндө поезд менен жеткен. Сүрөттө: Аманбек Куттубаев, Виктор Винников, Токтосун Тыныбеков. - Sputnik Кыргызстан
1/17

Маданият өкүлдөрү Москвага бир нече күндө поезд менен жеткен. Сүрөттө: Аманбек Куттубаев, Виктор Винников, Токтосун Тыныбеков.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргызстандан баргандарды москвалыктар Казань вокзалынан кучак жая тосуп алган

Кыргызстандан баргандарды москвалыктар Казань вокзалынан кучак жая тосуп алган - Sputnik Кыргызстан
2/17

Кыргызстандан баргандарды москвалыктар Казань вокзалынан кучак жая тосуп алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Опера жана балет театрында иштегендер Москвадагы театрда "Анар" балетин койгон

Опера жана балет театрында иштегендер Москвадагы театрда "Анар" балетин койгон - Sputnik Кыргызстан
3/17

Опера жана балет театрында иштегендер Москвадагы театрда "Анар" балетин койгон

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Комузун колуна алып москвалыктардын алдында шаңшыган Осмонкул Бөлөбалаев менен Алымкул Үсөнбаев

Комузун колуна алып москвалыктардын алдында шаңшыган Осмонкул Бөлөбалаев менен Алымкул Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
4/17

Комузун колуна алып москвалыктардын алдында шаңшыган Осмонкул Бөлөбалаев менен Алымкул Үсөнбаев

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз элинин каймактары: балетмейстер Уран Сарбагышев, опера ырчысы Мариям Махмутова, маданият министри Күлүйпа Кондучалова, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жана атактуу советтик композитор Тихон Хренников. Москва шаары, 1958-жыл.

Кыргыз элинин каймактары: балетмейстер Уран Сарбагышев, опера ырчысы Мариям Махмутова, маданият министри Күлүйпа Кондучалова, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жана атактуу советтик композитор Тихон Хренников. Москва шаары, 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/17

Кыргыз элинин каймактары: балетмейстер Уран Сарбагышев, опера ырчысы Мариям Махмутова, маданият министри Күлүйпа Кондучалова, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жана атактуу советтик композитор Тихон Хренников. Москва шаары, 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Көрүүчүлөрдүн алдына чыккан эл аспаптар оркестри менен комузчулар ансамбли

Көрүүчүлөрдүн алдына чыккан эл аспаптар оркестри менен комузчулар ансамбли - Sputnik Кыргызстан
6/17

Көрүүчүлөрдүн алдына чыккан эл аспаптар оркестри менен комузчулар ансамбли

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Декаданын алкагында коюлган спектакль, балет, концерттерге көрүүчүлөр арбын келген

Декаданын алкагында коюлган спектакль, балет, концерттерге көрүүчүлөр арбын келген - Sputnik Кыргызстан
7/17

Декаданын алкагында коюлган спектакль, балет, концерттерге көрүүчүлөр арбын келген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Декадага даярданып Фрунзе шаарында репетиция кылган артисттер

Декадага даярданып Фрунзе шаарында репетиция кылган артисттер - Sputnik Кыргызстан
8/17

Декадага даярданып Фрунзе шаарында репетиция кылган артисттер

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Москванын четиндеги Яхрома шаарына концерт койгону барган кыргыз жаштары

Москванын четиндеги Яхрома шаарына концерт койгону барган кыргыз жаштары - Sputnik Кыргызстан
9/17

Москванын четиндеги Яхрома шаарына концерт койгону барган кыргыз жаштары

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Солдон оңду көздөй СССРдин эл артисттери: Сайра Кийизбаева, Ашыраалы Боталиев, Бакен Кыдыкеева

Солдон оңду көздөй СССРдин эл артисттери: Сайра Кийизбаева, Ашыраалы Боталиев, Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан
10/17

Солдон оңду көздөй СССРдин эл артисттери: Сайра Кийизбаева, Ашыраалы Боталиев, Бакен Кыдыкеева

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын Борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын Борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/17

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын Борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Москва шаарындагы ипподромдо ат чаптырган кыргыздын кыз-келиндери. Декаданын программасында ат оюндары да бар болчу.

Москва шаарындагы ипподромдо ат чаптырган кыргыздын кыз-келиндери. Декаданын программасында ат оюндары да бар болчу. - Sputnik Кыргызстан
12/17

Москва шаарындагы ипподромдо ат чаптырган кыргыздын кыз-келиндери. Декаданын программасында ат оюндары да бар болчу.

© Фото / из семейного архива Орозовых

Солдон оңду карай: бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев. Декададагы дагы бир кызыктуу сүрөт.

Солдон оңду карай: бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев. Декададагы дагы бир кызыктуу сүрөт. - Sputnik Кыргызстан
13/17

Солдон оңду карай: бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев. Декададагы дагы бир кызыктуу сүрөт.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Декада катышуучулары маданий мекемелерден сырткары завод-фабрика, колхоз-совхоздорго чейин концерт коюп барган

Декада катышуучулары маданий мекемелерден сырткары завод-фабрика, колхоз-совхоздорго чейин концерт коюп барган - Sputnik Кыргызстан
14/17

Декада катышуучулары маданий мекемелерден сырткары завод-фабрика, колхоз-совхоздорго чейин концерт коюп барган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Экинчи декаданын катышуучулары. Солдон оңду көздөй: Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл.

Экинчи декаданын катышуучулары. Солдон оңду көздөй: Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
15/17

Экинчи декаданын катышуучулары. Солдон оңду көздөй: Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, так ортодо турган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, так ортодо турган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов - Sputnik Кыргызстан
16/17

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, так ортодо турган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Москвадан сыйлык алып келген төкмө акын Молдобасан Мусулманкулов жана оң жакта турган жаш композитор Калый Молдобасанов

Москвадан сыйлык алып келген төкмө акын Молдобасан Мусулманкулов жана оң жакта турган жаш композитор Калый Молдобасанов - Sputnik Кыргызстан
17/17

Москвадан сыйлык алып келген төкмө акын Молдобасан Мусулманкулов жана оң жакта турган жаш композитор Калый Молдобасанов

Тема боюнча:
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Берекелүү күздөгү эмгек. Мээнеткеч элеттиктердин эски сүрөттөрү
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0