Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан да кезинде жүздөгөн ишкана иштетип, продукциясын алыскы мамлекеттерге чейин экспорттоого жетишкен. Sputnik агенттиги ата мекендик өндүрүштүн... 16.09.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин аймагына өнөр жайы согуштан кийинки жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, 1966-жылдан 1985-жылга чейин эле 150дөн ашык ишкана ишке кирген. Ал завод-фабрикалардан кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кир жуучу машина, балдар оюнчуктары, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторунан баштап автосамосвал, электр кыймылдаткыч, радиаторлордун түрү чыккан. Советтик Кыргызстандын өнөр жайы 130дан ашык тармактан туруп, 4000ден ашык аталыштагы товарларды сунуштаган. Өлкө аймагынан чыккан айрым продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжир өңдүү ондогон өлкөлөргө экспорттолгон.По теме:
Кыргызстан да кезинде жүздөгөн ишкана иштетип, продукциясын алыскы мамлекеттерге чейин экспорттоого жетишкен. Sputnik агенттиги ата мекендик өндүрүштүн архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Кыргыз ССРинин аймагына өнөр жайы согуштан кийинки жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, 1966-жылдан 1985-жылга чейин эле 150дөн ашык ишкана ишке кирген. Ал завод-фабрикалардан кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кир жуучу машина, балдар оюнчуктары, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторунан баштап автосамосвал, электр кыймылдаткыч, радиаторлордун түрү чыккан. Советтик Кыргызстандын өнөр жайы 130дан ашык тармактан туруп, 4000ден ашык аталыштагы товарларды сунуштаган. Өлкө аймагынан чыккан айрым продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжир өңдүү ондогон өлкөлөргө экспорттолгон.
Ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Сүрөттө ата мекендик илимпоздор иштеп чыккан көп функциялуу "Аскатеш" бургулоо агрегаты.