Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Мындан 50 жыл мурун КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын көрүүчүлөргө тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган... 08.10.2023, Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде 1972-жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын камерага түшүрүп, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеген артисттер: Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева ж.б. катышкан.Ал эми Марлес Туратбеков оператору, Төлөгөн Сыдыков экинчи режиссеру болуп, тасма Ош облусунда эки-үч айда тартылып бүткөн.Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган кинокартина кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган.Тема боюнча:
Мындан 50 жыл мурун КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын көрүүчүлөргө тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде 1972-жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын камерага түшүрүп, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеген артисттер: Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева ж.б. катышкан.
Ал эми Марлес Туратбеков оператору, Төлөгөн Сыдыков экинчи режиссеру болуп, тасма Ош облусунда эки-үч айда тартылып бүткөн.
Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган кинокартина кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган.
Элеттик кыз-келиндердин ролун аткарган сулуулар. Камеранын берки четинде отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров жана алардын артында турган КРдин эл артисти Чоро Думанаев. Ош облусунун Ноокат району, 1972-жыл.