Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн СССРдин эл артисти, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 100 жылдыгы белгиленип жаткан сахна жылдызынын сүрөттө... 20.10.2023, Sputnik Кыргызстан
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка жакын өспүрүм 13 жашында борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театрында сахнага чыгып, кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында башкы ролду аткарган.Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты андан соң Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда иштеп, Кыргыз драма театрында узак жыл эмгектенип, сахнада, кинодо жүздөгөн образ жараткан. СССРдин эл артисти 30 жыл мурун 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.Тема боюнча:
Бүгүн СССРдин эл артисти, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 100 жылдыгы белгиленип жаткан сахна жылдызынын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка жакын өспүрүм 13 жашында борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театрында сахнага чыгып, кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында башкы ролду аткарган.
Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты андан соң Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда иштеп, Кыргыз драма театрында узак жыл эмгектенип, сахнада, кинодо жүздөгөн образ жараткан. СССРдин эл артисти 30 жыл мурун 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.
Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында коюлган "Анна Каренина" спектаклинде образ жараткан Бакен Кыдыкеева менен Алмасбек Усупбеков. Фрунзе шаары, 1960-жыл
Таланттуу актриса театрдан сырткары киночулар менен да кызматташып, бир топ тасмаларда роль аткарган. Сүрөттө ал Үсөнжан Ибрагимовдун "Айсулуунун талаасы" тасмасында
Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү тестиер бала кийин кино өнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн