Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?
20:09 24.10.2023 (Жаңыртылды: 09:24 25.10.2023)
© Sputnik / Илья Наймушин
/ Жазылуу
Кыргызстандагы айыл чарба тармагын кантип өнүктүрүүгө болот? Өлкөнүн локомотиви дегенибиз менен бул тармакта экономикалык секирик жасай турган алгылыктуу реформалар жүрбөй келет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду.
— Кытай, Россия, Индонезия өлкөлөрүндө айыл чарба тармагы жакшы жолго коюлган. Калкынын саны көп Кытай өзүн камсыздагандан тышкары экспортко да продукциясын ири көлөмдө чыгарып жатат. Биз өзүбүздү камсыздай албай жатабыз...
— Айыл чарбасы Кыргызстанда эң негизги багыттардын бири, бирок кемчиликтерибиз бар. Анткени потенциалын ача элекпиз. Калктын 65 пайызы дыйканчылык менен алектенет. Бул көрсөткүч өкмөттү стратегиялык жактан адаштырып жаткандай. Анткени Айыл чарба министрлигинин алдында экономикалык жактан реалдуу так максат жок. Элди жумуш менен камсыздандыруу маанилүүбү же тармактын эффективдүүлүгүн жогорулатуубу? Ушуну ажыратуу керек. Бул — эки башка маселе. Өлкөнүн дыйканчылык сектору майда чарбаларга бөлүнүп кеткен. Фермаларыбыз да өтө чакан. Мындай кемчиликтер артта калганыбыздан кабар берет. Анткени өнүккөн өлкөлөр XIX кылымдын башы, ХХ кылымдын аягында ушундай көрсөткүчтөр менен иштечү. Ири агрокорпорациялар жокко эсе. Азыр чарба жүргүзүүнүн экстенсивдүү жана интенсивдүү ыкмалары бар. Экстенсивдүү методдо жерди максималдуу түрдө колдонуу керек. Ал эми интенсивдүү метод — кичинекей жерден көп түшүм алууну максат кылат. Бул жаатта да көп көйгөйлөр бар. Жакында эле интернеттен Караколдун талаасында жайнап жаткан картошканын баасы 10 сомдон деп турганын көрдүк. Алган киши жок. Буга чейин сүттү төккөн учурлар болгон. Айыл чарба министрлигинин эң чоң кемчилиги — баарын алдын ала координациялай албаганында.
— Министрликтин туура багыт бере албай жатканынын себеби эмнеде?
— Себептери көп. Экономикалык жактан да бир топ көйгөйлөр бар. Керек болсо айыл чарбасына байланышпаган экономикалык маселелер кездешет. Кеп дыйкандарда же алардын түшүмдү сата албаганында эмес. Министрликтин уюштуруу иши начар. Бир топ экономикалык катачылыктар кеткен. Мен да буга бир-эки сунуш айткам, бирок "бизге туура келбеген теория экен" деп баш тартып коюшкан. Теорияны да тажрыйба менен айкалыштырып алса болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында тажрыйбалар көп. Анткени баарында экономикалык өнүгүү айыл чарбасынан башталган.
Майда-чүйдө агрокорпорациялар эмес, бизге ири корпорациялар керек. Кыргыздар бул жагынан ар кимибиз өз көмөчүбүзгө күл тартып, бириге албай жатабыз. Кооператив түзүүдө көйгөйлөр көп. Бизде азыр үрөн өстүргөн кооператив аябай жакшы иштеп жатат. Аларга Япониянын JICA уюму көп жардам берип, керек болсо чет жактарда окутуп, тажырыйба топтоого көмөктөшүүдө.
Батышта эт, сүт, үрөн багытындагы ири корпорациялар узак мөөнөткө пландарды коюп, түшүмдүүлүктү арттыруунун үстүндө гана иштешет. Чечим чыгаруучу бир эле борбору бар, ошонун айланасында саясат жүргүзөт. Мындай жол менен иштөө жемиштүү болот.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкономист Улукман Мамытов: Өлкөнүн дыйканчылык сектору майда чарбаларга бөлүнүп кеткен. Фермаларыбыз да өтө чакан. Мындай кемчиликтер артта калганыбыздан кабар берет.
Экономист Улукман Мамытов: Өлкөнүн дыйканчылык сектору майда чарбаларга бөлүнүп кеткен. Фермаларыбыз да өтө чакан. Мындай кемчиликтер артта калганыбыздан кабар берет.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
Майда чарбанын бир гана жакшы жагы — эл өз жанын багып жатат. Мамлекеттик экономиканы чоң-чоң капиталисттер күчтөндүрөт. Экспортко продукциясын жөнөтөт. Ал эми майда фермерлер экспорт менен иштөөдө сапатты жогорулатып, инвестиция тартып, документациясын толтурурууда алсыз. Өндүрүштүн көлөмү аз. Майда чарбалар дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере албайт. Себеби чоң корпорациялар акчасы көп болгондуктан жер семирткич, жаңы технология, механизация, бренд, сапатты кароо жаатында эртеңкисине да инвестиция салып коёт. Мына, казактар эле "сапаты жакшы эмес", "документи туура келбейт" деген шылтоо менен биздин өндүрүштү экспортко өткөрбөй жатат. Ал эми майда-чүйдө фермерлер мындай эл аралык тоскоолдуктарды чече албайт. Эгер корпорацияларды ирилештирсек ушул көйгөйлөр чечилмек. Анткени анда күчтүү маркетинг менен бирге мыкты юристтер иштейт.
Бирок капитализмдин бир жаман жери — көпчүлүк жумушсуз калат. Жердин баарын ээлеп алгандар абдан байыйт, экинчилери жардыланып кете берет. Ошол себептен Батыштын бул моделин 100 пайыз көчүрүп алууга болбойт. Жакшы жерлерин гана алуу керек.
— Кандайдыр бир жолу барбы?
— Мунун үчүнчү модели бар. Япондор жогорудагы эки моделди бириктирип мыкты саясат түзүшкөн. Алар "окуучу жана мугалим" деген стратегиялык программа боюнча иш алып барышууда. Анда чоң корпорациялар чакан кооперативдер менен түз иштешет. Ири корпорациялар сапатты карайт, брендин өстүрөт, лаборатория курат. Ал эми дыйкандар маркетинг, жер семирткичтер менен башын оорутпайт, болгону түшүм алып беришет. Алар көп жылдан бери ушул схема менен иштешкендиктен бири-бирине байланып калган. Ортодо чоң ишеним бар. Эл да утуп жатат. Анткени түшүмүн, сүт, эт азыгын чоң корпорацияларга өткөрүшөт да, акчасын алышат.
Ал эми чоң корпорациялар алдыңкы адистерди тандап алып маркетинг, уюштуруу, документациялык иштерин мыкты жүргүзөт. Эгер бажы продукцияларын өткөрбөсө, юристтери дароо эле сотко беришет. Анткени документтеринин баары туура, продукциясы сапатка жооп берет. Ушул жагынан алганда сырткы саясат эмес, ички ишибизде да бир топ кемчиликтер бар. Уюштуруу маселесин жолго коюу керек. Айыл чарба министрлигинин 9 продукцияны өндүрүп, экспорттук потенциалды көтөрүү планы бар. Ал кластерлерди туура түзсө көрсөткүч жогору болмок. Азыр бизде кандай? Мисалы, мамлекет Айыл чарба министрлигине кластерлер үчүн бир миллиард сом бөлүп берсе, банктар түшкөн арыздарга карап эле акчаны таратып берип коюшат. Демек, "Айыл банк" бул багытта саясат жүргүзө албайт. Натыйжада отчётко айыл чарбасына бир миллиард сом бөлүнүп берилгенин көрсөтүп коюшат. Туурабы же туура эмес бериштиби, эч кимдин иши жок. Акырында минтип дыйкан картошкасын 10 сомдон сата албай отурат.
— Өндүрүштү кантип көтөрөбүз?
— Бул абдан чоң иш. Кээде Россияга ири көлөмдөгү өндүрүш керек болот. Биздин чакан кооперативдер анчалык өндүрө албайт. Ошол себептен өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу керек. Дыйкандар жерге инвестиция салышы үчүн каражатты атайын долбоор менен бериши зарыл. Америка пахтанын түшүмүн дыйкандарга кошумча субсидия берүү менен көтөргөн. Мисалы, пахтанын килограммы 9 цент болсо, анын үстүнө дагы 10 цент кошуп сатып алышкан. Муну көргөн дыйкандар банктан насыя алып, ага жер сатып алып пахтанын көлөмүн көбөйтүшкөн. Япония дүйнөлүк тажырыйбаны өз чөйрөсүнө ылайыкташтырып пайдаланышкан. Индустриялык өнүгүү министрлиги кеме салып, машина куруп, компьютер чыгаруу жагынан стратегиялык тармактарды өнүктүрүүгө стимул бере башташкан. Өнүгүү банктары аркылуу каражат бөлүп Sony, Toshiba, Toyota өңдүү жеке корпорацияларды өстүрүшкөн. Бул компаниялар алгач кирешени ойлобой бизнести кеңейтүүнү максат кылып отуруп, америкалык корпорациялар атаандашып чоң-чоң корпорацияларды негиздешти. Анан Түштүк Корея буларды туурап Hyundai, Daewoo, LG өңдүү корпорацияларды чыгарды. Түштүк Кореянын ошол кездеги жетекчиси Пак Чонхи диктатор болгонуна карабай жеке ишканаларды өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Батыштын олигархтарындай акча тапса эле сыртка чыгарып кетпей, Чыгыштыкы кайра мамлекетке салышкан. Ушундай саясат жүргүзүшкөн. Ал эми Батыштын ири бизнесмендери тапкан акчасын Лондонго же дагы башка оффшорлорго чыгарып кетишет. Япон, корей жана кытайлар өтө улутчул болот экен, акчасын өлкөдөн чыгарбайт. Себеби идеологиясы туура. Айыл чарбада бизге да ушундай чоң корпорациялар керек.
— Айыл чарбасын өнүктүрүүдө бардыгын эле алып чыга бербей кайсы бир продукцияга басым жасоо керек окшойт...
— Бул айыл чарбасынын эмес, жалпы экономиканын маселеси. Мисалы, алчанын (кокон гилас) килограммы убагында 200 сомго чейин көтөрүлгөндүктөн дыйкандар муну көп өстүрө баштады. Бул жакшы. Себеби 10 сомдон картошка саткан жакшыбы же 200 сомдон кокон гиласпы? Башка мамлекеттер да кайсы бир өсүмдүктүн түрүн өзүнө стратегия катары алышкан. Демек, айыл чарбасында эмнени өстүрсө көбүрөөк киреше кирерин ойлонуп, дыйканчылык кылуу керек. Мисалы, картошкадан чипсы жасап сатса болот. Мындан тышкары, биотехнология жолу менен картошканын крахмалынан кашык, бир жолу колдонулуучу идиштерди да жасап жатышат. Бразилия менен Аргентинанын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү укмуш. Аба ырайы менен жер кыртышы да жакшы. Ошону менен бирге биотехнологияны колдонушат. Калкынын саны 10 эсе өссө да өздөрүн камсыздай ала турган деңгээлде. Биз да биотехнологияны өздөштүрүшүбүз керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Улукман Мамытов: Мамлекетте малын саткан миңдеген дыйкан болсо, алардын баарына саясат жүргүзө албайбыз. Ал эми мамлекетте 20дай чоң корпорация болсо, алар менен иштешиш оңой.
Экономист Улукман Мамытов: Мамлекетте малын саткан миңдеген дыйкан болсо, алардын баарына саясат жүргүзө албайбыз. Ал эми мамлекетте 20дай чоң корпорация болсо, алар менен иштешиш оңой.
— ЕАЭБ алкагында кайрак жерге өскөн мөмө-жемишти бренд катары алып чыксак кандай болот? Жакында эле эл аралык жыйында Темир Сариев Россия менен биргеликте корпорация түзүү планын айтты эле...
— Бул абдан туура стратегия. Чынында эле корпорациялар бизге жетишпей жатат. Ошол эле форель балыгыбызды Россияга алып баруу үчүн россиялык корпорация менен кызматташсак болмок. Бажыдан өткөрбөй жаткан Казакстан менен корпорация түзүп, экспортко чыгуу жолун карайлы. Себеби өстүргөндөн да аны сатуу өзүнчө чоң маселе жаратууда. Эттин сапатын мактап экспортко сурагандар бар. Бирок мындан эки жыл мурун Өзбекстанга ири көлөмдө эт экспорттоп, өлкө ичинде таңсыктык жаралып баалар дароо өсүп кетти. Ушул жагын да эске алуу кажет.
— Бизде малдын туягы көп, бирок эт кымбат. Ортодо кирешени алып-сатарлар эле көрүп жаткандай...
— Мамлекетте малын саткан миңдеген дыйкан болсо, алардын баарына саясат жүргүзө албайбыз. Ал эми мамлекетте 20дай чоң корпорация болсо, алар менен иштешиш оңой. Анткени статистиканы да билишет, баары стандартташтырылган. Аларды чакырып "баланчадай саясат кылабыз" деп макулдашууга да оңой болот. Ошондо баа көзөмөлдөнөт. Ири корпорациялар менен иштегенде гана баалар турукташат. Сапат маселеси да чечилет. Айыл чарбасында өндүрүш менен сатууну эле кеп кыла беребиз. Бирок абдан маанилүү болгон логистиканы унутуп калабыз. Ошол себептен эмгек дыйкандын мойнунда, бирок кирешенин көбү ортодогу алып сатарлардын колунда калат. Андыктан логистиканы чечпесек эч бир тармак өнүкпөйт.