"Мен өлтүргөн эмесмин". Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев көрсөтмө берди

© Sputnik / Антон Буценко / Медиабанкка өтүүШектүү сот отурумунда
Шектүү сот отурумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Айыпкер киши колдуу болгон аял тууралуу үй-бүлөсү билбегенин, анткени ал көп кишиге жардам берип келгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Аялды эки баласына кошуп өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев бүгүн сотто көрсөтмө берип, көп нерсе эсинде жок экенин билдирди.
Эскерте кетсек, үрөй учурган каргаша үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде болгон. Анда 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.
Айыпкер үй-бүлөгө жардам берип келгенин, маркум аял экөөнүн ортосунда эч кандай жакын мамиле болбогонун айтты.
"Ошол күнү саат 23.00дөрдө үйүнө бардым. Ага чейин ичимдик ичиптир. Вино алып чыкты. Балдарын урушуп жатты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр. Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып жатты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде", — деди Аширалиев.
Ал коркконунан милиция чакырбай кетип калганын билдирди.
"Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр. Алтынайды мен, балким, Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан. Балдарды Алтынай эже өлтүрүшү мүмкүн... Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом. Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, кудай турат деп жаттым. Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан, кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу", — деди Аширалиев.
Айыпталуучу аялдан акча, батир алды деген кептердин баары жалган экенин белгиледи. Анын айтымында, тескерисинче, маркум ага 30 миң доллардай карыз эле.
Аширалиев киши колдуу болгон аял тууралуу үй-бүлөсү билбегенин, анткени ал көп кишиге жардам берип келгенин кошумчалады.
Кылмыш кандайча жасалганы тууралуу прокурордун айткандарын толук окуп алсаңыз болот.
Кийинки отурум 27-октябрда өтөт.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Үч адамдын өлүмү: маркум күйөөсүнө үй, биринчи аялына унаа алып берген дешти
Жаңылыктар түрмөгү
0