Аялы билип калбасын деген... Бишкекте эне-балдардын өлтүрүлүшүнүн чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКолдорунда кармап турган бычак Иллюстративдик сүрөт
Колдорунда кармап турган бычак Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучунун мамилеси маркум аял менен 2012-жылы башталып, эки жылдан кийин балалуу болушкан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев ойношу тууралуу мыйзамдуу аялы билип калбасын деп кылмышка барган. Бул туурасында прокурордун айыптоо актында айтылды.
Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда аталган иш боюнча сот процесси башталды. Анда прокурор айыптоо актын окуп, соттолуучу жасаган кылмыштын чоо-жайын айтты.
Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, Аширалиев маркум К.А. менен 2010-жылы ал банкта иштеп жүргөн учурда таанышкан. Бирок алардын мамилеси 2012-жылдан тарта башталган, экөө Ысык-Көлдө эс алып жүрүп кокусунан жолугуп калып, телефон номерлерин алышкан. Аширалиев андан карызга акча алып турчу, ошентип ортолорунда жылуу мамиле пайда болгон. Соттолуучу үй-бүлөсү бар экенине карабай К.А. менен жашыруун түрдө жашап жүргөн.
Аял 2014-жылы Аширалиевден уул төрөп, мындан ары жардам жана колдоо көрсөтүп, анын ичинде акча да берип турушун талап кылган. Ошондой эле ал мамилелери тууралуу аялына айтам деп тынбай шантаж кылып келген. Айыпталуучу өзүнөн улуу аял менен жашап алганына уялып жана үй-бүлөсү бузуларынан корккон.
Прокурордун версиясы боюнча, аялдын тынымсыз шантаж кыла бериши жаңжалдын чыгышын шарттап, андан тутанган "жалын" трагедияга айланган.
15-февралда К.А. Аширалиевге чалып, кайрадан аялына баарын айтып берем деп коркутуп чыккан. Анан ал аны өлтүрүүгө барган. Түнгө чукул соттолуучу аялдын үйүнө келип, балдары келишин күтүп отурган. Аялдын кызы 18 жашта, экөөнүн ортосундагы уулу 9 жашта болгон. Экөөнүн мамилесин алар да билгендиктен баарынын көзүн тазалоону чечкен.
Түн кирип балдар өз бөлмөлөрүнө кеткенден кийин аялды таяк менен башка чапкылап, андан соң тогуз жолу бычак урган. Кызы жаткан бөлмөгө кирип ага бычак сайып, муунтуп салган. Кыздын жаны чыкты деп ойлоп, уктап жаткан өзүнүн уулуна барган. Аны жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн.
Ошол маалда кыз ордунан туруп терезеден секирип кеткен. Аширалиев түшүп аны көтөрүп батирге алып чыгып баратып тепкичтен видеобайкоону көргөн. Изин жашыруу үчүн камераны талкалоого аракет кылып, бирок ишке ашкан эмес.
Андан кийин Аширалиев ваннага суу куюп кызды салып койгон. Муну менен ал кылмышты башкага оодаргысы келген. "К.А. ичип алып кызы менен урушуп кетип, ал апасын өлтүрүп алып, андан соң өзүнүн жанын кыйган" деп өзүнчө сценарий түзгөн. Анүчүн ал бир бөтөлкө арак сатып келип, дагы кошумча жараат пайда кылып, бычакты кыздын сөөгүнүн жанына таштап койгон.
Ошондой эле прокурор шектүү издеринин баарын жок кылууга аракет кылганын айтты. Колдорунун манжа издерин сүрүп, кийимдерин жоготуп, машинасы менен кетип калган.
Ал эми соттолуучу Чынтемир Аширалиев күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.
Андан соң күбөлөр суралып, маркум аялдын апасы менен эжесине кезек келген. Сот процесси орус тилинде өтүп жаткандыктан алар кыргыз тилинде сүйлөй турганын айтышты. Мындан улам судья котормочу кийинки отурумга келерин айтып 26-июлга жылдырды.
Айыпталуучу Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция факультетин, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик башкаруу жана саясат факультетин аяктаган.
УКМКнын 9-кызматында (Мамлекеттик күзөт кызматы) эмгектенип пенсияга чыккан. 2005-2021-жылдар аралыгында жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарга чейин жеткен. Аскердик наамы — майор. Жогорку Кеңештин имаратын кайтарып иштегени да айтылды.
2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткен округу боюнча талапкерлигин койгон.
Кримтөбөл Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Буюртма аткарып 29 жаштагы жигитти өлтүргөн. Кримтөбөл Карышкыр 14 жылга кесилди
Жаңылыктар түрмөгү
0