РКӨФ быйыл Кыргызстандын экономикасына 99 млн. доллар инвестиция салды

© Фото / пресс-служба РКФРРКӨФтүн жана Кыргызстандын желектери. Архив
РКӨФтүн жана Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Курманбеков РКӨФ долбоорлорду каржылоо ыкмаларын өзгөртүп, акырындык менен өлкө экономикасында өз ордун таба баштаганын белгилеген.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып, фонд быйылкы жылы Кыргызстандын экономикасына канча каражат бөлгөнүн айтты.
"2023-жылдын ушул айына чейин фонд 105 миллион долларга 27 долбоорду каржылаган. Бирок Кыргызстандын экономикасына салынган каражат тууралуу айта турган болсок, бул жылы ал сумма 99 миллионго жеткен", — деген Курманбеков.
Ал РКӨФ долбоорлорду каржылоо ыкмаларын өзгөртүп, акырындык менен өлкө экономикасында өз ордун таба баштаганын белгилеген.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Радио
Курманбеков: РКӨФ 1000дей жумуш орду түзүлө турган үч долбоорду каржылоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0