https://sputnik.kg/20231007/kok-boru-menen-kara-zhorgo-bijinin-taryhy-1079214581.html
Ниязов: көк бөрү оюну менен кара жорго бийинин тарыхы бир уламышта айтылат
Ниязов: көк бөрү оюну менен кара жорго бийинин тарыхы бир уламышта айтылат
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязов улуттук оюндун "көк бөрү" деп аталышы да, "улак" деп аталышы да бир эле уламышта айтыларын белгиледи. 07.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-07T17:05+0600
2023-10-07T17:05+0600
2025-10-20T11:48+0600
уламыш
көк бөрү
кара жорго бийи
улак
радио
кыргызстан
келдибек ниязов
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1b/1052628480_0:179:3067:1904_1920x0_80_0_0_a80959a55faf7e88509b0d92a66ba659.jpg
Ниязов: көк бөрү оюну менен кара жорго бийинин тарыхы бир уламышта айтылат
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязов улуттук оюндун "көк бөрү" деп аталышы да, "улак" деп аталышы да бир эле уламышта айтыларын белгиледи.
Көк бөрү оюнунун аталышы боюнча эл оозунда уламыш бар. Ошол эле жерде кара жорго бийинин келип чыгуу тарыхы да сүрөттөлөт. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын пикиринде, уламыштын окуясында көк бөрү, улак оюнунун жаралуу тарыхы бир.Ал уламыштагы эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон кара жоргодон улам анын жорголошу бийге айланып калк арасына сиңип кеткенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1b/1052628480_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_8e0157de0cd3cbba0c213f4911d2ab62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
уламыш, көк бөрү, кара жорго бийи, улак, аудио, кыргызстан, келдибек ниязов
уламыш, көк бөрү, кара жорго бийи, улак, аудио, кыргызстан, келдибек ниязов
Ниязов: көк бөрү оюну менен кара жорго бийинин тарыхы бир уламышта айтылат
17:05 07.10.2023 (Жаңыртылды: 11:48 20.10.2025) Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязов улуттук оюндун "көк бөрү" деп аталышы да, "улак" деп аталышы да бир эле уламышта айтыларын белгиледи.
Көк бөрү оюнунун аталышы боюнча эл оозунда уламыш бар. Ошол эле жерде кара жорго бийинин келип чыгуу тарыхы да сүрөттөлөт. Бул тууралуу Келдибек Ниязов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын пикиринде, уламыштын окуясында көк бөрү, улак оюнунун жаралуу тарыхы бир.
"Эл оозунда айтылып жүргөн уламыштар жашоодогу ар кайсы учурлардын жаралуу тарыхын баяндайт эмеспи. Көк бөрү, улак оюну тууралуу да ушундай эле уламыш бар. Ал тургай анда кара жорго бийи да сүрөттөлөт. Легенда боюнча өткөн бир замандарда зулум бай болот. Анын жер жайнаган койлору болуп, чымкый кара жоргосу чабандарга жардамдашып, койлорду кайырчу экен. Бул учурда бай баш болуп элдин баары тамаша чегип карап турушчу деп айтылат. Бир күнү ошол кара жоргосун карышкыр жара тартып кетет. Буга катуу ачууланган бай жигиттерди жиберип айланасында карышкыр калбай калганча карматып келет. Бардык колго түшкөн көк кашабаларды тирүүлөй ары-бери тарттырып оюн курат. Карышкыр калбай калганда ачуусу тарай элек бай улакты тарттырат. Ошондон кийин гана кычуусу канып басып кетет. Эл оозунда "баягы көк бөрүлөрдү кырган жылы" деп айтылып калат. Ошондон кийин той-аштарда ал бай улак тарттырып тамаша куруп чер жазчу болот. Карышкыр калбай калганча ачуусу тарабай оюн курган зулум бай деп, эл оюндун атын бирде "көк бөрү" деп атаса, кээде "улак" деп калышат", — деди Ниязов.
Ал уламыштагы эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон кара жоргодон улам анын жорголошу бийге айланып калк арасына сиңип кеткенин кошумчалады.