https://sputnik.kg/20230914/koomduk-transporttogu-chontokchulor-karmaldy-1078596415.html
Коомдук транспортто "иштеп" далайды куруткан чөнтөкчүлөр кармалды. Сүрөт
Коомдук транспортто "иштеп" далайды куруткан чөнтөкчүлөр кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Топтун ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар. 14.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-14T10:42+0600
2023-09-14T10:42+0600
2023-09-14T10:42+0600
кыргызстан
кылмыш
окуя
чөнтөкчү
уурулук
акча
маршрутка
милиция
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0e/1078596117_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_f6b8078f768b01cc66a4f8074baa725d.jpg
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада коомдук транспортто көптөн бери чөнтөк уурулугу менен алектенген деп үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.Милициянын маалыматында тартип сакчыларына шаар тургуну кайрылганы айтылат. Аял 11-сентябрь күнү "Кудайберген" базары жакта маршруткада баратып, 43 миң сом салынган капчыгын уурдаткан. Бул факт боюнча Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси боюнча иш козголгон.Ыкчам аракеттердин натыйжасында ШИИБ кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшкөн. Териштире келгенде алар 28, 29 жаштагы кишилер жана 14 жаштагы өспүрүм экени аныкталды. Кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми өспүрүм бала Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди.Учурда шектүүлөрүдүн башка кылмыштарга тиешелүүлүгү тастыкталганы белгиленди. Тергөө уланууда.Милиция чөнтөкчүлөрдөн жабыркагандар болсо 0(706) 102-102 и 0(707) 75-75-51 же 102 телефондору аркылуу байланышууга чакырат.
https://sputnik.kg/20230908/batir-shyluun-aldamchy-akcha-kylmysh-miliciya-1078418692.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0e/1078596117_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_d5f5153778d1264a07403161a7144cd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кылмыш, окуя, чөнтөкчү, уурулук, акча, маршрутка, милиция
кыргызстан, кылмыш, окуя, чөнтөкчү, уурулук, акча, маршрутка, милиция
Коомдук транспортто "иштеп" далайды куруткан чөнтөкчүлөр кармалды. Сүрөт
Топтун ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада коомдук транспортто көптөн бери чөнтөк уурулугу менен алектенген деп үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Милициянын маалыматында тартип сакчыларына шаар тургуну кайрылганы айтылат. Аял 11-сентябрь күнү "Кудайберген" базары жакта маршруткада баратып, 43 миң сом салынган капчыгын уурдаткан. Бул факт боюнча Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси боюнча иш козголгон.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында ШИИБ кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшкөн. Териштире келгенде алар 28, 29 жаштагы кишилер жана 14 жаштагы өспүрүм экени аныкталды. Кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми өспүрүм бала Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди.
"Тергөө учурунда аталган топ атайы түзүлгөн схема менен иштегени ачыкталды. Шектүүлөр алгач Lexus IS200 автоунаасы менен маршруткалардын артынан жүрүп отуруп, бир аздан соң жүргүнчү катары ага түшкөн. Андан соң уурулук кылышкан. Тинтүү учурунда машинадан 18 уюлдук телефон, 19 миң 400 сом, үч бычак, үч паспорт, банк карталары, соода маркеттеринин карталары, сим-карталар, мини флеш-карталар, пневматикалык тапанчанын желим октору табылган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрүдүн башка кылмыштарга тиешелүүлүгү тастыкталганы белгиленди. Тергөө уланууда.
Милиция чөнтөкчүлөрдөн жабыркагандар болсо 0(706) 102-102 и 0(707) 75-75-51 же 102 телефондору аркылуу байланышууга чакырат.