https://sputnik.kg/20230913/bajsalov-deputattardan-kechirim-surady-1078568194.html
Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты
Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт мүчөсү буга чейин парламенттин ишине нааразы болгон. Эл өкүлдөрү аны кызматынан алуу сунушун киргизүүгө жетишкен. 13.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-13T11:34+0600
2023-09-13T11:34+0600
2023-09-13T11:35+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
эдил байсалов
кечирим
сын
талкуу
нурланбек шакиев
https://sputnik.kg/img/07e6/01/13/1061356665_294:537:2981:2048_1920x0_80_0_0_7e1a0ccef015cf54514d0f6e99e53269.jpg
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин дарегине айтылган сын сөзү үчүн трибунадан кечирим сурады.Өкмөт мүчөсү менен депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик анын парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы сөзүнөн кийин башталган. Байсалов "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган болчу. Мындан кийин Жогорку Кеңеш президентке Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөткөн. Байсалов өз сөзүндө басып өткөн жолунда дайыма элдик бийликти, демократияны колдоп келгенин айтты.Андан соң ЖК төрагасы Нурлан Шакиев Байсаловдун маселеси президент, министрлер кабинетинин төрагасы, вице-спикерлер жана алты фракциянын лидерлери менен болгон жолугушууда каралганын айтты. “Президент Садыр Жапаров Эдил Байсаловду парламенттен расмий кечирим сурап, мындан ары мындай каталарга жол бербей турганын белгиледи. Акыркы эскертүү деди. Байсаловго акыркы эскертүү, эгерде дагы парламенттин дарегине шек келтире турган, орунсуз сөздөр болсо, анда кескин чарага барабыз”, — деди Шакиев. Анткен менен депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов баштаган бир топ эл өкүлдөрү мындай чечимге нааразы экенин белгилешти. Нарматова Байсалов караган социалдык тармактын абалы азыр өтө начар абалда экенин айтып, бул багытты көзөмөлдөй турган башка киши жокпу деп суроо салды. Ал эми Атазов Байсалов элден кечирим сурашы керектигине токтолду.Аягында Шакиевдин сөзү менен талкуу токтоп, депутаттар өкмөт мүчөсүн кечиришти. Учурда парламент министр болчулардын талапкерлигин кароодо.
https://sputnik.kg/20230715/mamkatchy-kasmambetov-okmottuk-bashkaruu-tuuraluu-1077065621.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/13/1061356665_590:552:2585:2048_1920x0_80_0_0_0995dc46527cd22683b9b1499b12f121.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, эдил байсалов , кечирим, сын, талкуу, нурланбек шакиев
кыргызстан, жогорку кеңеш, эдил байсалов , кечирим, сын, талкуу, нурланбек шакиев
Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты
11:34 13.09.2023 (Жаңыртылды: 11:35 13.09.2023) Өкмөт мүчөсү буга чейин парламенттин ишине нааразы болгон. Эл өкүлдөрү аны кызматынан алуу сунушун киргизүүгө жетишкен.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин дарегине айтылган сын сөзү үчүн трибунадан кечирим сурады.
Өкмөт мүчөсү менен депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик анын парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы сөзүнөн кийин башталган. Байсалов "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган болчу. Мындан кийин Жогорку Кеңеш президентке Байсаловду
кызматынан бошотуу сунушун жөнөткөн.
Байсалов өз сөзүндө басып өткөн жолунда дайыма элдик бийликти, демократияны колдоп келгенин айтты.
"Дарегиме айтылган сынды кабыл алам. Жогорку Кеңештин конституциялык укуктары менен милдеттерине, эл шайлаган депутаттардын ыйгарым укуктарына жана макамына, жалпы эле мамлекетибиздеги элдик бийликке, демократияга шек келтирүүгө менин укугум да, ниетим да болгон эмес. Басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, ачык талкуу, демократия үчүн күрөшүп келгем. Ошондуктан кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөз айткан болсом расмий кечирим сурайм", — деди Байсалов.
Андан соң ЖК төрагасы Нурлан Шакиев Байсаловдун маселеси президент, министрлер кабинетинин төрагасы, вице-спикерлер жана алты фракциянын лидерлери менен болгон жолугушууда каралганын айтты.
“Президент Садыр Жапаров Эдил Байсаловду парламенттен расмий кечирим сурап, мындан ары мындай каталарга жол бербей турганын белгиледи. Акыркы эскертүү деди. Байсаловго акыркы эскертүү, эгерде дагы парламенттин дарегине шек келтире турган, орунсуз сөздөр болсо, анда кескин чарага барабыз”, — деди Шакиев.
Анткен менен депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов баштаган бир топ эл өкүлдөрү мындай чечимге нааразы экенин белгилешти. Нарматова Байсалов караган социалдык тармактын абалы азыр өтө начар абалда экенин айтып, бул багытты көзөмөлдөй турган башка киши жокпу деп суроо салды. Ал эми Атазов Байсалов элден кечирим сурашы керектигине токтолду.
Аягында Шакиевдин сөзү менен талкуу токтоп, депутаттар өкмөт мүчөсүн кечиришти. Учурда парламент министр болчулардын талапкерлигин кароодо.