Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашчу балбандар аныкталды. Тизме

© Фото / United World Wrestling / Kadir CГрек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудов. Архивдик сүрөт
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Сербияда 16-24-сентябрь күндөрү өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына бара турган улуттук курама команданын мүчөлөрү аныкталганын Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Биринчилик Сербиянын ордо калаасы Белградда өтөт. Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш болуп эсептелинет.
Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Алмаз Сманбеков — 57 кг;
Тайырбек Жумашбеков — 61 кг;
Икромжон Хаджимурадов — 65 кг;
Эрназар Акматалиев — 70 кг;
Арсалан Будажапов — 74 кг;
Анарбек Изабеков — 86 кг;
Айаал Лазарев — 125 кг.
18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбеков жетектейт.
Калмира Билимбек кызы — 57 кг;
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
Мээрим Жумуназарова — 68 кг;
Айпери Медет кызы — 76 кг;
Нурзат Нуртаева — 72 кг.
21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
Амантур Исмаилов — 67 кг;
Акжол Махмудов — 77 кг;
Азат Салидинов — 87 кг;
Бексултан Махмудов — 97 кг.
Ханчжоудагы Азия оюндарын өткөрө турган олимпиадалык спорт борборунун стадиону жана теннис борбору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
Жаңылыктар түрмөгү
0